БАКИЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАКИЕВ '''Курманбек Салиевич [1. 8. 1949- | '''БАКИЕВ '''Курманбек Салиевич [1. 8. 1949-жылы туулган., Жалал-Абад облусу, Сузак району, Масадан (азыркы Тейит) айылы] - мамлекеттик ишмер; Кыргыз Республикасынын Президенти (2005 - 2010). | ||
[[File:БАКИЕВ33.png | thumb | none]] | [[File:БАКИЕВ33.png | thumb | none]] | ||
16 сап: | 16 сап: | ||
]]рүлгөн президенттик жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Б. мамл. деңгээлдеги коомдук ишмер катары өткөн кылымдын 90-жылдарында тааныла баштаган. Залкар держава - Советтер Союзунун «өзүнөн-өзү» кыйрап (1990), анын ку­рамындагы Союздук респ-дын ар бири өз бет алдынча мамлекет болуп бөлүнүп кеткен доор­дон (глобалдык окуядан) баштап, ал Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү үчүн болгон тагдыр чечүүчү күрөшкө активдүү катышкан ж-а ушундай жөнөкөй эмес максаттардын ишке ашырылышына өзүнүн омоктуу салымын кошкой. Ошол тарыхый өткөөл мезгилде өзү өтөп келген кызматтарынын (аким, губернатор, премьер-министр, ЖКнын депутаты) практикасы­нан алынган саясий тыянактардын жыйынты­гы катары «Жолду баскан арбытат» («Дорогу осилит идущий») аттуу китебин 2003-ж. орус тилинде жарыялаган. Ал китепте жаш мамлекет - Кырг-ндын алгачкы кадамдарын ж-а же­тишкен ийгиликтерин көрсөтүү м-н катар, мамлекет башкаруудагы кетирилип жаткан кемчи­ликтердин бир кыйласы сындалган. Айрыкча, ошол мезгилде баш көтөрүп калган жаңы за­мандын зыяндуу туундусу - коррупция көрсө­түлгөн. Ошону м-н бирге бул китепте көтөрүлгөн теор. жоболордун өзөгү, негизинен Кыргызстан үчүн жакынкы келечекте жүргүзүлүүгө тийиш болгон саясий, социал.-экон., маданий, ил. ж. б. багыттарды камтыган реформаларга арналган. Автордун ошол кездеги (2003) кыргыз коомчу­лугунун талкуусуна алып чыккан курч дискус­сиялык материалдары Президент Б-дин мамл. көп кырдуу саясатынын башатын түздү. Бир нече түрдөгү программаларга, практикалык иш-ча­раларга негиз болуп берди. Президент Б-дин мамл. ишмердүүлүгүндө, о. эле кыргыз мамлекет­түүлүгүнүн соңку тарыхында, мазмуну ж-а масштабы жагынан эбегейсиз зор тарыхый окуя - ''Шанхай Кызматташтык уюмунун'' (ШКУ) | ]]рүлгөн президенттик жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Б. мамл. деңгээлдеги коомдук ишмер катары өткөн кылымдын 90-жылдарында тааныла баштаган. Залкар держава - Советтер Союзунун «өзүнөн-өзү» кыйрап (1990), анын ку­рамындагы Союздук респ-дын ар бири өз бет алдынча мамлекет болуп бөлүнүп кеткен доор­дон (глобалдык окуядан) баштап, ал Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү үчүн болгон тагдыр чечүүчү күрөшкө активдүү катышкан ж-а ушундай жөнөкөй эмес максаттардын ишке ашырылышына өзүнүн омоктуу салымын кошкой. Ошол тарыхый өткөөл мезгилде өзү өтөп келген кызматтарынын (аким, губернатор, премьер-министр, ЖКнын депутаты) практикасы­нан алынган саясий тыянактардын жыйынты­гы катары «Жолду баскан арбытат» («Дорогу осилит идущий») аттуу китебин 2003-ж. орус тилинде жарыялаган. Ал китепте жаш мамлекет - Кырг-ндын алгачкы кадамдарын ж-а же­тишкен ийгиликтерин көрсөтүү м-н катар, мамлекет башкаруудагы кетирилип жаткан кемчи­ликтердин бир кыйласы сындалган. Айрыкча, ошол мезгилде баш көтөрүп калган жаңы за­мандын зыяндуу туундусу - коррупция көрсө­түлгөн. Ошону м-н бирге бул китепте көтөрүлгөн теор. жоболордун өзөгү, негизинен Кыргызстан үчүн жакынкы келечекте жүргүзүлүүгө тийиш болгон саясий, социал.-экон., маданий, ил. ж. б. багыттарды камтыган реформаларга арналган. Автордун ошол кездеги (2003) кыргыз коомчу­лугунун талкуусуна алып чыккан курч дискус­сиялык материалдары Президент Б-дин мамл. көп кырдуу саясатынын башатын түздү. Бир нече түрдөгү программаларга, практикалык иш-ча­раларга негиз болуп берди. Президент Б-дин мамл. ишмердүүлүгүндө, о. эле кыргыз мамлекет­түүлүгүнүн соңку тарыхында, мазмуну ж-а масштабы жагынан эбегейсиз зор тарыхый окуя - ''Шанхай Кызматташтык уюмунун'' (ШКУ) | ||
[[File:БАКИЕВ36.png | thumb | Шанхай Кызматташтык уюмунун мүчөлөрүнүн Жетинчи саммиттеги жолугушуу учуру (солдон оңго карай): Казакстан Республикасынын Президенти Н. А. Назарбаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Ху Цзиньтао, Кыргыз Республикасынын Президенти К. С. Бакиев, Россия Федерациясынын Президенти В. В. Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Э. Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти И. Каримов. | [[File:БАКИЕВ36.png | thumb | Шанхай Кызматташтык уюмунун мүчөлөрүнүн Жетинчи саммиттеги жолугушуу учуру (солдон оңго карай): Казакстан Республикасынын Президенти Н. А. Назарбаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Ху Цзиньтао, Кыргыз Республикасынын Президенти К. С. Бакиев, Россия Федерациясынын Президенти В. В. Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Э. Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти И. Каримов. | ||
]]Жетинчи саммитинин Кыргызстанда өтүшү, мам­лекет башчыларынын бул жыйынына Президент Б-дин төрагалык кылышы Кырг-нга аб­дан чоң аброй алып келди. ''«Бишкек саммиты»,'' дүннөлүк коомчулуктун көңүлүнүн борборунда болду. Ал эми кабыл алынган эларалык тары­хый документ - ''«Бишкек декларациями»'' Кырг-н үчүн чоң утуш алып келүүгө тийиш. Кыргыз мамлекетинин тышкы саясатынын жыйынтык­тары эларалык дипломатиянын лексиконунда кеңири колдонула баштады. ''Т. Абдылдабеков.'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ]]Жетинчи саммитинин Кыргызстанда өтүшү, мам­лекет башчыларынын бул жыйынына Президент Б-дин төрагалык кылышы Кырг-нга аб­дан чоң аброй алып келди. ''«Бишкек саммиты»,'' дүннөлүк коомчулуктун көңүлүнүн борборунда болду. Ал эми кабыл алынган эларалык тары­хый документ - ''«Бишкек декларациями»'' Кырг-н үчүн чоң утуш алып келүүгө тийиш. Кыргыз мамлекетинин тышкы саясатынын жыйынтык­тары эларалык дипломатиянын лексиконунда кеңири колдонула баштады. ''Т. Абдылдабеков.'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
09:57, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БАКИЕВ Курманбек Салиевич [1. 8. 1949-жылы туулган., Жалал-Абад облусу, Сузак району, Масадан (азыркы Тейит) айылы] - мамлекеттик ишмер; Кыргыз Республикасынын Президенти (2005 - 2010).

КРдин өнөржайга эмг. сиңирген кызматкери. 1978-ж. Куйбышев политехника интун бүтүргөн. Эмгек жолун 1972-74-ж. РФтин Куйбышев (азыркы Самара) ш-ндагы Куйбышев балык з-дунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1974-76-ж. Сов. Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1976-79-ж. Куйбышев ш-ндагы Масленников атн. з-ддо электр-механик, инженер-электрик, 1979-83-ж. Жалалабат ш-ндагы штепселдик ажыраткычтар з-дунун информатикалыкэсептөө борборунда инженер-математик, начальник, 1985-90-ж. Көкжаңгак ш-ндагы «Профиль» з-дунун директору, 1990-91-ж. Кырг-н КП Көкжаңгак шааркомунун 1-секретары, шаардык кеңештин төрагасы, 1991-92-ж. Эл депутаттарынын Жалалабат обл. кеңешинин төрагасынын орунбасары, 1992-94-ж. Тогузторо р-ндук мамл. администрация башчысы - акими, 1994- 95-ж. КРдин Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасынын орунбасары, 1995-97-ж. Жалалабат обл. мамл. админ. башчысынын биринчи орунбасары, губернатору. 1997-2000-ж. Чүй обл. мамл. администрация башчысы - губернатору, 2000-02-ж. КРдин Премьер-министри. 2002- 05-ж. КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты. 2004-жылдан мурдагы бийликтин саясатына каршы күрөшкөн оппозициячыл «Кыргызстан элдик кыймылы» саясий күчтөр бирикмесинин Борб. кеңешинин төрагасы. 2005-жылдын мартынан КРдин Премьер-министри, КРдин Президентинин милдетин аткаруучу. 2005-жылдын 10-июлунда өткө-


рүлгөн президенттик жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Б. мамл. деңгээлдеги коомдук ишмер катары өткөн кылымдын 90-жылдарында тааныла баштаган. Залкар держава - Советтер Союзунун «өзүнөн-өзү» кыйрап (1990), анын курамындагы Союздук респ-дын ар бири өз бет алдынча мамлекет болуп бөлүнүп кеткен доордон (глобалдык окуядан) баштап, ал Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү үчүн болгон тагдыр чечүүчү күрөшкө активдүү катышкан ж-а ушундай жөнөкөй эмес максаттардын ишке ашырылышына өзүнүн омоктуу салымын кошкой. Ошол тарыхый өткөөл мезгилде өзү өтөп келген кызматтарынын (аким, губернатор, премьер-министр, ЖКнын депутаты) практикасынан алынган саясий тыянактардын жыйынтыгы катары «Жолду баскан арбытат» («Дорогу осилит идущий») аттуу китебин 2003-ж. орус тилинде жарыялаган. Ал китепте жаш мамлекет - Кырг-ндын алгачкы кадамдарын ж-а жетишкен ийгиликтерин көрсөтүү м-н катар, мамлекет башкаруудагы кетирилип жаткан кемчиликтердин бир кыйласы сындалган. Айрыкча, ошол мезгилде баш көтөрүп калган жаңы замандын зыяндуу туундусу - коррупция көрсөтүлгөн. Ошону м-н бирге бул китепте көтөрүлгөн теор. жоболордун өзөгү, негизинен Кыргызстан үчүн жакынкы келечекте жүргүзүлүүгө тийиш болгон саясий, социал.-экон., маданий, ил. ж. б. багыттарды камтыган реформаларга арналган. Автордун ошол кездеги (2003) кыргыз коомчулугунун талкуусуна алып чыккан курч дискуссиялык материалдары Президент Б-дин мамл. көп кырдуу саясатынын башатын түздү. Бир нече түрдөгү программаларга, практикалык иш-чараларга негиз болуп берди. Президент Б-дин мамл. ишмердүүлүгүндө, о. эле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн соңку тарыхында, мазмуну ж-а масштабы жагынан эбегейсиз зор тарыхый окуя - Шанхай Кызматташтык уюмунун (ШКУ)

Жетинчи саммитинин Кыргызстанда өтүшү, мамлекет башчыларынын бул жыйынына Президент Б-дин төрагалык кылышы Кырг-нга абдан чоң аброй алып келди. «Бишкек саммиты», дүннөлүк коомчулуктун көңүлүнүн борборунда болду. Ал эми кабыл алынган эларалык тарыхый документ - «Бишкек декларациями» Кырг-н үчүн чоң утуш алып келүүгө тийиш. Кыргыз мамлекетинин тышкы саясатынын жыйынтыктары эларалык дипломатиянын лексиконунда кеңири колдонула баштады. Т. Абдылдабеков.