ВЬЕТНАМ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ВЬЕТНА́М ''', В ь е т н а м С о ц и а л и с т т и к Р е с п у б л и к а с ы – Түш.-Чыгыш Азиядагы өлкө, Индикытай ж. а-нда. В-дын аймагы кууш тилке түрүндө (жазылыгы түндүгүндө 600 ''км'', борб. бөлүгүндө 50 ''км'', түштүгүндө 375 ''км'') жа­рым аралдын чыгышын жээктей меридиан ба-
'''ВЬЕТНА́М ''', В ь е т н а м С о ц и а л и с т т и к Р е с п у б л и к а с ы – Түш.-Чыгыш Азиядагы өлкө, Индикытай ж. а-нда. В-дын аймагы кууш тилке түрүндө (жазылыгы түндүгүндө 600 ''км'', борб. бөлүгүндө 50 ''км'', түштүгүндө 375 ''км'') жа­рым аралдын чыгышын жээктей меридиан ба-
<br> гытында 1750 ''км'' аралыкта созулуп жатат.  
<br> гытында 1750 ''км'' аралыкта созулуп жатат. [[File:ВЬЕТНАМ79.png | thumb | none]]
[[File:ВЬЕТНАМ78.png | thumb | none]]
 
[[File:ВЬЕТНАМ79.png | thumb | none]]
Түн&shy;дүгүнөн Кытай, батышынан Лаос ж-а Камбожа м-н чектешип, чыгышынан Түш. Кытай деңизи ж-а анын булуңу – Бакбо (Тонкин), түш.-баты&shy;шынан Сиам булуңу м-н чулганат. Аянты 329,3 миң ''км''<sup>2</sup>. Калкы 8,3 млн (2006). Борбору – Ха&shy;ной ш. Расмий тили – вьетнам тили. Адм.-айм. жактан 59 провинцияга, өзгөчө округга ж-а бор&shy;борго баш ийген 5 шаарга; алар 8 экон. районго биригет (к. таблица). тарыхый-геогр. жактан 3кө – Түндүк (Бакбо), Борб. (Чунгбо) ж-а Түштүк (Намбо) болуп бөлүнөт. В. – БУУнун (1977), Эла&shy;ралык валюта фондунун (1956), Эларалык ре&shy;конструкция ж-а өнүгүү банкынын (1956), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (байкоочу ка&shy;тары), Түш.-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциация&shy;сынын (1975) мүчөсү. Акча бирдиги – донг.
Түн&shy;дүгүнөн Кытай, батышынан Лаос ж-а Камбожа м-н чектешип, чыгышынан Түш. Кытай деңизи ж-а анын булуңу – Бакбо (Тонкин), түш.-баты&shy;шынан Сиам булуңу м-н чулганат. Аянты 329,3 миң ''км''<sup>2</sup>. Калкы 8,3 млн (2006). Борбору – Ха&shy;ной ш. Расмий тили – вьетнам тили. Адм.-айм. жактан 59 провинцияга, өзгөчө округга ж-а бор&shy;борго баш ийген 5 шаарга; алар 8 экон. районго биригет (к. таблица). тарыхый-геогр. жактан 3кө – Түндүк (Бакбо), Борб. (Чунгбо) ж-а Түштүк (Намбо) болуп бөлүнөт. В. – БУУнун (1977), Эла&shy;ралык валюта фондунун (1956), Эларалык ре&shy;конструкция ж-а өнүгүү банкынын (1956), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (байкоочу ка&shy;тары), Түш.-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциация&shy;сынын (1975) мүчөсү. Акча бирдиги – донг.
<br>
<br>
74 сап: 71 сап:




<img src='ВЬЕТНАМ81.png' alt= 'Вьетнамдын түштүгүндөгү кыштак.'/>
[[File:ВЬЕТНАМ81.png | thumb | Вьетнамдын түштүгүндөгү кыштак.]]
<br>


==Тарыхы==
==Тарыхы==
135 сап: 131 сап:
<br>
<br>
Ад.: Экономика и внешнеэкономические связи Вьетнама. М., 2001; Вьетнам: страна и люди. Ханой, 2002; Вьетнам//Большая Российская энциклопедия. Т. 6. М., 2006. ''Никулин Н. И.'' О периодизации вьетнамской литературы эпохи средневековья; Великий вьетнамский поэт Нуген Зу. М., 1965; Литературный энциклопедический словарь. М., 1987.  
Ад.: Экономика и внешнеэкономические связи Вьетнама. М., 2001; Вьетнам: страна и люди. Ханой, 2002; Вьетнам//Большая Российская энциклопедия. Т. 6. М., 2006. ''Никулин Н. И.'' О периодизации вьетнамской литературы эпохи средневековья; Великий вьетнамский поэт Нуген Зу. М., 1965; Литературный энциклопедический словарь. М., 1987.  
[[Category: 2-том, 500-554 бб]]
[[Category: 2-том, 500-554 бб]]

05:38, 4 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

ВЬЕТНА́М , В ь е т н а м С о ц и а л и с т т и к Р е с п у б л и к а с ы – Түш.-Чыгыш Азиядагы өлкө, Индикытай ж. а-нда. В-дын аймагы кууш тилке түрүндө (жазылыгы түндүгүндө 600 км, борб. бөлүгүндө 50 км, түштүгүндө 375 км) жа­рым аралдын чыгышын жээктей меридиан ба-


гытында 1750 км аралыкта созулуп жатат.

Түн­дүгүнөн Кытай, батышынан Лаос ж-а Камбожа м-н чектешип, чыгышынан Түш. Кытай деңизи ж-а анын булуңу – Бакбо (Тонкин), түш.-баты­шынан Сиам булуңу м-н чулганат. Аянты 329,3 миң км2. Калкы 8,3 млн (2006). Борбору – Ха­ной ш. Расмий тили – вьетнам тили. Адм.-айм. жактан 59 провинцияга, өзгөчө округга ж-а бор­борго баш ийген 5 шаарга; алар 8 экон. районго биригет (к. таблица). тарыхый-геогр. жактан 3кө – Түндүк (Бакбо), Борб. (Чунгбо) ж-а Түштүк (Намбо) болуп бөлүнөт. В. – БУУнун (1977), Эла­ралык валюта фондунун (1956), Эларалык ре­конструкция ж-а өнүгүү банкынын (1956), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (байкоочу ка­тары), Түш.-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциация­сынын (1975) мүчөсү. Акча бирдиги – донг.
Экономикалык райондору (2006)

Экономикалык райондору Аянты, км2 Калкы, миң Башкы шаары Меконг дельтасы 39738,7 17743,3 Кантхо Тоолуу Борбор (Борбордук бөксөтоолору) 54473,7 4463,5 Далат Түндүк-Батыш Түндүк-Чыгыш 37336,9 63629,8
14394,0 Хоабинь Тхайнгуен Түндүк деңиз бою борбору 51510,8 11005,8 Хюэ Түштүк деңиз бою борбору 33069,0 8884,2 Дананг Түштүк-Чыгыш 34743,1 11176,6 Хошимин Хонгха дельтасы (Кы-зыл д-нын дельтасы) 14812,5 16276,9 Ханой


Мамлекеттик түзүлүшү

. В.– унитардык мам­лекет. Конституциясы 15-апрелде 1992-ж. ка­был алынган. Мамлекеттик ж-а мыйзам чыга­руу бийлигинин жогорку органы – бир палата­луу Улуттук чогулуш, ал 4 жылга шайланат. Мамлекет башчысы – президент, аны Улуттук Чогулуш 5 жылга шайлайт. Ал Улуттук кор­гоо советинин да төрагасы. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт – Министр­лер Совети ишке ашы рат.
Башкаруучу партия – В. коммунисттик пар­тиясы – өлкөдөгү жалгыз саясий партия болуп саналат.

Маданияты

. Жээктери негизинен жапыз, кумдуу, начар тилмеленген. Жээк сызыгынын уз. 2500 кмден ашык. Түндүгүндө Бакбо (Тонкин) булу­ңу ж-а андагы Файтсилонг архипелагы, түштү­гүндө зор Камау ж. а. жайгашкан. Кеме токтоо­го ыңгайлуу бухталар ж-а булуңдар аз. Эң ың­гайлуу табигый гаваны – Камрань булуңу. Же­ринин бетинин басымдуу бөлүгүн, негизинен түндүгүн, түн.-батышын ж-а ички аймактарын тоолор (негизинен орто бийик ж-а жапыз) ээлейт. Алар өрөөндөр м-н терең тилмелен ген.
Өлкөнүн түн. бөлүгүндө бири-бирине жарыш жаткан кыркатоолор ж-а түш.-чыгыш багытта созулган тоо массивдеринин тизмеги басым­дуулук кылат. Алардын капталдары көбүнчө жантайыңкы. Эң бийик кыркатоосу – Хоан­гльеншон (Фанши чокусу, бийикт. 3143 м), эң

Халонг бухтасы.


узуну – Чыонгшон (уз. 300 кмдей). Түш. бөлү­гүндө тоолору кыры жайпак жазы массивдер­ден, бөксөтоолордон ж-а платолордон туруп, уза­тасынан созулган тилкени түзөт. Алардын ба­сымдуу бийиктиги 500–1500 м, эң бийик жери – 3280 м. Эң ирилери – Контум, Дарлак, Мнонг бөксөтоолору ж-а платолору. Жээктеринде түз­дүктөрдүн эң ирилери, түн. бөлүгүндө [Хонгха (Кызыл) ж. б. дарыялардын төмөнкү агымдары ж-а дельталары] ж-а түштүгүндө (Меконг д-нын дельтасы) жайгашкан. Түн. В-дын түн.-чыгыш бөлүгү тектон. жактан Түш. Кытай платформа­сына, түш.-батышы мезозоид бүктөлүү система­сына кирет. В-дын түн. бөлүгү кенбайлыкка бай ж-а ар түрдүү; алардын негизгилери: ташкөмүр, темир кенташы, коргошун ж-а цинк, боксит, ка­лай, сейрек жер элементтери. Түштүгүндө таш­көмүрдүн, алтындын, молибдендин кендери бар. Климаты муссондук, субэкватордук, түштүгү ысык, түндүгү кышында муздак; нымдуу мус­сон соккон мезгилде жаан-чачын эң көп жа айт.
Өлкөнүн басымдуу бөлүгү үчүн эң нымдуу жай­кы түш.-батыш же түш.-чыгыш муссону, эң кур­гакчыл кышкы түн.-чыгыш муссону болуп са­налат. Жапыз жайгашкан аймактарында эң суук айынын орт. темп-расы түндүгүндө 15°Сден (январь), түштүгүндө 25,8°Сге чейин (декабрь), эң жылуу айыныкы (түндүгүндө – июнь, июль, түштүгүндө – апрель) 28–29°С. Кышында түндү­гүндө 1500 м бийиктиктен жогору үшүк жү рөт.
Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 1500–2000 мм, айрым жерлеринде (негизинен тоолордо) 3000 ммден ашык. Өлкөнүн бүт аймагында (чыгыш
35*
жээк тилкесинин Зинь тумшугунан Бакбо бу­луңуна чейинки аралыгынан тышкары) жыл­дык жаан-чачындын 80%ке жакыны май – ок­тябрь, чыгыш жээк тилкесинде август–январь айларына туура келет. Жайдын 2-жарымында ж-а күзүндө В-дын түндүгүндө тайфун болуп турат. Дарыя тармагы жыш, алардын бардыгы Түш. Кытай деңизинин алабына кирет. Босого­луу. Муссондук жамгырдын сезонунда дарыя­ларынын деңгээли кескин (10 мге, кээде андан­да бийик) көтөрүлүп, чыгымы он эсеге чейин көбөйөт. Түндүктүн ж-а түштүктүн дарыялары бүт, өлкөнүн борб. бөлүгүндөгү тоолордун батыш капталдарынан башталган дарыялары июнь – октябрь, өлкөнүн борб. бөлүгүнүн чыгыш тоо кап­талдарынын дарыялары сентябрь–декабрь айла­рында ташкындайт. Дарыяларынын сугатта ж-а жерг. жүктү ташууда мааниси зор. Негизги дарыялары: түндүгүндө – Хонгха (Кызыл; В-дын чегиндеги уз. 475 км) ж-а анын ири куймасы – Да (Кара); түштүгүндө – Меконг (В-га төмөнкү агымы, 220 кмдей бөлүгү гана тиешел үү).
Тоонун латерит топурактары үстөмдүк кылат; жээк тилкесине ж-а жапыз тоолоруна кызыл­сары латерит, дарыя дельталарына аллювий, Меконг д-нын дельтасынын сырткы чет-жака­ларына ж-а жээктин башка жерлерине саздаш­кан шор топурактары мүнөздүү. Жеринин бети­нин 1/ ине жакынын тропиктик ж-а субтропик­тик токойлор ээлейт. Токоюнун басымдуу бөлү­гү – экинчи жолу өсүп чыккандар. Тоо этекте­ринде ж-а төмөнкү алкактарында дайыма жа­шыл тропик токою басымдуу. Түндүгүндө 600– 700 мден жогору, түштүгүндө 1000–2000 м би­йиктикте тропиктиктеринде токоюна субтропик ж-а мелүүн климаттуу алкактарга мүнөздүү да­рактар (эмен, бук, каштан, кызылкарагайдын түрлөрү) аралаш өсөт. Түштүгүндө жалаң кы­зылкарагайлуу токойлор кездешет. Бамбук ке­ңири таралган. Түш.-батыштын бөксөтоолору­на ж-а платолоруна сейрек саванна токою ж-а саванна мүнөздүү. Жээк түздүктөрүндө маданий өсүмдүктөр басымдуу, пальма, бамбук ө сөт.
Түздүктөрдүн кыйла бөлүгүн, айрыкча түштүгүн саз өсүмдүктөрү, деңиз суусу киргенде суу астын­да калган тилкени мангр токою ээлейт.

Калкы

. Негизинен вьетнамдар (88%), о. эле кытайлар, муонг, мео ж. б. улут өкүлдөрү жа­шашат. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 255 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркек­териники – 67,8 жаш, аялдарыныкы – 73,6 (2005). Элинин 55% будда, 12% таоизм, 10% католик ж. б. диндерди тутушат. Шаар калкы 20,8%. Ири шаарлары: Хошимин, Хайфон, Ха­ной, Дананг, Хюэ ж. б.


Вьетнамдын түштүгүндөгү кыштак.

Тарыхы

. В-дагы эң эзелки мамл. бирикме – Ванланг – байыркы вьетнам уруулар союзунун базасында калыптанган. Ванлангдын б. з. ч. 1- миң жылдыкта эле жашагандыгы белгилүү. Ки­йинчерээк анын ордун Аулак ж-а Намвьет мам­лекеттери алмаштырып, б. з. 2-кылымнда аларды кытайлар басып алган. Кытай башкаруучула­рына каршы бошт. күрөштүн натыйжасында 10-кылымда көзкаранды эмес Дайковьет мамлекети орноп, 11–13-кылымда ал борбордошкон күчтүү Дайвьет (1069-жылдан ушундай аталган) импе­риясына айланган. 13-кылымда Дайвьет моңголдор­дун үч жолку жортуулунун мизин кайтарган. 15-кылымдын башында Кытайдын басып алуу ара­кетин талкалап, 1427-ж. кытай баскынчыла­рын өлкөдөн кууп чыккан. 1471-ж. Дайвьет өзүнө коңшу Тьямпа мамлекетин кошкон. 16- к-дан тартып Инди-кытайга европ. соодагерлер келе баштаган. В. мамлекетинин аймагы 18-кылымдын аягында негизинен азыркы чегинде калып­танган. 1804-ж. Нгуен династиясы бүткүл импе­рияны борбордоштуруп, өлкө Вьетнам аталган. 19-кылымдын 50–80-жылдары Франция В-ды ко­лониялап алган. 1884-жылдан В. Франциянын толук колониясына айланган. Франция В-га Лаос м-н Камбожаны кошуп, Француз Инди- Кытайы деп атаган. 1930-ж. Нгуен Ай Куок­тун (Хо Ши Мин) жетекчилигинде түзүлгөн Инди-Кытай коммунистик партиясы (ИККП; 1930-ж. октябрга чейин В. компартиясы атал­ган) өлкөдөгү улуттук-бошт. кыймылды жетек­теген. 1941–45-ж. В-ды япондор оккупациялап алган. 1945-ж. май айында азаттык үчүн кү­рөшкөн бардык куралдуу күчтөр биригип, В. элдик армиясы (ВЭА) түзүлгөн. 1945-жылдын августуна чейин ВЭА өлкөнүн көп бөлүгүн бо­шоткон. Август рев-ясынын натыйжасында 1945-ж. 2-сентябрда Хо Ши Мин Убактылуу өкмөттүн атынан В-дын көзкарандысыздык дек­ларациясын ж-а Вьетнам Демокр. Респ-нын (ВДР) түзүлгөнүн жарыялаган. 1945-ж. француз аскерлери Сайгонду басып алып, өлкөнүн түштүгүндө согуш баштаган. 1946–47-ж. франц. аскерлер В-дын көп шаарын, деңиз боюндагы жерлери м-н түздүктөрүн караткан. 1949-ж. Франция басып алган аймакта Бао-Дай [В-дын борб. бөлүгүнүн – француз үстөмдүгүнүн убагын­дагы Анаманын императору (1926–45); В-дагы Август рев-ясы (1945) убагында тактыдан баш тарткан] башкарган марионеткалык «Вьетнам мамлекети» түзүлгөн. В-дагы согушка 1950-жыл­дан АКШ ачык кийлигише баштаган. 1950– 51-жылдан согуш операцияларын жүргүзүүдөгү демилге ВДРге өтүп, душмандан бошотулган аймагы кеңейген.

Файл:ВЬЕТНАМ82.png

1954-ж. Дьенбьенфу жанындагы сал­гылаш француз аскерлеринин жеңилүүсү м-н аяктап, Жене­ва келишимдерине (1954) ыл ай ык Франц и я нын В - дагы согушу токтогон. Кели­шимге ылайык 17-параллел­деги демаркациялык чек б-ча В. эки мамлекетке бө­лүнгөн. Өлкөнүн түштүгүндө Вьетнам Респ. (1959-ж. 31- декабрында), Түндүгүндө 1959-ж. Хо Ши Мин жетек­теген Вьетнам Соц. Респ. түзүлгөн. Келишимдерде өл­көнү тынчтык жол м-н би­риктирүү максатында эла­ралык көзөмөл астында 1956-ж. жалпы эркин шай­лоо өткөрүү каралган. Бирок аны АКШнын башкаруучу чөйрөлөрү үзгүлтүккө учура­тып, өлкөнү экиге бөлүү үчүн В-дын түштүгүндө Нго Динь Зьем башкарган сайгондук режимди түзгөн. 60-жылдар­дын ортосунан вьетнамдык эки мамлекеттин ортосунда ку ралдуу к агыл ышуу лар башталган. 1961–64-ж. Сай­гон режимине АКШнын со­гуштук жардамы күчөйт. Бирок патриоттук күчтөрдүн куралдуу каршылыгы улам күчөп, марионетка режим узакка создуккан кризиске учураган. Нго Динь Зьемдин бийликтен кулашы (1963, ноябрь) режимди кризистен куткарган жок. Андан көп узабай бир катар аскер төң­көрүштөрү болуп, 1965-ж. АКШнын колдоосу м-н гене­рал Нгуен Ван Тхиеу башкар­ган аскер хунтасы бийликке келет. Сайгон ре­жимин ж-а Инди-Кытайдагы позициясын сак­тоого аракеттенген АКШ 1965-ж. мартта Түш. В-га түздөн түз куралдуу кол салган. 1968-ж. АКШ Түш. В-га амер. экспедициялык корпусту (1968-ж. жазында 500 миң аскер болгон) кир­гизүү м-н бирге ВДРге абадан кол сал ган.
В. маселесин чечүү жолдорун табуу максатын­да 1968-ж. майда Парижде кош тараптуу (АКШ ж-а ВДР), 1969-ж. январдан төрт тараптуу [(ВДР, Түш. В-ды боштондукка чыгаруунун улут­тук фронту (ТВБЧУФ)], АКШ ж-а Сайгон ад­министрациясы) сүйлөшүүлөр башталган. Бирок АКШ аны согуш жолу м-н чечүүгө ниеттенген.
1973-ж. январда В-да согушту токтотуу ж-а тынч­тыкты калыбына келтирүү ж-дөгү Париж ке­лишимине АКШ кол койгон. Ал келишимде АКШнын Түш. В-да аскерлерин кармоодон баш тартышы, о. эле Түш. В-да көзөмөлгө алынган эки зонаны [эки администрацияны Түш. В. Респ­касынын Убактылуу рев-ячыл өкмөтү (ТВРУРӨ) ж-а Сайгон администрациясы)], эки армияны таанууганегизделип,Түш.В.маселесинсаясий жол м-н чечүү белгиленген. Сайгон администра­циясы милдеттенмесин орундатпай, Париж ке­лишимин бузуп, АКШнын жардамы м-н армия­сын кайрадан куралдандырат. Ал согуш потен­циалын күчөтүп, патриот күчтөр бошоткон бар­дык жерди кайра басып алууга умтулат. 1975- жылдагы жазгы чабуул патриоттордун толук жеңиши м-н аяктаган соң Сайгон режими 1975-ж. 30-апрелде кулатылат. Түш. В-дын бүт­күл аймагын көзөмөлдөө ТВРУРӨнүн колуна өткөн. 1976-ж. 1-июнда өлкөнүн кайрадан кошул­ганын ж-а Вьетнам Соц. Респ-нын (ВСР) түзүлгөндүгү (борбору Ханой) жарыяланган. 1980-ж. ВСРдин конституциясы кабыл алынган. 90-жылдардан тартып өлкөдө экономиканы либе­ралдаштыруу, саясий системаны реформалоо про­цесси бир кыйла экон. өсүштөргө алып келген.

Экономикасы

. В. – өнөржайы өнүккөн аграр­дык өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү 251,8 млрд доллар (АКШ); аны киши башына бөлүштүргөндө 3 миң доллардай туура келет (2005). Ички дүң продукциясында айыл ж-а то­кой чарбасыны үлүшү 36,6%, өнөржайыныкы 20,9%. Нефть, ташкөмүр, апатит, хромит, те-

Шалы палдары.

мир кенташы, калай, вольфрам казылып алы­нат. 2004-ж. 46 млрд кВт.с электрэнергиясы өндүрүлгөн. Кара ж-а түстүү металлургия, ме­талл иштетүү ж-а машина куруу, химия өнөр­жайлары өнүккөн. Курулуш материалдарын чыгарат. Жыгач иштетүүчү ж-а целлюлоза-ка­газ, каучук иштетүү ишканалары, жеңил ж-а тамак-аш (күрүч актоо, кант, чай, кофе ж. б.) өнөржайлары бар.

А. ч-да жердин 26% иштетилет, кээ бир ра­йондордо жылына 2–3 жолу түшүм алынат. Шалы (негизги азык-түлүк продуктусу), батат, жүгөрү, пахта, жут, балкамыш, чай ж. б. өс­түрүлөт. Каучук плантациясы бар. Жашылча­жемиш өстүрүлөт. Бодо мал, чочко багылат. Балык кармалат

Вьетнам акчасы.

Темиржолунун уз. 2,6 миң км (а. и. 2169 км кууш колеялуу); автожолунуку – 126 миң км; ички суу жолунун уз. 17,7 миң км. Деңиз соода флотунун тоннажы 1170,6 миң бр.-рег. т, 2005). Жалпы куур транспортунда уз. 851 км (а. и. 3 кми нефть кууру, 642 кми газдыкы). Ири порт­тору: Хошимин, Хайфон, Дананг, Хонгтай, Кам­фа. Нефть, ташкөмүр, күрүч, каучук, балык ж-а деңиз продуктуларын экспорттойт. Негиз­ги соода шериктештери: Япония, Сингапур, Ко­рея Респ., Австралия, Германия, АКШ, Улуу Британия, Кытай, Гонконг, Таиланд.

Маданияты

. Өлкөнүн түндүгү м-н түштүгүндө билим берүү системасы эки түрдүү түзүлгөн. ВДР болуп жарыялангандан кийин 1945-ж. элге би­лим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган декрет кабыл алынган. 1956-жылдагы реформага жа­раша 3 баскычтан турган бирдиктүү 10 жыл­дык мектеп түзүлгөн. Кийин сабатсыздык жою­луп, өлкө 1976-жылдан 8 жылдык милдеттүү окууга өткөн. Жалпы билим берүүнүн толук курсу – 10 жыл. Орто мектеп 7 жылдык. Жал­пы билим берүүчү 12 жылдык мектеп өлкөнүн түштүгүндө сакталган. Бирок аларда окуунун мазмуну ж-а идеялык багыты өзгөртүлгөн. Өлкө бириккенден кийин мектептердин бирдиктүү программасы түзүлүп, Түн. м-н Түш. үчүн бир­дей жаңы окуу китептери чыгарылып, Түштүктө мугалимдер кайра даярдала баштаган. ЖОЖ- дордун саны өскөн. Ханой ун-тинин (1918-ж. негизделген) базасында 1954-жылдан мед.-фар­мацевтика, ад-т, педагогика, айыл чарба, то­кой чарба ин-ттары ачылган. Бул ун-тте кийин 1955-ж.хим., физ.-матем., биол. ж-а коомдук ил. ф-ттери м-н кайра уюшул ган.

В. элинин ад-ты вьетнам тилинде өнүккөн. В-дын байыркы фольклору: Ажыдаар Лактын өкүмдарлыгы, адамдардын теги ж-а алгачкы окутуучулары; Фу Донг ж-дөгү баатырдык жо­мок; Үлүл-чебинин курулушу, о. эле каарман эже-сиңдилер Чынг ж-дөгү мифологиялык ула­мыштардын жыйындысы (цикл). Ханван ти­линде жазылган алгачкы эстеликтерде (10– 12-к.) чечендик өнөр м-н кытай ад-тында ка­лыптанган формалар айкалышкан (эски кытай тилинин вьетнамдашкан варианты). В. ад-ты
о. кылымда буддизмдин, кийинчерээк конфу­цийчил көзкараштын таасиринде өнүккөн. 14- к-дын аягы – 15-кылымдын 1-жарымында бир ка­тар акындардын чыгармаларында социалдык наа­разылык темасы пайда болуп, поэзия вьетнам­дардын оозеки тилинде өөрчүйт. Анын бизге жет­кен байыркы эстелиги – Нгуен Чайдын (1380– 1442) «Эне тилдеги ырлар жыйнагы». 16–17-кылымда ыргактык проза жанрындагы чыгармалар кеңири тараган. Нгуен-Бинь Кхиемдин (1491– 1585) афоризмдик ж-а ирониялык поэзиясында социалдык адилетсиздик чагылдырылган. 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын башында тарыхый-эпи­калык «Югдун асман китеби» аттуу аңгемеде В-дын тарыхый адамдарынын, легендарлуу баа­тырларынын эрдиктери чагылдырылат. 18-кылымдагы ж-а 19-кылымдын башындагы В. ад-тына Кай­ра жаралуу доорунун салтына жакындоо ж-а адамдын ички дүйнөсүнө көңүл буруу мүнөздүү болуп, лирикалык жанр пайда болот. Доан Тхи Дьемдин (1705–48) «Жоокердин даттануусу», Нгуен За Тхиенин (1741–98) «Падышанын ой­ношунун арызы» аттуу поэмалар жарыяланган. В. классикалык ад-тынын көрүнүктүү өкүлү Нгуен Зунун (1765–1820) «Кыйналган жандын онтоосу» деген поэмасында адамдардын жеке тур­мушу баяндалат. Француз колониячылары ба­сып киргенден кийин ад-т салттуу формада өнү­гүп, анда патриоттук мотивдер басымдуулук кы­лат. 19-кылымдын 2-жарымында колониялык режим орногондон кийин поэзияда сатиралык багыт өөрчүйт: Нгуен Кхюендин (1835–1909), Ту Сыонг­дун (1870–1907) чыгармалары. 20-кылымдын башын­да азыркы прозалык жанрлар: новелла, драма, роман калыптанган. 30-жылдары «Жаңы поэ­зия» кыймылы башталган. То Хыунун поэ­зиясы, Хо Ши Миндин «Түрмө күндөлүгү» деген публицистикасы. 20-кылымдын 20–30-жылдарында калыптанган реалисттик багыттын өнүгүшү бар­дык жанрда [Нгуен Конг Хоандын аңгемелери м-н «Акыркы кадам» (1938), Нгуен Хонгдун «Колу туткак аял» деген романдары] айкын көрүнөт. 1945-жылдагы Август рев-ясынан ки­йин В. ад-ты соц. реализм багытында өнүккөн. Көркөм-документ жанры да ушул мезгилде өнүгө баштаган. Каршылык көрсөтүү согушу мезгилин­деги (50-жылдардын башында) жаралган по­весттер м-н романдар [Нгуен Динь Тхинин (1924-ж. т.) «Чабуулу» (1951); Во Хюи Тамдын (1920) «Көмүр бассейни» (1951) ж. б.] коллек­тивдүү каарманды сүрөтөөгө баш койгон. 1957-ж. В-да жазуучулар союзу негизделген. Рев-я тарыхын баяндаган Хюи Тамдын «Шах­тёрлор» (1961), Нгуен Хонгдун «Деңиз дарба­засы» (1–2-т., 1961–1973) ж. б. романдарда жаңы каармандардын образы берилген. Поэзияда жаңы коомду куруучулардын лирикалык образ­дары кеңири сүрөттө лөт.

В-дын байыркы иск-восунун гүлдөшү Тямпа мамлекетинин түзүлүшүнө байланыштуу (б. з.
1-миң жылдыгы; Мишон ж-а Донгзыонг ш-нда­гы кыштан (кирпичтен) салынган будда, брах­ми храмдары, жасалга скульптуралар). 11–13- к-да Түн. В-да жыгач имараттарды куруу кеңи­ри таралган (Ханойдогу Дьен-Бо пагодасы, 1049 ж. б.). 18–19–к-да сарайлар кооз оюм-чи­йими м-н өзгөчөлөнгөн (Хюэдеги «Төрт жагы төп келишкен сарай», 1805–33, ж. б.). О. кы­лымда кооз храм, пейзаж, живопись, скульп­тура портрети, пил сөөгүнөн, жыгачтан, металл­дан кооз буюм жасоо басымдуу болгон. Фран­ция колониялап турган мезгилде В. өнөрүндө электизм ж-а европ. салон өнөрүнүн принцип­тери таралган. Каршылык көрсөтүү согушу жыл­дарында (1945–54) сүрөтчүлөр (То Нгок Ван, Фан Ке Ан ж. б.) үгүт баракча, плакат, турмуштук ж-а саясий темадагы эстамптарды жаратышкан. Түн. В-да жибекке суу боёк м-н тартуу живопи­си (Нгуен Фан Тян, Чан Донг Лыонг ж.б.), лак живописи биринчи жолу сүрөт тартуунун кара­жатына айланган (Хоанг Тик Тю, Нгуен Ким Донг ж. б.), май боёк м-н сүрөт тартуу ж-а скульп­тура, графика өнүгөт. Элдик жасалга-колдонмо өнөр өркүндөгөн: пил сөөгүнөн, жыгачтан жа­

Х а н ой д о г у Тю а - Мо т - Ко т храмы.



салган, камыштан согулган буюмдар, түстүү жазуулар ж-а алтын сымал лактар м-н кооз­долгон буюмдар, сайма, темир куймалар колдо­нулган. 1957-ж. Ханойдо Жогорку сүрөт окуу жайы ачылган. 1958-ж. ВДРдин Сүрөтчүлөр сою­зу уюштурулган. Америкалыктар м-н согушта баатырдыкты көрсөткөн вьетнам эли эми тал­каланган шаарлар м-н кыштактарды калыбы­на келтиришкен. Фам Ван Дон, Май Ван Хиен, Куанг Фонг ж. б. сүрөтчүлөрдүн чыгармаларын­да элдин баатырдык күрөшү ж-а туруктуулугу чагылдырыл ган.

Салттуу жанрлары – тео ж-а туонг муундан муунга оозеки өткөн. В-дын классикалык теат­ры – Туонг. Ал элдик оюн катары 11–13-кылымда өлкөнүн түндүгүндө пайда болгон (ага кытай те­атрынын таасири тийген). Сарай труппалары ж-а демокр. багыттагы кыдырма труппалар иш­теген. Оюн музыка, бий ж-а көркөм окуу м-н айкалышта көрсөтүлөт. Белгилүү театр ишмер-

Туон г те ат ры - нын спектакли­нен көрүнүш.


леринен тарыхый, курч комедиялуу, сатиралык пьесалардын автору Нгуен Динь Нги, аткаруу­чуларынан Нгуен Ван Тхинь ж. б. өзгөчөлөнгөн. 20-кылымдын башында Ханойдо Нгуен Хыу Тиен­дин «Донг А феникстери», Хоанг Танг Бинин «Күйөөсү үчүн өч алуу жана мекен алдындагы милдет» аттуу тарыхый пьесалары белгилүү болгон. Кай-лыонг театрында пьеса актыларга бөлүнүп, мурда колдонулбаган көшөгө, жасал­га пайдаланылган. «Сүйлөмө» же драма театры кить-ной пайда болгон. Мольердин комедияла­ры, Ву Динь Лонгдун «Дос жана аял» пьесасы ж-а Хо Ши Миндин «Бамбук ажыдаар» коме­диясы коюлган. ВДР түзүлгөндөн кийин театр жаңы драматургия м-н байып, кить-ной ж-а кай-лыонг салттуу театр формалары кеңири тарала баштаган. 1954-ж. өздүк көркөм чыгар­мачыл коллективдердин фестивалы (4 жылда бир жолу) өткөрүлө баштайт. Театр өнөрү ко­омдун турмушунда маанилүү орунду ээлеп, кить­ной жаңы заман үчүн күрөшүп жаткан заман­бап адамдын образын түзгөн. Кай-лыонг тыш­кы кооздуктан баш тартып, турмушту чыныгы реалисттик жол м-н чагылдырууга өткөн. Туонг салттуу театры кризиске учурап, жоюлуп кал­ган. Бирок 1958-ж. Улуттук музыка театр мек­тебинде туонг бөлүмү ачылган. Тео театры да кайра түзүлгөн. 1963-жылдын аягында 35 про­фессионал труппа м-н көркөм коллективдин ичинен 19у тео спектаклдерин коюуга адистеш­кен. Элдик куурчак театр өнөрү да эзелтен өнүккөн. 1957-ж. Ханойдо профессионал куур­чак театры ачылган. 1957-ж. Ханойдо В. театр актёрлорунун ассоциациясы түзүлүп, 1961-ж. Жогорку драма мектеби ачыл ган.

Француз үстөмдүгү мезгилинде В-да негизинен француз ж-а амер. фильмдер чыгарылган. Ав­густ рев-ясынан кийин ВДРдин өкмөтү Ханой­до Радио жана кино уюмун уюштурган. Улут­тук кино түзүүдө сов. кинематографисттер жар­дам көрсөтүшкөн. 1948-ж. алгачкы кино хрони­калары тартылган («Мак Хоа үчүн салгылашуу»).
Документ фильмдердин студиясы 1956-ж. түзүлгөн. 1958-ж. Ханойдо киностудия уюшул­ган. Алгачкы көркөм фильми – «Бир дарыяда бирге» (1959). 1960-жылдан көркөм фильм сту­диясы иштейт. Улуттук кинематографиянын негизги темасы – француз колониячыларына каршы В. элинин күрөшүү тарыхы («Ким Донг», «Жубайлар А – Фу», «От океаны»). ВДРге кар­шы амер. агрессия башталгандан кийин өлкөдө «АКШнын каракчылары», «Ханой, 5 күн кар­машуу», «Шамал дарбазасынын жанында» де­ген даректүү фильмдер тартылган. 60–70-жыл­дарда согуш темасындагы көркөм фильмдер: «Жаш жоокер», «Нюи – сайгондук кыз», «17- параллель: күн-түн дебей» ж-а «Ханойлук кыз», «Апельсин багы», «Курман болгондун эстелик белеги» (1961; совпрокатта – «Курман болгон­дун сувенири»), «Эки солдат» (1962), «Кичине­кей Ким Донг» (1964), «Нгуен Ван Чой», «Бо­роон күчөөдө» (1966, экөө тең), «Тхам кыздын токою» (1970). Кээ бир фильмдер Москвада ж-а Карлови-Варидеги эларалык кинофестивалдар­да сыйл. алган. 1959-ж. Ханойдо улуттук ки­номектеп уюштурулган. Көркөм киностудия, хроникалдык-даректүү, мультипликациялык фильмдер ж-а кинокөчүргүч фабрика иште ген.

Америкалыктардын агрессиясынын натый­жасында киноөндүрүшүнүн бөлүктөрү жунгли­ге көчүрүлгөн. ВДРдин көрүнүктүү актёрлору: Фи Нге, Нгок Лан, Нгуен Хонг Шэн, Ча Жанг, Туе Минь, Тху Хиен, Туй Винь. 16-кылымда муз. коом түзүлүп, вокалдык-аспап­тык («Бо ня няк», кийинчерээк «Бо зяо фыонг» ыр ж-а бий коомуна айланган), «Дой ба лэнь» оркестри пайда болгон. Аспаптардан: үйлөмө – кхен (Пан флейтасынын бамбуктан жасалган түрү), дык, тиеу, шао бан, шао бау (түрдүү флей­талар) ж. б.; урма – чонг дай ж-а чонг тео (ба­рабан) кеңири тараган. 19-кылымда «Няк Тянь» ор­кестри уюшулган. Түш. В-да элдик театрдын негизинде вокалдык музыканын номурларын камтыган улуттук жарым профессионал театр

Май Лиен – бам­б ук к силофон трындада атка­руучу.


негизделген. 20-кылымдын 30-жылдарында улуттук театр өнөрү өзгөчөлүгүнөн ажырап, европ. опе­ралар коюлуп, европ. үлгүнү туураган. Француз колониячыларына каршы согуш жылдарында элдин эмгегине арналган ырларынын негизин­де жаңы рев-ячыл ыр фольклору пайда болгон. В-дын операсында До Ньюандын «Ко-Шао» («Кыз-жылдыз»), Нгуен Суан Хоантанын «Чоң дарыя көпүрөсүнөн өтүү» чыгармалары көрүнүк­түү орун ээлейт. ВДРдин көп музыканттары тео театрынын элдик обон-күүлөрүн чогултуп, жа­зып ж-а кайра иштеп чыгуунун негизинде түрдүү жанрдагы өз музыкасын түзүшкөн. 1955-ж. Ха­нойдо консерватория ачылган. Андан кийин улуттук муз. театр мектеби, орто ж-а жогорку муз. курстар, балдардын муз. мектептери негиз­делген. 1959-жылдан Ханойдо симфониялык оркестр, 1962-жылдан элдик аспаптар оркест­ри, о. эле мамл. хор иштейт.
Ад.: Экономика и внешнеэкономические связи Вьетнама. М., 2001; Вьетнам: страна и люди. Ханой, 2002; Вьетнам//Большая Российская энциклопедия. Т. 6. М., 2006. Никулин Н. И. О периодизации вьетнамской литературы эпохи средневековья; Великий вьетнамский поэт Нуген Зу. М., 1965; Литературный энциклопедический словарь. М., 1987.