ГЫДАН ЖАРЫМ АРАЛЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЫДА́Н ЖАРЫМ АРАЛЫ , Г ы д а – Батыш Сибирь түздүгүнүн түндүгүндө, Таз ж-а Обь колтуктары (батышта) м-н Кара (Карск) деӊизиндеги Енисей булуӊунун (чыгышта) аралыгында. Уз. 400 кмдей, туурасы 400 км. Жери – дөӊсөөлүү түздүк. Климаты катаал; январдын орт. темп-расы –26°С... –30°С, июлдуку 4төн 11°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 200–300 мм. Мамык чөп-эӊилчектүү ж-а бадалдуу тундра, түштүгүнө токойлуу тундра ландшафттары мүнөздүү. Бугу асыралат, аӊчылык, балык уулоо өнүккөн. Табигый газ кени бар.