БАЛКЫБЕКОВА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛКЫБЕКОВА '''Сайрагүл (1922, Нарын облусу, Нарын району, Эчки башы айылы - 7. 10. 1995, Бишкек шаары) - драма артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1970). Актёрлук иши 1939-жылы Нарын драма театрынан башгалган. | '''БАЛКЫБЕКОВА '''Сайрагүл (1922, Нарын облусу, Нарын району, Эчки башы айылы - 7. 10. 1995, Бишкек шаары) - драма артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1970). Актёрлук иши 1939-жылы Нарын драма театрынан башгалган. 1946–1948-жылдары Кыр­гыз мамлекеттик драма театры­нын, 1949-1952-жылдары Пржеваль­скидеги Ысык-Көл облустук дра­ма театрынын, 1952-жыл­дан Кыргыз мамлекеттик драма театрынын артисти. Балкыбекова жергиликтүү авторлордун жана дүйнөлүк классиктердин чыгармала­рындагы ар кыл мүнөздөгү образдарды көрүүчүлөргө | ||
[[File:БАЛКЫБЕКОВА55.png | thumb | none]] | [[File:БАЛКЫБЕКОВА55.png | thumb | none]] |
11:20, 11 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БАЛКЫБЕКОВА Сайрагүл (1922, Нарын облусу, Нарын району, Эчки башы айылы - 7. 10. 1995, Бишкек шаары) - драма артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1970). Актёрлук иши 1939-жылы Нарын драма театрынан башгалган. 1946–1948-жылдары Кыргыз мамлекеттик драма театрынын, 1949-1952-жылдары Пржевальскидеги Ысык-Көл облустук драма театрынын, 1952-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрынын артисти. Балкыбекова жергиликтүү авторлордун жана дүйнөлүк классиктердин чыгармаларындагы ар кыл мүнөздөгү образдарды көрүүчүлөргө

жан дүйнөсүнүн сезимталдыгы, таланты менен жеткире билген. Аткарган негизги ролдору: Айганыш (К. Жантөшев, «Курманбек»), Жаңыл (К. Маликов, А. Куттубаев, «Жаңыл»), Жыпаргүл (Т. Абдумомунов, «Атабектин кызы»), Зуура (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры»), Жер-Эне (Ч. Айтматов, «Саманчы жолу»), Кручинина (А. Н. Островский, «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»), Регина (Шекспир, «Король Лир»), Анна (Л. Толстой, «Анна Каренина»), Эне (Б. Жакиев, «Өкүм»), Бакдөөлөт, Каныкей (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей», «Сейтек »), Бурма (Т.Касымбеков, «Токтогул»), Чүкөдөй (Т. Абдумомунов, «Жыгылган оогонго күлөт»),

Бермет (К. Эшмамбетов, «Саринжи-Бөкөй») жана башкалар. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.