БАКТРИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАКТРИЯ ''', Б а к т р и а н а - | '''БАКТРИЯ ''', Б а к т р и а н а - Аму дарыянын ортоңку ж-а жогорку агымындагы байыркы тарыхый аймак. Азыркы Өзбекстан м-н Тажик­стандын түштүк ж-а Афганстандын түндүк облуста­рын камтыган. Бактриянын түндүгү Согд аймагы, түш­түгү ж-а түштүк -чыгышы Арахосия ж-а Гандхара, батышы ''Маргиана'' м-н чектешкен. Бактрия - Орто Азиядагы дыйканчылык маданиятынын ж-а мамле­кеттүүлүк келип чыккан цивилизациянын байыркы борборунун бири. Бактра анын негизги шаары болгон. Б. з. ч. 6-4-кылымдарда Б. ''Ахемениддер'' державасынын, андан соң ''Александр Маке­донскийдин'' империясынын курамына кирген. Анын империясы кыйраган соң Бактриянын аймагында ''Грек — Бактрия падышалыгы'' түзүлгөн. Ки­йинчерээк Бактрия ж-а Согд аймагында тохар уруу­лары тарабынан негизделген ''Кушан падышалыгы'' түптөлгөн. Тохарлардын атынан бул аймак кийин Тохарстан аталып калган. Бактрия - Азиядагы байыркы көркөм маданияттын өнүккөн борборунун бири. Мындан жергиликтүү ж-а алынып келин­ген көркөм буюмдардан турган ''Аму дарыя казынасы'' (б. з. ч. 4-2-кылымдар) табылган. | ||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
08:52, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАКТРИЯ , Б а к т р и а н а - Аму дарыянын ортоңку ж-а жогорку агымындагы байыркы тарыхый аймак. Азыркы Өзбекстан м-н Тажикстандын түштүк ж-а Афганстандын түндүк облустарын камтыган. Бактриянын түндүгү Согд аймагы, түштүгү ж-а түштүк -чыгышы Арахосия ж-а Гандхара, батышы Маргиана м-н чектешкен. Бактрия - Орто Азиядагы дыйканчылык маданиятынын ж-а мамлекеттүүлүк келип чыккан цивилизациянын байыркы борборунун бири. Бактра анын негизги шаары болгон. Б. з. ч. 6-4-кылымдарда Б. Ахемениддер державасынын, андан соң Александр Македонскийдин империясынын курамына кирген. Анын империясы кыйраган соң Бактриянын аймагында Грек — Бактрия падышалыгы түзүлгөн. Кийинчерээк Бактрия ж-а Согд аймагында тохар уруулары тарабынан негизделген Кушан падышалыгы түптөлгөн. Тохарлардын атынан бул аймак кийин Тохарстан аталып калган. Бактрия - Азиядагы байыркы көркөм маданияттын өнүккөн борборунун бири. Мындан жергиликтүү ж-а алынып келинген көркөм буюмдардан турган Аму дарыя казынасы (б. з. ч. 4-2-кылымдар) табылган.