БАЛЬНЕОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛЬНЕОЛОГИЯ '''(лат. Ьаіпеит - киринүү ж-а .''..логия) - медицинанын'' минералдуу суулардын пайда болушун, физика-химиялык касиетин, ооруну дарылоо ж-а алдын алуу максатында аларды колдонуу ыкмаларын изилдөөчү бөлүгү. | '''БАЛЬНЕОЛОГИЯ '''(лат. Ьаіпеит - киринүү ж-а .''..логия) - медицинанын'' минералдуу суулардын пайда болушун, физика-химиялык касиетин, ооруну дарылоо ж-а алдын алуу максатында аларды колдонуу ыкмаларын изилдөөчү бөлүгү. Бальнеологиянын бальнеотехника, ''бальнеотерапия'' ж. б. тармак­тары бар. Минералдуу сууларда түрдүү туздар, газдар, радиоактивдүү ж. б. заттар болгондук­тан, алардын дарылык таасири ар түрдүү, ант­кени алардын дарылык касиети химиялык, температура­лык ж-а механикалык факторлоруна байланыштуу болот. Минералдуу суулар ваннага, душ, бассейн­ге түшүү, ичүү, кээ бир органдарды «сугаруу», ооз, тишти чайкоо, ингаляция ж. б. түрүндө колдонулат. Минералдуу суулар жүрөк-кан тамыр, нерв, боор, ичеги-карын, аялдын жы­ныс ооруларында, тери оорусунда кеңири пай­даланылат. Анткени, минералдуу суунун тааси­ринен кан м-н лимфанын кыймылы тездейт, зат алмашуу күчөйт, ички бездердин иштеши, маңыз чыгаруусу жакшырат. Минералдуу суу­ну колдонуу врачтын көзөмөлүндө болушу зарыл. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
03:11, 4 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БАЛЬНЕОЛОГИЯ (лат. Ьаіпеит - киринүү ж-а ...логия) - медицинанын минералдуу суулардын пайда болушун, физика-химиялык касиетин, ооруну дарылоо ж-а алдын алуу максатында аларды колдонуу ыкмаларын изилдөөчү бөлүгү. Бальнеологиянын бальнеотехника, бальнеотерапия ж. б. тармактары бар. Минералдуу сууларда түрдүү туздар, газдар, радиоактивдүү ж. б. заттар болгондуктан, алардын дарылык таасири ар түрдүү, анткени алардын дарылык касиети химиялык, температуралык ж-а механикалык факторлоруна байланыштуу болот. Минералдуу суулар ваннага, душ, бассейнге түшүү, ичүү, кээ бир органдарды «сугаруу», ооз, тишти чайкоо, ингаляция ж. б. түрүндө колдонулат. Минералдуу суулар жүрөк-кан тамыр, нерв, боор, ичеги-карын, аялдын жыныс ооруларында, тери оорусунда кеңири пайдаланылат. Анткени, минералдуу суунун таасиринен кан м-н лимфанын кыймылы тездейт, зат алмашуу күчөйт, ички бездердин иштеши, маңыз чыгаруусу жакшырат. Минералдуу сууну колдонуу врачтын көзөмөлүндө болушу зарыл.