БАЙГАБЫЛ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙГАБЫЛ '''- акын. Ушул күнгө чейин даре­ги белгисиз болуп, эл кыялынын туундусу катарында бааланып келген. Ошол себептүү «Чата кыз менен Байгабылдын айтышынын» бир түрү элдик адат-салт айтышынын үлгүсү катары жыйнакка кирген. Кийинки табылган маалы­мат | '''БАЙГАБЫЛ '''- акын. Ушул күнгө чейин даре­ги белгисиз болуп, эл кыялынын туундусу катарында бааланып келген. Ошол себептүү «Чата кыз менен Байгабылдын айтышынын» бир түрү элдик адат-салт айтышынын үлгүсү катары жыйнакка кирген. Кийинки табылган маалы­мат боюнча анын Талас өрөөнүнөн чыккан реалдуу акын экендиги, уруусу кытай, кийин солтолор­го качып келип, Осоке бийге ырчы болуп жүр­гөндүгү аныкталган. 1858-жылы таластык Сартбай акын м-н айтышып жеңилет. Экөө беттешкен учурда Сартбай 19 жашта (ал 1839-жылы туулган), Байгабыл 40-45 жаш куракта болот. Демек, Байгабыл болжол м-н 1818-20-жылдарда төрөлгөн. Бирок турагы, качан өлгөндүгү, атасынын аты белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда табышмактуу айтыштын устаты болуп, бир ашта Көкшалкы байдын Чата кызын жеңип кетет. Айтыш көлөмдүү, анда каршысынын табышмагын жан­дырууда Байгабылдын акындык дараметинин күчтүүлүгү байкалат. Айтыштын варианттары эл арасына кеңири тараган. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
05:53, 6 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЙГАБЫЛ - акын. Ушул күнгө чейин дареги белгисиз болуп, эл кыялынын туундусу катарында бааланып келген. Ошол себептүү «Чата кыз менен Байгабылдын айтышынын» бир түрү элдик адат-салт айтышынын үлгүсү катары жыйнакка кирген. Кийинки табылган маалымат боюнча анын Талас өрөөнүнөн чыккан реалдуу акын экендиги, уруусу кытай, кийин солтолорго качып келип, Осоке бийге ырчы болуп жүргөндүгү аныкталган. 1858-жылы таластык Сартбай акын м-н айтышып жеңилет. Экөө беттешкен учурда Сартбай 19 жашта (ал 1839-жылы туулган), Байгабыл 40-45 жаш куракта болот. Демек, Байгабыл болжол м-н 1818-20-жылдарда төрөлгөн. Бирок турагы, качан өлгөндүгү, атасынын аты белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда табышмактуу айтыштын устаты болуп, бир ашта Көкшалкы байдын Чата кызын жеңип кетет. Айтыш көлөмдүү, анда каршысынын табышмагын жандырууда Байгабылдын акындык дараметинин күчтүүлүгү байкалат. Айтыштын варианттары эл арасына кеңири тараган.