БАКИЕВ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАКИЕВ '''Курманбек Салиевич [1. 8. 1949 | '''БАКИЕВ''' Курманбек Салиевич [1. 8. 1949, Кыргыз ССРи, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Масадан (азыркы Тейит) айылы] – мамлекеттик ишмер; Кыргыз Республикасынын Президенти (2005–2010). | ||
[[File:БАКИЕВ33.png | thumb | none]] | [[File:БАКИЕВ33.png | thumb | none]] | ||
Эмгек жолу Россия Федерациясынын Куйбышев (азыркы Самара) шаарындагы Масленников атындагы заводдо II разряддагы дозатор болуп иштөөдөн башталган (1970). 1972–74-жылдары ошол эле шаардагы балык заводунда жумушчу, 1974-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. 1976-жылы кайрадан Куйбышев шаарына келип, информатикалык эсептөө борборунда III разряддагы автоматчик, V разряддагы электр механиги, инженер-электронщик болуп иштеп, ошол эле учурда Куйбышев шаарындагы политехника институтунун электрондук-эсептөө машина бөлүмүн бүтүргөн (1978). Жалал-Абад шаарындагы штепселдик ажыраткычтар заводунун информатикалык-эсептөө борборунда инженер-математик, начальник (1979–83), Көк-Жаңгак шаарындагы «Профиль» заводунун директору (1985–90), -ж. Кыргызстан КП Көкжаңгак шааркомунун 1-секретары, шаардык кеңештин төрагасы (1990–91), Жалал-Абад облустук эл депутаттар кеңешинин төрагасынын орунбасары (1991–92), Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациянын башчысы – аким (1992–94), КРдин Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасынын орунбасары (1994–95), Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орунбасары, губернатору (1995–97), Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы – губернатору (1997–2000), Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы (2000–02). 2002-жылы Үзөңгү-Кууш капчыгайынын Кытай Эл Республикасына өтүшүнө байланыштуу ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты А. Бекназаров Кыргыз Республикасынын президенти (199–2005) Аскар Акаевге импичмент жарыялоо аракетине киришкен. Ал үчүн А. Бекназаровго кылмыш иши козголуп, камакка алынган жана анын натыйжасында 7–18-мартта Аксы районунда толкундоолор башталып (кара: Аксы окуясы), апрель-май айында башка аймактарда уланган. 22-майда президент А. Акаев Коопсуздук Кеңешин жыйнап, Өкмөт башчысына күнөө коюшуна байланыштуу К. Бакиев кызатынан кетүү тууралуу арызын жазып, оппозициялык кыймылга кошулган. 2002-жылы октябрь айындагы Жогорку Кенешке шайлоодо №15 Ала-Бука округунан Эл өкүлдөр жыйынын депутаттыгына шайланган. 2003-жылдагы конституциялык реформага ылайык 2005-жылдан 90 депутаттан турган бир палаталуу парламент түзүлө тургандыгы белгиленген. 2003-жылы февралда К. Бакиев «Кыргызстандын региондору» фракциясынын катарына кошулуп, 2004-жылы «Кыргызстан элдик кыймылы» аттуу саясий күчтүн биргелешкен борбордук кеңешинин төрагалыгына шайланган жана келерки президенттик шайлоодо өзүнүн кандидатурасын көрсөтө турганын билдирген. 2005-жылы 27-февралда жаңы Жогорку Кеңешке шайлоо жүрүп, 28-февралда биринчи турда 75 округдан депутаттыкка 32 кандидат, негизинен соода же жеке ишкананын ээлери, алардын бири А. Акаевдин уулу Айдар Акаев шайланганы жарыяланган. Ошол эле күнү оппозициядагы беш партия («Ата-Журт», «Жаңы-Багыт», «Кыргызстан Элдик конгресси», «Ар-Намыс», «Таза шайлоо үчүн») жаңы коалицияга биригишкен. 10-мартта К. Бакиев Эл биримдигинин координациялык кеңештин башчылыгына таңдалган. 13-мартта шайлоонун экинчи туру өткөн жана анын жыйынтыгында опозициялык кыймыл жеңилүүгө дуушар болуп, К. Бакиев Жалал-Абад облусундагы №25 Кара-Үңкүр шайлоо округунда жеке ишкерге жеңилип калган. Шайлоонун жыйынтыгы жарыяланар замат алгач өлкөнүн түштүгүндө, анан түндүктө каршылык кыймылы жана жүрүштөр күчөп, кийин ал «жоогазын революциясы» аттуу чоң кыймылга айланган. 22-марттагы Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын алдында А. Акаев бул кыймылды мамлекеттик төңкөрүшкө жасалган аракет катары баалап, бирок өлкөгө өзгөчө абал киргизбей турганын билдирген. 24-мартта Ала-Тоо аянтында көп сандуу митинг башталып, көп өтпөй Өкмөт үйүн басып алышканда президент А. Акаев Казакстанга качууга аргасыз болгон. А. Акаевдин бийлиги кулагандан кийин Жогорку Сот өз чечими менен жаңы өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, мурунку парламенттин курамын калыбына келтирген. Көптөгөн талаш-тартыштардан кийин К. Бакиев бир эле убакта президент жана өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу болуп дайындалган. 28-мартта калыбына келген Жогорку Кеңештин спикерлигине Ө. Текебаев өтүп, 10-июлунда өткөн президенттик шайлоодо шайлоочулардын 88,65 % (башка бир маалымат боюнча 88,9 %) добушу менен К. Бакиев Кыргыз республикасынын президенттигине шайланган. 2006-жылы февраль айында парламенттин спикери менен президент К. Бакиевдин ортолорунда орун алган ачык пикир келишпөөчүлүктөрдөн кийин Ө. Текебаев кызматын тапшырып, спикерликке М. Султанов шайланган. Натыйжада президент К. Бакиевге каршы сын-пикирлер күчөп чыккан. 2006-жылы 30-октябрда депутат М. Эшимканов «Бител» (BiTel) байланыш компаниясы, Кыргыз шампан-вино комбинаты, цемент-шифер заводунун менчиктештирилиши жана президент К. Бакиевдин уулу М. Бакиевдин республиканын экономикасына салым катары кошкон 25 млн доллары жөнүндө маселени көтөргөн. Ошол эле жылы 2-ноябрда оппозициялык кыймыл мамлекетти башкарууда кетирилген кемчиликтерди сындап, Кыргызстандын конституциясын реформалоо талабы менен Бишкек шаарында мөөнөтсүз митингге чыгышкан. Кризистен чыгуу үчүн К. Бакиев конституциянын жаңы проектине 8-ноябрда кол койгондон кийин анын жаңы редакциясын Жогорку Кеңеш 30-декабрда кабыл алган. Анда башка мыйзамдар менен бирге парламенттин макулдугусуз мекеме-уюм ж.б. башчыларын дайындоого президентке атайын укук берилиши өлкөдө кайрадан нааразылык туудурган. Президент К. Бакиев ага карабай 2007-жылы 15-январда конституциясынын жаңы редакциясын бекитип, кол койгон. Нааразылыктар уланып, Бишкек шаарында 11-апрелде башталган митинг К. Бакиевдин отставкага кетишин талап кылган, бирок 19-апрелде ал күч менен таркатылган. Бир нече жолку кайрылуудан кийин 2007-жылы сентябрда Кыргызстандын Конституциялык соту 2006-жылдын ноябрь жана декабрь айларындагы республиканын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөрдү жокко чыгарып, натыйжада өлкө 2003-жылы редакцияланган башкы мыйзамга кайткан. Ошол жылы 19-сентябрда К. Бакиев Кыргызстандын Конституциясын кабыл алуу тууралуу элдик референдумду 2007-жылы 21-октябрда өткөрүүнү белгилеген жарлыкка кол коюп, ошондой эле башкы мыйзам менен бирге Шайлоо кодексине өзгөртүү карала турганын жарыялаган. 2007-жылы 15-октябрда К. Бакиев атайы курултай уюштуруп, анда «Ак жол» аттуу партия түзүлгөн жана ал партиянын төрагалыгына өзү шайланган. 2007-жылы 21-октябрда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өтүп, Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 50% ашык шайлоочулар добуш бергендиктен ал жарактуу деп табылган. Ага ылайык 75 депутаттын ордуна 90 депутаттан турган парламент мындан ары партиялык тизме менен гана шайланып, ал үчүн шайлоочулардан 5%тен кем эмес добуш алууга тийиш болгон. Аны менен бирге депутаттык мандаттын жарымынан көбүнө ээ болгон партияга Кыргызстандын премьер-министрин дайындоо укугу берилген. 2007-жылы 22-октябрда К. Бакиев Жогорку Кеңешти таратуу тууралуу жарлыкка, 23-октябрда 21-октябрдагы референдумда жактырылган Конституциянын жаңы редакциясына кол коюп, ошол эле күнү кезексиз парламенттик шайлоо 2007-жылы 16-декабрда өтө турганы жарыяланган. 24-октябрда кыргыз өкмөтү отставкага кетип, 16-декабрда өткөн кезексиз парламенттик шайлоодо 46,99 % добуш менен «Ак жол» партиясы алдыга чыккан. Жаңы парламент премьер-министрликке өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министринин милдетин аткаруучу И. Чудиновду көрсөтүп, 24-декабрда президент аны өкмөт башчылыгына бекиткен. К. Бакиев экинчи президенттик мөөнөткө баруу ниетин 2009-жылы февраль айында билдирген жана март айында ал шайлоо 2009-жылы 23-июлуна белгиленип, 1-майда «Ак жол» партиясы расмий талапкер катары К. Бакиевди көрсөтүшкөн. Ошол эле жылкы 23-июлдагы кезектеги президенттик шайлоодо шайлоочулардын 76 % К. Бакиевди колдогону маалымдалып, 30-июлда Конституциялык сот шайлоонун жыйынтыгын бекиткен. 2-августта кайра шайланган президент салтанаттуу ант берген, бирок оппозициялык партиялар шайлоо учурунда массалык мыйзам бузуулар болгонун көрсөтүп, анын жыйынтыгына макул эместигин билдиришкен. 2009-жылы 20-октябрда К. Бакиев өлкө бийлигин реформалап, президенттик администрация жоюларын, аны менен бирге мамлекеттик кызматкерлерди массалык түрдө кыскарта турганын жарыялаган. Өкмөт анын бул демилгесин колдоп, отставкага кеткен, көп өтпөй 2009-жылы январь айынан тарта президенттик аппаратты жетектеп келген Д. Үсөнов Кыргызстандын премьер-министрилигине дайындалган. Бирок К. Бакиев башында турган бийлик аларга конструктивдүү жооп берип, чынчыл, ачык-айкын жана ырааттуу иш алып баруу үчүн коомдук пикирге таасир бере албагандыктан өлкө натыйжалуу өзгөрүүлөргө жеткен эмес. 2009-жылы декабрда К. Бакиев өлкөнүн баш мыйзамын (Конституция) өзгөртүп, анын ичинде жакында эле жоюлган мамлекеттик катчыны дайындоо жана президенттик администрацияны, өлкөнүн коопсуздук кеңешин, президенттик гвардияны түзүү милдетин мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарынан ажыратуу; булардан тышкары эгер мамлекет башчысы кандайдыр бир себептерге байланыштуу өз милдетин аткара албай калган учурда аны «убактылуу президент», же «президенттик конференция» же анын мүчөлөрүнүн жалпы санын «жөнөкөй көпчүлүк добуш менен аныктай турган адамга» өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн караган мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунуштаган. Бул сунуштар 2010-жылы январь айында Конституциялык сот тарабынан жактырылып, февраль айында Мамлекеттик кеңеш түзүлгөн жана ага убактылуу президентти шайлоого уруксат берилген. Ушул ж.б. сыяктуу саясий маселелер Кыргызстандагы оппозициялык партиялардын биригишине шарт түзүп, 2010-жылдын март айында алар электр энергиясына жана жылуулукка болгон жаңы тарифтерди жокко чыгаруу, «Кыргызтелеком» «Түндүк электр» ААКын мамлекеттин балансына кайтаруу, М. Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти таратуу, өлкө президентинин башка жакындарын кызматтан алуу талаптары менен митингге чыгышкан. 2010-жылы 6-апрелде Талас шаарында оппозициялык күчтөрдүн нааразылык акциялары башталып, аягында ал башаламандыкка айланып, 7-апрелде борбор калаага жана өлкөнүн бир катар шаарларына жайылган. Тополоңдун натыйжасында ондогон адамдар жарат алып, бир нече адам каза болгон. Натыйжада К. Бакиев 7-апрелде өлкөдө өзгөчө абал киргизүү тууралуу жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган атайын жарлыкка кол койгон. Ага жооп катары республиканын социал-демократиялык партиясынын парламенттеги фракциясынын лидери Роза Отунбаева башында турган оппозициялык кыймыл Убактылуу өкмөт («Эл ишенген өкмөт») түзүп, парламентти таркатуу жана Д. Үсөновдун өкмөтүн кетирүү тууралуу декретин жарялаган. Өкмөт үйүнүн айланасында чаң-тополоң күчөп, К. Бакиев Бишкектен Ошко учкан. Ал жактан Убактылуу өкмөт менен өзүнүн кызматтан кетүү шарттарын талкуулоого даяр экенин билдирген, бирок аны ишке ашырууга жол табылган эмес. Ушундай кырдаалда жашыруун жол менен 15-апрелде Казакстанга чыгып кеткен жана ал жактан Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнө президенттик кызматтан кетүү тууралуу өзү кол койгон арызын тапшырган. Мындан кийин расмий чакыруу менен саясий качкын катары Беларус республикасынын борбору Минск шаарында туруктуу жашоого уруксат берилген. 27-апрелде Кыргызстандын Убактылуу өкмөттүн атайын декрети менен президент Курманбек Бакиев бийликтен четтетилген жана кол тийбестиктен ажыратылган. 6-майда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы К. Бакиевди экстрадициялоо боюнча Беларус Республикасына кайрылуу жолдогон. Бирок Беларустун Башкы прокуратурасы экстрадициялоодон баш тартуу чечимин кабыл алган. 2012-жылы Беларустун маалымат каражаттарында К. Бакиевге ошол өлкөнүн атуулдугу берилгени тууралуу кабар тараган. 2013-жылы 12-февралда Кыргызстанда ага «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып тагылып, 24 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга сыртынан кесилген. 2014-жылы 5-апрелде Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүм боюнча британиялык ишкер Шон Дейлинин өмүрүнө кол салууну уюштурган деген айып тагылган Курманбек Бакиев 25 жылга сырттан эркинен ажыратылган. | |||
Куйбышев | [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
Куйбышев | |||
10:23, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БАКИЕВ Курманбек Салиевич [1. 8. 1949, Кыргыз ССРи, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Масадан (азыркы Тейит) айылы] – мамлекеттик ишмер; Кыргыз Республикасынын Президенти (2005–2010).

Эмгек жолу Россия Федерациясынын Куйбышев (азыркы Самара) шаарындагы Масленников атындагы заводдо II разряддагы дозатор болуп иштөөдөн башталган (1970). 1972–74-жылдары ошол эле шаардагы балык заводунда жумушчу, 1974-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. 1976-жылы кайрадан Куйбышев шаарына келип, информатикалык эсептөө борборунда III разряддагы автоматчик, V разряддагы электр механиги, инженер-электронщик болуп иштеп, ошол эле учурда Куйбышев шаарындагы политехника институтунун электрондук-эсептөө машина бөлүмүн бүтүргөн (1978). Жалал-Абад шаарындагы штепселдик ажыраткычтар заводунун информатикалык-эсептөө борборунда инженер-математик, начальник (1979–83), Көк-Жаңгак шаарындагы «Профиль» заводунун директору (1985–90), -ж. Кыргызстан КП Көкжаңгак шааркомунун 1-секретары, шаардык кеңештин төрагасы (1990–91), Жалал-Абад облустук эл депутаттар кеңешинин төрагасынын орунбасары (1991–92), Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациянын башчысы – аким (1992–94), КРдин Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасынын орунбасары (1994–95), Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орунбасары, губернатору (1995–97), Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы – губернатору (1997–2000), Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы (2000–02). 2002-жылы Үзөңгү-Кууш капчыгайынын Кытай Эл Республикасына өтүшүнө байланыштуу ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты А. Бекназаров Кыргыз Республикасынын президенти (199–2005) Аскар Акаевге импичмент жарыялоо аракетине киришкен. Ал үчүн А. Бекназаровго кылмыш иши козголуп, камакка алынган жана анын натыйжасында 7–18-мартта Аксы районунда толкундоолор башталып (кара: Аксы окуясы), апрель-май айында башка аймактарда уланган. 22-майда президент А. Акаев Коопсуздук Кеңешин жыйнап, Өкмөт башчысына күнөө коюшуна байланыштуу К. Бакиев кызатынан кетүү тууралуу арызын жазып, оппозициялык кыймылга кошулган. 2002-жылы октябрь айындагы Жогорку Кенешке шайлоодо №15 Ала-Бука округунан Эл өкүлдөр жыйынын депутаттыгына шайланган. 2003-жылдагы конституциялык реформага ылайык 2005-жылдан 90 депутаттан турган бир палаталуу парламент түзүлө тургандыгы белгиленген. 2003-жылы февралда К. Бакиев «Кыргызстандын региондору» фракциясынын катарына кошулуп, 2004-жылы «Кыргызстан элдик кыймылы» аттуу саясий күчтүн биргелешкен борбордук кеңешинин төрагалыгына шайланган жана келерки президенттик шайлоодо өзүнүн кандидатурасын көрсөтө турганын билдирген. 2005-жылы 27-февралда жаңы Жогорку Кеңешке шайлоо жүрүп, 28-февралда биринчи турда 75 округдан депутаттыкка 32 кандидат, негизинен соода же жеке ишкананын ээлери, алардын бири А. Акаевдин уулу Айдар Акаев шайланганы жарыяланган. Ошол эле күнү оппозициядагы беш партия («Ата-Журт», «Жаңы-Багыт», «Кыргызстан Элдик конгресси», «Ар-Намыс», «Таза шайлоо үчүн») жаңы коалицияга биригишкен. 10-мартта К. Бакиев Эл биримдигинин координациялык кеңештин башчылыгына таңдалган. 13-мартта шайлоонун экинчи туру өткөн жана анын жыйынтыгында опозициялык кыймыл жеңилүүгө дуушар болуп, К. Бакиев Жалал-Абад облусундагы №25 Кара-Үңкүр шайлоо округунда жеке ишкерге жеңилип калган. Шайлоонун жыйынтыгы жарыяланар замат алгач өлкөнүн түштүгүндө, анан түндүктө каршылык кыймылы жана жүрүштөр күчөп, кийин ал «жоогазын революциясы» аттуу чоң кыймылга айланган. 22-марттагы Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын алдында А. Акаев бул кыймылды мамлекеттик төңкөрүшкө жасалган аракет катары баалап, бирок өлкөгө өзгөчө абал киргизбей турганын билдирген. 24-мартта Ала-Тоо аянтында көп сандуу митинг башталып, көп өтпөй Өкмөт үйүн басып алышканда президент А. Акаев Казакстанга качууга аргасыз болгон. А. Акаевдин бийлиги кулагандан кийин Жогорку Сот өз чечими менен жаңы өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, мурунку парламенттин курамын калыбына келтирген. Көптөгөн талаш-тартыштардан кийин К. Бакиев бир эле убакта президент жана өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу болуп дайындалган. 28-мартта калыбына келген Жогорку Кеңештин спикерлигине Ө. Текебаев өтүп, 10-июлунда өткөн президенттик шайлоодо шайлоочулардын 88,65 % (башка бир маалымат боюнча 88,9 %) добушу менен К. Бакиев Кыргыз республикасынын президенттигине шайланган. 2006-жылы февраль айында парламенттин спикери менен президент К. Бакиевдин ортолорунда орун алган ачык пикир келишпөөчүлүктөрдөн кийин Ө. Текебаев кызматын тапшырып, спикерликке М. Султанов шайланган. Натыйжада президент К. Бакиевге каршы сын-пикирлер күчөп чыккан. 2006-жылы 30-октябрда депутат М. Эшимканов «Бител» (BiTel) байланыш компаниясы, Кыргыз шампан-вино комбинаты, цемент-шифер заводунун менчиктештирилиши жана президент К. Бакиевдин уулу М. Бакиевдин республиканын экономикасына салым катары кошкон 25 млн доллары жөнүндө маселени көтөргөн. Ошол эле жылы 2-ноябрда оппозициялык кыймыл мамлекетти башкарууда кетирилген кемчиликтерди сындап, Кыргызстандын конституциясын реформалоо талабы менен Бишкек шаарында мөөнөтсүз митингге чыгышкан. Кризистен чыгуу үчүн К. Бакиев конституциянын жаңы проектине 8-ноябрда кол койгондон кийин анын жаңы редакциясын Жогорку Кеңеш 30-декабрда кабыл алган. Анда башка мыйзамдар менен бирге парламенттин макулдугусуз мекеме-уюм ж.б. башчыларын дайындоого президентке атайын укук берилиши өлкөдө кайрадан нааразылык туудурган. Президент К. Бакиев ага карабай 2007-жылы 15-январда конституциясынын жаңы редакциясын бекитип, кол койгон. Нааразылыктар уланып, Бишкек шаарында 11-апрелде башталган митинг К. Бакиевдин отставкага кетишин талап кылган, бирок 19-апрелде ал күч менен таркатылган. Бир нече жолку кайрылуудан кийин 2007-жылы сентябрда Кыргызстандын Конституциялык соту 2006-жылдын ноябрь жана декабрь айларындагы республиканын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөрдү жокко чыгарып, натыйжада өлкө 2003-жылы редакцияланган башкы мыйзамга кайткан. Ошол жылы 19-сентябрда К. Бакиев Кыргызстандын Конституциясын кабыл алуу тууралуу элдик референдумду 2007-жылы 21-октябрда өткөрүүнү белгилеген жарлыкка кол коюп, ошондой эле башкы мыйзам менен бирге Шайлоо кодексине өзгөртүү карала турганын жарыялаган. 2007-жылы 15-октябрда К. Бакиев атайы курултай уюштуруп, анда «Ак жол» аттуу партия түзүлгөн жана ал партиянын төрагалыгына өзү шайланган. 2007-жылы 21-октябрда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өтүп, Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 50% ашык шайлоочулар добуш бергендиктен ал жарактуу деп табылган. Ага ылайык 75 депутаттын ордуна 90 депутаттан турган парламент мындан ары партиялык тизме менен гана шайланып, ал үчүн шайлоочулардан 5%тен кем эмес добуш алууга тийиш болгон. Аны менен бирге депутаттык мандаттын жарымынан көбүнө ээ болгон партияга Кыргызстандын премьер-министрин дайындоо укугу берилген. 2007-жылы 22-октябрда К. Бакиев Жогорку Кеңешти таратуу тууралуу жарлыкка, 23-октябрда 21-октябрдагы референдумда жактырылган Конституциянын жаңы редакциясына кол коюп, ошол эле күнү кезексиз парламенттик шайлоо 2007-жылы 16-декабрда өтө турганы жарыяланган. 24-октябрда кыргыз өкмөтү отставкага кетип, 16-декабрда өткөн кезексиз парламенттик шайлоодо 46,99 % добуш менен «Ак жол» партиясы алдыга чыккан. Жаңы парламент премьер-министрликке өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министринин милдетин аткаруучу И. Чудиновду көрсөтүп, 24-декабрда президент аны өкмөт башчылыгына бекиткен. К. Бакиев экинчи президенттик мөөнөткө баруу ниетин 2009-жылы февраль айында билдирген жана март айында ал шайлоо 2009-жылы 23-июлуна белгиленип, 1-майда «Ак жол» партиясы расмий талапкер катары К. Бакиевди көрсөтүшкөн. Ошол эле жылкы 23-июлдагы кезектеги президенттик шайлоодо шайлоочулардын 76 % К. Бакиевди колдогону маалымдалып, 30-июлда Конституциялык сот шайлоонун жыйынтыгын бекиткен. 2-августта кайра шайланган президент салтанаттуу ант берген, бирок оппозициялык партиялар шайлоо учурунда массалык мыйзам бузуулар болгонун көрсөтүп, анын жыйынтыгына макул эместигин билдиришкен. 2009-жылы 20-октябрда К. Бакиев өлкө бийлигин реформалап, президенттик администрация жоюларын, аны менен бирге мамлекеттик кызматкерлерди массалык түрдө кыскарта турганын жарыялаган. Өкмөт анын бул демилгесин колдоп, отставкага кеткен, көп өтпөй 2009-жылы январь айынан тарта президенттик аппаратты жетектеп келген Д. Үсөнов Кыргызстандын премьер-министрилигине дайындалган. Бирок К. Бакиев башында турган бийлик аларга конструктивдүү жооп берип, чынчыл, ачык-айкын жана ырааттуу иш алып баруу үчүн коомдук пикирге таасир бере албагандыктан өлкө натыйжалуу өзгөрүүлөргө жеткен эмес. 2009-жылы декабрда К. Бакиев өлкөнүн баш мыйзамын (Конституция) өзгөртүп, анын ичинде жакында эле жоюлган мамлекеттик катчыны дайындоо жана президенттик администрацияны, өлкөнүн коопсуздук кеңешин, президенттик гвардияны түзүү милдетин мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарынан ажыратуу; булардан тышкары эгер мамлекет башчысы кандайдыр бир себептерге байланыштуу өз милдетин аткара албай калган учурда аны «убактылуу президент», же «президенттик конференция» же анын мүчөлөрүнүн жалпы санын «жөнөкөй көпчүлүк добуш менен аныктай турган адамга» өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн караган мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунуштаган. Бул сунуштар 2010-жылы январь айында Конституциялык сот тарабынан жактырылып, февраль айында Мамлекеттик кеңеш түзүлгөн жана ага убактылуу президентти шайлоого уруксат берилген. Ушул ж.б. сыяктуу саясий маселелер Кыргызстандагы оппозициялык партиялардын биригишине шарт түзүп, 2010-жылдын март айында алар электр энергиясына жана жылуулукка болгон жаңы тарифтерди жокко чыгаруу, «Кыргызтелеком» «Түндүк электр» ААКын мамлекеттин балансына кайтаруу, М. Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти таратуу, өлкө президентинин башка жакындарын кызматтан алуу талаптары менен митингге чыгышкан. 2010-жылы 6-апрелде Талас шаарында оппозициялык күчтөрдүн нааразылык акциялары башталып, аягында ал башаламандыкка айланып, 7-апрелде борбор калаага жана өлкөнүн бир катар шаарларына жайылган. Тополоңдун натыйжасында ондогон адамдар жарат алып, бир нече адам каза болгон. Натыйжада К. Бакиев 7-апрелде өлкөдө өзгөчө абал киргизүү тууралуу жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган атайын жарлыкка кол койгон. Ага жооп катары республиканын социал-демократиялык партиясынын парламенттеги фракциясынын лидери Роза Отунбаева башында турган оппозициялык кыймыл Убактылуу өкмөт («Эл ишенген өкмөт») түзүп, парламентти таркатуу жана Д. Үсөновдун өкмөтүн кетирүү тууралуу декретин жарялаган. Өкмөт үйүнүн айланасында чаң-тополоң күчөп, К. Бакиев Бишкектен Ошко учкан. Ал жактан Убактылуу өкмөт менен өзүнүн кызматтан кетүү шарттарын талкуулоого даяр экенин билдирген, бирок аны ишке ашырууга жол табылган эмес. Ушундай кырдаалда жашыруун жол менен 15-апрелде Казакстанга чыгып кеткен жана ал жактан Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнө президенттик кызматтан кетүү тууралуу өзү кол койгон арызын тапшырган. Мындан кийин расмий чакыруу менен саясий качкын катары Беларус республикасынын борбору Минск шаарында туруктуу жашоого уруксат берилген. 27-апрелде Кыргызстандын Убактылуу өкмөттүн атайын декрети менен президент Курманбек Бакиев бийликтен четтетилген жана кол тийбестиктен ажыратылган. 6-майда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы К. Бакиевди экстрадициялоо боюнча Беларус Республикасына кайрылуу жолдогон. Бирок Беларустун Башкы прокуратурасы экстрадициялоодон баш тартуу чечимин кабыл алган. 2012-жылы Беларустун маалымат каражаттарында К. Бакиевге ошол өлкөнүн атуулдугу берилгени тууралуу кабар тараган. 2013-жылы 12-февралда Кыргызстанда ага «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып тагылып, 24 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга сыртынан кесилген. 2014-жылы 5-апрелде Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүм боюнча британиялык ишкер Шон Дейлинин өмүрүнө кол салууну уюштурган деген айып тагылган Курманбек Бакиев 25 жылга сырттан эркинен ажыратылган.