БАЛДАР КИТЕПКАНАЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БАЛДАР КИТЕПКАНАЛАРЫ '''- балдарга өз аң­ сезимин рухий жактан байытууга, илим негиз­дерин терең өздөштүрүүгө, китеп окуу мада­ниятын үйрөнүүгө көмөк көрсөтүүчү өспүрүмдөр үчүн адистештирилген китептер топтомуна ээ мектептен тышкаркы мекеме. Балдар китепканасы Кыргызстанда 1930-жылдан уюштурула баштаган. 1934-жылы М. В. Фрунзе атындагы алгачкы борбордук балдар китеп­канасы ачылган. 1935-жылдан мектептерде, ки­йин массалык китепкана фондуларында балдар китептеринин фондуларын түзүү кеңири кулач жайган. 1946-жылга чейин Кыргызстанда 5 гана Балдар китепканасы болгон. Алардын үчөө Чүй (мурунку Фрунзе облусу), Ош, Ысык-Көл облустарында ачылган. Андан кийинки жылдары балдарды атуулдукка, эмгекке жана чыгармачылык ой жүгүртүүгө тарбиялап өстүрүүдө китепкананын таасирдүүлүгү эске алынып, райондордо, шаарларда атайын  Балдар китепканалары уюш­турулган. 1954-жылы Фрунзе шаарында Фрунзе облустук балдар китепканасы түзүлгөн. Ал 1958-жылы республикалык балдар китепканасына айланган. 1972-жылы  Балдар китепканаларынын жалпы саны 67 болсо, андан кийинки он жыл­да 106га жеткен, анын ичинен 1967-жылы Ош облустук балдар китепканасы, 1972-жылы Нарын жана Пржевальск (азыркы Каракол) шаарында, кийин 1980-жылы Талас шаарында  Балдар китепканалары ачылып, методикалык иштерди кеңири жайылтышкан. Балдарды китепканада тейлеп, массалык иштердин сапатын жогору­латкан. 1966-жылы Фрунзе шаардык «Ровестник» китепканасы ачылып, 1976-жылы ал Кыргыз ССР мамлекеттик республикалык өспүрүмдөр китепканасына айланган. Бул китепканага 1993-жылы К. Баялиновдун ысымы берилген. 1997-жылы бул эки китепкана бирик­тирилип, К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы болуп түзүлгөн. Эгемендүүлүккө жетишкенден кийин республиканын коомдук турмушу жаңыланып,  Балдар китепканалары көп өзгө­рүүгө дуушар болду. Финансылык жагдайга бай­ланыштуу 130  Балдар китепканаларынын 45% жабылып, учурда 72  Балдар китепканасы мезгил талабына жараша балдарды эли­ жерин сүйүүгө, эне тилин, тарыхын, маданиятын, искусствосун жана адабиятын кеңири үйрөнүп билүүгө ба­гытталган иш-пландарды жүргүзүшүүдө. Балдар китепканасынын фонду окурмандардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша коомдук-саясий, илимий, көркөм адабияттар, гезит­-журналдар менен камсыздалган. ''С. Ишенов.''
'''БАЛДАР КИТЕПКАНАЛАРЫ '''- балдарга өз аң­ сезимин рухий жактан байытууга, илим негиз­дерин терең өздөштүрүүгө, китеп окуу мада­ниятын үйрөнүүгө көмөк көрсөтүүчү өспүрүмдөр үчүн адистештирилген китептер топтомуна ээ мектептен тышкаркы мекеме. Балдар китепканасы Кыргызстанда 1930-жылдан уюштурула баштаган. 1934-жылы М. В. Фрунзе атындагы алгачкы борбордук балдар китеп­канасы ачылган. 1935-жылдан мектептерде, ки­йин массалык китепкана фондуларында балдар китептеринин фондуларын түзүү кеңири кулач жайган. 1946-жылга чейин Кыргызстанда 5 гана Балдар китепканасы болгон. Алардын үчөө Чүй (мурунку Фрунзе облусу), Ош, Ысык-Көл облустарында ачылган. Андан кийинки жылдары балдарды атуулдукка, эмгекке жана чыгармачылык ой жүгүртүүгө тарбиялап өстүрүүдө китепкананын таасирдүүлүгү эске алынып, райондордо, шаарларда атайын  Балдар китепканалары уюш­турулган. 1954-жылы Фрунзе шаарында Фрунзе облустук балдар китепканасы түзүлгөн. Ал 1958-жылы республикалык балдар китепканасына айланган. 1972-жылы  Балдар китепканаларынын жалпы саны 67 болсо, андан кийинки он жыл­да 106га жеткен, анын ичинен 1967-жылы Ош облустук балдар китепканасы, 1972-жылы Нарын жана Пржевальск (азыркы Каракол) шаарында, кийин 1980-жылы Талас шаарында  Балдар китепканалары ачылып, методикалык иштерди кеңири жайылтышкан. Балдарды китепканада тейлеп, массалык иштердин сапатын жогору­латкан. 1966-жылы Фрунзе шаардык «Ровестник» китепканасы ачылып, 1976-жылы ал Кыргыз ССР мамлекеттик республикалык өспүрүмдөр китепканасына айланган. Бул китепканага 1993-жылы К. Баялиновдун ысымы берилген. 1997-жылы бул эки китепкана бирик­тирилип, К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы болуп түзүлгөн. Эгемендүүлүккө жетишкенден кийин республиканын коомдук турмушу жаңыланып,  Балдар китепканалары көп өзгө­рүүгө дуушар болду. Финансылык жагдайга бай­ланыштуу 130  Балдар китепканаларынын 45% жабылып, учурда 72  Балдар китепканасы мезгил талабына жараша балдарды эли­ жерин сүйүүгө, эне тилин, тарыхын, маданиятын, искусствосун жана адабиятын кеңири үйрөнүп билүүгө ба­гытталган иш-пландарды жүргүзүшүүдө. Балдар китепканасынын фонду окурмандардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша коомдук-саясий, илимий, көркөм адабияттар, гезит­-журналдар менен камсыздалган.  
[[Файл:Нарын.jpg|thumb|275x275px|Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепкана]]
 
[[Файл:Бала.jpg|left|thumb|258x258px|К. Баялинов атындагы китепкана]]
''С. Ишенов.''
[[Файл:Ош.jpg|center|thumb|258x258px|Ош облустук Т. Мияшов атындагы балдар китепканасы]]  
[[Файл:Нарын.jpg|thumb|275x275px|Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепкана]]
[[Файл:Бала.jpg|left|thumb|258x258px|К. Баялинов атындагы китепкана]]
[[Файл:Ош.jpg|center|thumb|258x258px|Ош облустук Т. Мияшов атындагы балдар китепканасы]]  


[[Category: 2-том, 1-69 бб]]
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

09:53, 13 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БАЛДАР КИТЕПКАНАЛАРЫ - балдарга өз аң­ сезимин рухий жактан байытууга, илим негиз­дерин терең өздөштүрүүгө, китеп окуу мада­ниятын үйрөнүүгө көмөк көрсөтүүчү өспүрүмдөр үчүн адистештирилген китептер топтомуна ээ мектептен тышкаркы мекеме. Балдар китепканасы Кыргызстанда 1930-жылдан уюштурула баштаган. 1934-жылы М. В. Фрунзе атындагы алгачкы борбордук балдар китеп­канасы ачылган. 1935-жылдан мектептерде, ки­йин массалык китепкана фондуларында балдар китептеринин фондуларын түзүү кеңири кулач жайган. 1946-жылга чейин Кыргызстанда 5 гана Балдар китепканасы болгон. Алардын үчөө Чүй (мурунку Фрунзе облусу), Ош, Ысык-Көл облустарында ачылган. Андан кийинки жылдары балдарды атуулдукка, эмгекке жана чыгармачылык ой жүгүртүүгө тарбиялап өстүрүүдө китепкананын таасирдүүлүгү эске алынып, райондордо, шаарларда атайын Балдар китепканалары уюш­турулган. 1954-жылы Фрунзе шаарында Фрунзе облустук балдар китепканасы түзүлгөн. Ал 1958-жылы республикалык балдар китепканасына айланган. 1972-жылы Балдар китепканаларынын жалпы саны 67 болсо, андан кийинки он жыл­да 106га жеткен, анын ичинен 1967-жылы Ош облустук балдар китепканасы, 1972-жылы Нарын жана Пржевальск (азыркы Каракол) шаарында, кийин 1980-жылы Талас шаарында Балдар китепканалары ачылып, методикалык иштерди кеңири жайылтышкан. Балдарды китепканада тейлеп, массалык иштердин сапатын жогору­латкан. 1966-жылы Фрунзе шаардык «Ровестник» китепканасы ачылып, 1976-жылы ал Кыргыз ССР мамлекеттик республикалык өспүрүмдөр китепканасына айланган. Бул китепканага 1993-жылы К. Баялиновдун ысымы берилген. 1997-жылы бул эки китепкана бирик­тирилип, К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы болуп түзүлгөн. Эгемендүүлүккө жетишкенден кийин республиканын коомдук турмушу жаңыланып, Балдар китепканалары көп өзгө­рүүгө дуушар болду. Финансылык жагдайга бай­ланыштуу 130 Балдар китепканаларынын 45% жабылып, учурда 72 Балдар китепканасы мезгил талабына жараша балдарды эли­ жерин сүйүүгө, эне тилин, тарыхын, маданиятын, искусствосун жана адабиятын кеңири үйрөнүп билүүгө ба­гытталган иш-пландарды жүргүзүшүүдө. Балдар китепканасынын фонду окурмандардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша коомдук-саясий, илимий, көркөм адабияттар, гезит­-журналдар менен камсыздалган.

С. Ишенов.

Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепкана
К. Баялинов атындагы китепкана
Ош облустук Т. Мияшов атындагы балдар китепканасы