БАЙЗАКОВ Түмөнбай: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page БАЙЗАКОВ 1 to БАЙЗАКОВ Түмөнбай) |
(Айырма жок)
|
09:32, 6 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БАЙЗАКОВ Түмөнбай (23. 9. 1923, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Бөкөй айылы - 1992, Бишкек) - акын, котормочу. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Жалал-Абад педагогика окуу жайына өтүп, 1941-жылы Грозный шаарындагы аскер окуу жайына жиберилген. КМУнун филология факультетин бүткөн (1954). Ошол жылдан Кыргызстан КП БКнын алдындагы республикалык партиялык мектепте окутуучу, 1955-60-жылдарда Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий кеңешчи, 1960-64-жылдарда СССР жазуучулар союзунда кыргыз адабияты боюнча адабий кеңешчи, 1964-79-жылдарда Кыргызстан мамлекеттик басма комитетинде иштеген. «Паризат» аттуу биринчи поэтикалык жыйнагы 1958-жылы жарык көргөн. Кийин «Биз жакта» (1969), «Кар бетине жаздым кат» (1970), «Мезгил чыйыры» (1972), «Самай берем» (1973), «Оттуу курак» (1975), «Ак таңдар» (1982), «Өмүр берекеси» (1986), «Ышкы багы» (1993) ж. б. ыр, поэмалар жыйнактары, Муса Жалилдин, М. Рыльскийдин, X. Алимжандын, Миртемирдин, Зульфиянын ж. б. ыр, поэмаларын которуп, басмадан чыгарган (1956, 1962, 1966, 1968). «Паризат» поэмасында Октябрь революциясына чейинки кыргыз кыздарынын оор тагдыры, теңсиздик, махабат трагедиясы чагылдырылган. Акын «Денемде жатат коргошун», «Согуш эмне?», «Он сегиз жаш», «Нөшөрдө», «Жол карайт эне» аттуу ырларын согуш темасына арнаган. «Гүлдөйүнчү көктөмдөй», «Сага сундум гүлүмдү», «Күтөр бекен багында?», «Эмне болду?», «Жүрөк гүлүн табабыз» сыяктуу лирикаларында Чыгыш поэзиясынын таасири байкалат. Акын «Байлыгым бар», «Жаз келди», «Жаштык түшсө жадыма», «Билерик», «Он беш кайрык» ж. б. сонеттерди жазган. Байзаковдун поэзиясына ойдун кыска, так, метафоралуу берилиши мүнөздүү. Көпчүлүк ырлары кош саптан туруп, «бейт» формасында жазылган. Анын ондогон ырларына обон чыгарылган. 1985-жылы «Наедине с мечтой» аттуу орус тилинде жарык көргөн поэтикалык жыйнагы үчүн СССР жазуучулар союзунун А. Фадеев атындагы адабий сыйлыгы ыйгарылган. I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.