БАЛДАР ҮЙҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛДАР ҮЙҮ '''- ата-энеси жок жетим калган, ата-энелери укугунан ажыраган же | '''БАЛДАР ҮЙҮ '''- ата-энеси жок жетим калган, ата-энелери укугунан ажыраган же ден соолугу начар, балдарын убактылуу бага албаган ж. б. орчундуу себептерден улам кароосуз, багуусуз калган балдарды тарбиялоочу мекеме. Кыргызстанда Балдар үйү 7 жашка чейинки ж-а мектеп курагындагы балдарды тарбиялоочу мекеме болуп бөлүнөт. Балдар үйү тибине ж-а укуктук статусуна ылайык бал­дар жашоочу жай, тамак-аш, кийим-кечек, да­рылоо, окутуп-тарбиялоо үчүн керектүү шарт­тар м-н камсыздалат. Мектепке чейинки курактагы балдар Бишкек, Токмок шаарларындагы Балдар үйүндө атайы адистиги бар педагог, медицина кызмат­керлеринин камкордугу астында тарбияланып, 6-7 жаштан кийин мектеп курагындагы бал­дарга арналган Чүй облусунун Москва районундагы, Ош облусунун Кара-Суу, Баткен облусунун Кадамжай райондорундагы Балдар үйүнө тапшырылат. Балдар үйү кароосуз калган балдарга мамлекеттик деңгээлде кам көрүп, келечекте өз турмушунун ээси болууга, эмгек­тенүүгө даярдайт. | ||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
10:19, 13 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЛДАР ҮЙҮ - ата-энеси жок жетим калган, ата-энелери укугунан ажыраган же ден соолугу начар, балдарын убактылуу бага албаган ж. б. орчундуу себептерден улам кароосуз, багуусуз калган балдарды тарбиялоочу мекеме. Кыргызстанда Балдар үйү 7 жашка чейинки ж-а мектеп курагындагы балдарды тарбиялоочу мекеме болуп бөлүнөт. Балдар үйү тибине ж-а укуктук статусуна ылайык балдар жашоочу жай, тамак-аш, кийим-кечек, дарылоо, окутуп-тарбиялоо үчүн керектүү шарттар м-н камсыздалат. Мектепке чейинки курактагы балдар Бишкек, Токмок шаарларындагы Балдар үйүндө атайы адистиги бар педагог, медицина кызматкерлеринин камкордугу астында тарбияланып, 6-7 жаштан кийин мектеп курагындагы балдарга арналган Чүй облусунун Москва районундагы, Ош облусунун Кара-Суу, Баткен облусунун Кадамжай райондорундагы Балдар үйүнө тапшырылат. Балдар үйү кароосуз калган балдарга мамлекеттик деңгээлде кам көрүп, келечекте өз турмушунун ээси болууга, эмгектенүүгө даярдайт.