БАЛДАР АДАБИЯТЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛДАР АДАБИЯТЫ '''- балдардын жаш өзгө­чөлүктөрүнө жараша бөбөктөр, тестиер балдар, өспүрүмдөр үчүн арналып жазылган адабий чы­гармалардын жалпы аталышы. Балдар үчүн жазылган чыгарманын тили жөнөкөй, түшүнүк­түү, элестүү ж-а бай болуусу керек. | '''БАЛДАР АДАБИЯТЫ '''- балдардын жаш өзгө­чөлүктөрүнө жараша бөбөктөр, тестиер балдар, өспүрүмдөр үчүн арналып жазылган адабий чы­гармалардын жалпы аталышы. Балдар үчүн жазылган чыгарманын тили жөнөкөй, түшүнүк­түү, элестүү ж-а бай болуусу керек. Балдар адабияты балдар­ды сөз маданияты м-н тааныштырат, ойлоо жөн­дөмүн кеңитет. А. С. Пушкиндин жомоктору, И. А. Крыловдун тамсилдери, Д. Дефонун «Робинзон Крузо» романы балдардын сүйүктүү ки­тептеринен болуп саналат. X. К. Андерсендин, ага-ини Я. ж-а В. Гриммдердин жомоктору, М. Твендин повесттери ж. б. чыгармалары жаш муундардын айлана-чөйрөгө болгон көз карашын тереңдетип, Ата Журтка, элине болгон сүйүүсүн арттырат, түркүн өнөргө шыктандырат, жооп­керчиликтүү чоң иштерди аткарууга даярдайт. Азыркы Балдар адабияты көп улуттуу. Алардын ар бири­нин өз алдынча өсүш жолу, тарыхы бар. В. В. Маяковский, К. И. Чуковский, С. Я. Маршак, М. Ильин, А. П. Гайдар, В. П. Катаев, С. В. Михалков, Л. А. Кассиль өңдүү жазуучулардын балдар үчүн жазган чыгармалары дүйнөгө бел­гилүү. Кыргыз Балдар адабияты совет мезгилинде жаралды, к. ''Кыргыз балдар адабияты.'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
09:39, 13 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БАЛДАР АДАБИЯТЫ - балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша бөбөктөр, тестиер балдар, өспүрүмдөр үчүн арналып жазылган адабий чыгармалардын жалпы аталышы. Балдар үчүн жазылган чыгарманын тили жөнөкөй, түшүнүктүү, элестүү ж-а бай болуусу керек. Балдар адабияты балдарды сөз маданияты м-н тааныштырат, ойлоо жөндөмүн кеңитет. А. С. Пушкиндин жомоктору, И. А. Крыловдун тамсилдери, Д. Дефонун «Робинзон Крузо» романы балдардын сүйүктүү китептеринен болуп саналат. X. К. Андерсендин, ага-ини Я. ж-а В. Гриммдердин жомоктору, М. Твендин повесттери ж. б. чыгармалары жаш муундардын айлана-чөйрөгө болгон көз карашын тереңдетип, Ата Журтка, элине болгон сүйүүсүн арттырат, түркүн өнөргө шыктандырат, жоопкерчиликтүү чоң иштерди аткарууга даярдайт. Азыркы Балдар адабияты көп улуттуу. Алардын ар биринин өз алдынча өсүш жолу, тарыхы бар. В. В. Маяковский, К. И. Чуковский, С. Я. Маршак, М. Ильин, А. П. Гайдар, В. П. Катаев, С. В. Михалков, Л. А. Кассиль өңдүү жазуучулардын балдар үчүн жазган чыгармалары дүйнөгө белгилүү. Кыргыз Балдар адабияты совет мезгилинде жаралды, к. Кыргыз балдар адабияты.