БАК-ПАРК ИСКУССТВОСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАК-ПАРК ИСКУССТВОСУ '''- жашылдандырыл­ган аймактарды түзүү жумушу. Ал бак, парк | '''БАК-ПАРК ИСКУССТВОСУ '''- жашылдандырыл­ган аймактарды түзүү жумушу. Ал бак, парк жана башкаларды пландоону, өсүмдүктөрдү климатка жана топуракка жараша тандоону, жолдор, көлмөлөр, айкел жана башкалар менен ай­калышта жай­гаштырууну жана топтоону ичине камтыйт. Парк­тын негизги түр­лөрү: тектирлүү (тепкичтүү жана каскаддуу участкалары түрдүү деңгээлде жайга­шат), регулярдуу «француздук» (геометриялык туура формадагы боскеттер, партерлер, көлмөлөр жана аллеялардан турат), пейзаждык «англистик» (көк жайык аянттар, ийри-буйру жалгыз аяк жолдор, суулар, көлмөлөрдөн турган табигый ландшафт сымал композициялар), миниатюралык бактар (байыркы римдик перистилдеги короолор­догу испан-мавритандык типтеги бактар; япон бактары - суу, өсүмдүк, таштан турган символ­дуу композициялар). Бак-парк искусствосунун XX кылымдагы максаты - турак жайды жаратылышка жакында­туу. Бишкектеги Кара жыгач багы, Достук паркы, Жаш Гвардия, Эркиндик бульварлары ма­даний жана эстетикалык талаптарга жооп берет. | ||
[[File:БАК-ПАРК ИСКУССТВОСУ40.png | thumb | Эркиндик бульва­ры - бак-шактуу | [[File:БАК-ПАРК ИСКУССТВОСУ40.png | thumb | Эркиндик бульва­ры - бак-шактуу | ||
көчө.]] | көчө.]] | ||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
09:29, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАК-ПАРК ИСКУССТВОСУ - жашылдандырылган аймактарды түзүү жумушу. Ал бак, парк жана башкаларды пландоону, өсүмдүктөрдү климатка жана топуракка жараша тандоону, жолдор, көлмөлөр, айкел жана башкалар менен айкалышта жайгаштырууну жана топтоону ичине камтыйт. Парктын негизги түрлөрү: тектирлүү (тепкичтүү жана каскаддуу участкалары түрдүү деңгээлде жайгашат), регулярдуу «француздук» (геометриялык туура формадагы боскеттер, партерлер, көлмөлөр жана аллеялардан турат), пейзаждык «англистик» (көк жайык аянттар, ийри-буйру жалгыз аяк жолдор, суулар, көлмөлөрдөн турган табигый ландшафт сымал композициялар), миниатюралык бактар (байыркы римдик перистилдеги короолордогу испан-мавритандык типтеги бактар; япон бактары - суу, өсүмдүк, таштан турган символдуу композициялар). Бак-парк искусствосунун XX кылымдагы максаты - турак жайды жаратылышка жакындатуу. Бишкектеги Кара жыгач багы, Достук паркы, Жаш Гвардия, Эркиндик бульварлары маданий жана эстетикалык талаптарга жооп берет.
