БАЙЫРКЫ ИРРИГАЦИЯЛЫК КУРУЛМАЛАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙЫРКЫ ИРРИГАЦИЯЛЫК КУРУЛМАЛАР '''К ы р г ы з с т а н д а г ы. Кыргыз жергесинин тоо этектериндеги түздүктөрү коло доорунан тартып өздөштүрүлүп келген. Фергана, Чүй өрөөн­дөрүндөгү эстеликтер байыркы дыйканчылык, суу бойлоп жайгашкан алгачкы | '''БАЙЫРКЫ ИРРИГАЦИЯЛЫК КУРУЛМАЛАР '''К ы р г ы з с т а н д а г ы. Кыргыз жергесинин тоо этектериндеги түздүктөрү коло доорунан тартып өздөштүрүлүп келген. Фергана, Чүй өрөөн­дөрүндөгү эстеликтер байыркы дыйканчылык, суу бойлоп жайгашкан алгачкы турак жайлар тууралуу кабар берет. Дыйканчылыктын гүлдөп өсүшү климат ж-а сугат ишкердиги м-н тыгыз байланыштуу болгон. Орто Азияда алгачкы сугат арыктары ж-а суу топтой турган жерлер энеолит (б. з. ч. 4-3 миң жылдыктар) доорунан тартып белгилүү. Окумушгуулардын кийинки жыл­дардагы изилдөөсүнө караганда мындан 2000-2700 жыл мурда, эрте темир доору мезгилинде Жети-Суу аймагында жашаган калктын бир бөлүгү отурукташышып, жер иштетишкен. Кыргызстанда ирригациялык курулмалар (суу куур­лары) Чүй жергесинде (Төкөлдөш-Арык, Таш-А­рык, Жыламыш-Арык, Өтөгөн-Арык, Сай-Арык) орто кылымдардан баштап ишке киргизилген. Кээ бир жерлерде жер астынан чыккан суу үчүн майда арыктарды пайдаланышкан. Кыргыз жерге­синдеги б. з. ч. арыктар, турак жай орундары жеткиликтүү изилдене элек | ||
. ''К. Табалдиев.'' | |||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
08:43, 3 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БАЙЫРКЫ ИРРИГАЦИЯЛЫК КУРУЛМАЛАР К ы р г ы з с т а н д а г ы. Кыргыз жергесинин тоо этектериндеги түздүктөрү коло доорунан тартып өздөштүрүлүп келген. Фергана, Чүй өрөөндөрүндөгү эстеликтер байыркы дыйканчылык, суу бойлоп жайгашкан алгачкы турак жайлар тууралуу кабар берет. Дыйканчылыктын гүлдөп өсүшү климат ж-а сугат ишкердиги м-н тыгыз байланыштуу болгон. Орто Азияда алгачкы сугат арыктары ж-а суу топтой турган жерлер энеолит (б. з. ч. 4-3 миң жылдыктар) доорунан тартып белгилүү. Окумушгуулардын кийинки жылдардагы изилдөөсүнө караганда мындан 2000-2700 жыл мурда, эрте темир доору мезгилинде Жети-Суу аймагында жашаган калктын бир бөлүгү отурукташышып, жер иштетишкен. Кыргызстанда ирригациялык курулмалар (суу куурлары) Чүй жергесинде (Төкөлдөш-Арык, Таш-Арык, Жыламыш-Арык, Өтөгөн-Арык, Сай-Арык) орто кылымдардан баштап ишке киргизилген. Кээ бир жерлерде жер астынан чыккан суу үчүн майда арыктарды пайдаланышкан. Кыргыз жергесиндеги б. з. ч. арыктар, турак жай орундары жеткиликтүү изилдене элек
. К. Табалдиев.