БАКТЕРИОФАГДАР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАКТЕРИОФАГДАР''', ф а г д а р (''бактерия'' ж-а гр. рһадоз - жеп-жуткуч) - бактерия вирустары. Алар бактерия ж. б. микроорганизм клеткала­рын ажыратып-бузуп жабыркатат. Бул кубулуш­ту 1-жолу 1898-ж. орус микробиологу Н. Ф. Гамалея байкаган. | '''БАКТЕРИОФАГДАР''', ф а г д а р (''бактерия'' ж-а гр. рһадоз - жеп-жуткуч) - бактерия вирустары. Алар бактерия ж. б. микроорганизм клеткала­рын ажыратып-бузуп жабыркатат. Бул кубулуш­ту 1-жолу 1898-ж. орус микробиологу Н. Ф. Гамалея байкаган. «Бактериофаг» терминин Ф. Д’ Эрелль киргизген (1917). Бактериофаг таякча түрүндө, тоголок баштуу. Башы белоктуу кабыкча м-н, таякчасы көңдөй өзөктөн туруп, жыйрылтуучу булчуң сымал белоктуу кабыкча м-н капталган ж-а учунда тикенчелүү базаль пластинкасы болот (бул бактериофагдын ээсинин клеткасында жүрүүчү адсорб­цияга таасир этет). Алар адам, жаныбар ичеги­синде, өсүмдүк, топурак, кык, көлмө ж-а агын сууда, патогендүү, сапрофит бактерияларда болот. Айрымдары бир гана түрдү (монофаг), кээ­си микроорганизмдин ар кандай түрүн (полифаг) эритет. Айрым фагдар жугуштуу оору (дизентерия, келте, холера, чума ж. б.), ылаңдар­ды дарылоо ж-а алдын алуу, ылаң козгогучтар­ды диагноздоо, эпидемиялык анализ жүргүзүү, ошондой эле өсүмдүк илдеттерине каршы күрөшүүдө да пайдаланылат. Бактериофаг молекулалык биологияда гендин структурасын изилдөөдө, мутациянын молекулалык механиз­мин, генетикалык кодду чечмелөөдө пандаланылат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
05:16, 5 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БАКТЕРИОФАГДАР, ф а г д а р (бактерия ж-а гр. рһадоз - жеп-жуткуч) - бактерия вирустары. Алар бактерия ж. б. микроорганизм клеткаларын ажыратып-бузуп жабыркатат. Бул кубулушту 1-жолу 1898-ж. орус микробиологу Н. Ф. Гамалея байкаган. «Бактериофаг» терминин Ф. Д’ Эрелль киргизген (1917). Бактериофаг таякча түрүндө, тоголок баштуу. Башы белоктуу кабыкча м-н, таякчасы көңдөй өзөктөн туруп, жыйрылтуучу булчуң сымал белоктуу кабыкча м-н капталган ж-а учунда тикенчелүү базаль пластинкасы болот (бул бактериофагдын ээсинин клеткасында жүрүүчү адсорбцияга таасир этет). Алар адам, жаныбар ичегисинде, өсүмдүк, топурак, кык, көлмө ж-а агын сууда, патогендүү, сапрофит бактерияларда болот. Айрымдары бир гана түрдү (монофаг), кээси микроорганизмдин ар кандай түрүн (полифаг) эритет. Айрым фагдар жугуштуу оору (дизентерия, келте, холера, чума ж. б.), ылаңдарды дарылоо ж-а алдын алуу, ылаң козгогучтарды диагноздоо, эпидемиялык анализ жүргүзүү, ошондой эле өсүмдүк илдеттерине каршы күрөшүүдө да пайдаланылат. Бактериофаг молекулалык биологияда гендин структурасын изилдөөдө, мутациянын молекулалык механизмин, генетикалык кодду чечмелөөдө пандаланылат.