ГЮЙГЕНС-ФРЕНЕЛЬ ПРИНЦИБИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЮЙГЕНС-ФРЕНЕ́ЛЬ ПРИНЦИБИ – толкундун (өзгөчө жарык толкунунун) таралышы ж-дөгү маселени жакындаштырып эсептеп чыгаруу ыкмасы. Эгер эркибизче алынган толкун таралуучу кандайдыр бетте анын амплитудасы ж-а фазасы белгилүү болсо, анда Г.-Ф. п. б-ча мейкиндиктин берилген чекитинде толкун амплитудасын эсептөөгө болот. Голл. окумуштуу Х. Гюйгенстин алгачкы принцибине ылайык берилген моментте толкун келип жеткен беттин ар бир элементи элементардык толкундун борбору болуп эсептелет. Ошол элементардык толкундардын сырткы бетин жанып өткөн ийри сызык убакыттын келерки моментинде толкундук бетти түзөт. Гюйгенс принциби геом. оптиканын закондоруна ылайык толкундардын таралышын түшүндүрөт, бирок дифракция кубулушун түшүндүрө албайт. Франуз физиги О. Френель (1815) элементардык толкундардын когеренттүүлүгү ж-а интерференциясы ж-дөгү түшүнүктү биринчилерден болуп киргизип, Гюйгенс принцибин толуктаган. Г.-Ф. п. толкун дифракциясынын көп учурларын жакындаштырып карайт.