БАЛЬЗАМДАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛЬЗАМДАР '''(гр. Ьаізатоп - жыттуу ча­йыр) - өсүмдүктөн алынган орг. бирикмелердин аралашмасы. Негизинен монотерпендүү учма би­рикмелерден (эфир майларынан), чайыр ж-а анда эрүүчү жыпар жыттуу бирикмелерден (ванилин, бензой | '''БАЛЬЗАМДАР '''(гр. Ьаізатоп - жыттуу ча­йыр) - өсүмдүктөн алынган орг.аникалык бирикмелердин аралашмасы. Негизинен монотерпендүү учма би­рикмелерден (эфир майларынан), чайыр ж-а анда эрүүчү жыпар жыттуу бирикмелерден (ванилин, бензой кислотасы ж-а алардын татаал эфир­лери, альдегиддер, кетондор, спирттер) турат. Сууда иш жүзүндө эрибейт, органикалык эриткичте эрийт. Бальзамдар өзгөчө жыттуу, өткүр, даамы ачуу, илээшме суюктук; абада эфир майларынын бууланышы­на ж-а окистенишине жараша катууланат. Тропик ж-а субтропикте, чанда түндүк же мелүүн ал­какта өсүүчү жыгач өсүмдүктөрдө пайда болот. Ал кадимки зат алмашуу продуктусу катары же сөңгөк жабыркаганда бөлүнүп чыгат. Негизинен кабыктын клетка аралык боштугунда, кээде жалбыракта ж-а жаш жыгачта чогулат. Бальзамдар - канифолду, лак ж. б. даярдоо үчүн сырье; парфюмерияда, косметикада ж-а дары заттарды алууда колдонулат. Ийне жалбырактуу да­рактардан алынат. Жасалма бальзамдар эфир майларынын спирттеги эритмеси, чөптөрдүн тундурма­сы болуп эсептелет. Табигый бальзамдын аналогу син­тезделип алынган, мис., поливинилбутил эфи­ри (винилин) же Шостаковский бальзамы жа­раатты дарылоодо пайдаланылат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
08:47, 5 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БАЛЬЗАМДАР (гр. Ьаізатоп - жыттуу чайыр) - өсүмдүктөн алынган орг.аникалык бирикмелердин аралашмасы. Негизинен монотерпендүү учма бирикмелерден (эфир майларынан), чайыр ж-а анда эрүүчү жыпар жыттуу бирикмелерден (ванилин, бензой кислотасы ж-а алардын татаал эфирлери, альдегиддер, кетондор, спирттер) турат. Сууда иш жүзүндө эрибейт, органикалык эриткичте эрийт. Бальзамдар өзгөчө жыттуу, өткүр, даамы ачуу, илээшме суюктук; абада эфир майларынын бууланышына ж-а окистенишине жараша катууланат. Тропик ж-а субтропикте, чанда түндүк же мелүүн алкакта өсүүчү жыгач өсүмдүктөрдө пайда болот. Ал кадимки зат алмашуу продуктусу катары же сөңгөк жабыркаганда бөлүнүп чыгат. Негизинен кабыктын клетка аралык боштугунда, кээде жалбыракта ж-а жаш жыгачта чогулат. Бальзамдар - канифолду, лак ж. б. даярдоо үчүн сырье; парфюмерияда, косметикада ж-а дары заттарды алууда колдонулат. Ийне жалбырактуу дарактардан алынат. Жасалма бальзамдар эфир майларынын спирттеги эритмеси, чөптөрдүн тундурмасы болуп эсептелет. Табигый бальзамдын аналогу синтезделип алынган, мис., поливинилбутил эфири (винилин) же Шостаковский бальзамы жараатты дарылоодо пайдаланылат.