БАЛТИКА ДЕҢИЗИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛТИКА ДЕҢИЗИ '''(байыркы славянча - Варяг деңизи) - Атлантика океанындагы материкке кирип жаткан деңиз, | '''БАЛТИКА ДЕҢИЗИ '''(байыркы славянча - Варяг деңизи) - Атлантика океанындагы материкке кирип жаткан деңиз, Түндүк ж-а Ортоңку Европа­нын жээктеринде. Россия Федерациясы, Латвия, Польша, Германия, Дания, Швеция ж-а Финляндия өлкөлөрү м-н чектешет. Аянты 419 миң ''км<sup>2''. Дания кысыктары аркылуу Түндүк деңиз м-н туташат. Көлөмү 21,5 миң ''км''<sup>3</sup>. Материктик та­йыздыкта жайгашкан, басымдуу тереңдиги 40100 ''м'', эң терең жери 470 ''м''. Түндүк жээги аскалуу, негизинен шхер ж-а фьорд тибинде, түштүгү ж-а түштүк-чыгышы ойдуңдуу, кумдуу, лагуна тибинде. Жээги булуң-буйткалуу, эң терең булуң­дары: Ботния, Финн, Рига, Курш, Щецин, Гдань. Аралдары: Аланд, Моонзунд, Борнхольм, Готланд, Эланд, Сааремаа, Хийумаа, Рюген. Балтика деңизине Нева, Батыш Двина (Даугава), Неман, Висла, Одра ж. б. дарыялар куят. Орточо температурасы кышында 1-3°С, жээгинде 0°Сден төмөн, жай­ында 18-20°С. Туздуулугу батышында 11%о, борбордук бөлүгүндө 6-8%,. Булуңдарында ж-а жээктеринде муз 16-45 күндөн (Дания кысыктары) 210 күнгө чейин (Түндүк Ботния булуңу) жа­тат. Шамалдын ж-а өзгөрүлмөлүү аба басымы­нын таасиринен деңиз деңгээли 1,5-3 ''м'' ге көтөрүлүп, булуңдарда суу ташкындайт (мисалы, Нева колту­гунда). Суткасына эки ж-а бир жолу ташкындайт (0,04 ''м'' ден 0,1 ''м'' ге чейин). Балык (негизинен килька, салака, балтика трескасы) карма­лат. Волга - Балтика суу жолу аркылуу Волга, Ак деңиз - Балтика каналы аркылуу Ак деңиз м-н туташат. Антропогендик таасирден экологиялык абалы начарлап кеткен. Негизги порттору: Санкт-Петербург, Таллин, Рига, Лиепая, Калининград, Клайпеда, Гданьск, Гдыня, Щецин, Росток, Любек, Киль, Копенгаген, Мальмё, Стокгольм, Лулео, Турку, Хельсинки, Котка. Жээгинде Сопот, Юрмала, Лиепая, Колобжег, Устка, Херингсдорф ж. б. белгилүү курорттор жайгашкан. | ||
''Б. Мудаева.'' | |||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
09:23, 14 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЛТИКА ДЕҢИЗИ (байыркы славянча - Варяг деңизи) - Атлантика океанындагы материкке кирип жаткан деңиз, Түндүк ж-а Ортоңку Европанын жээктеринде. Россия Федерациясы, Латвия, Польша, Германия, Дания, Швеция ж-а Финляндия өлкөлөрү м-н чектешет. Аянты 419 миң км2. Дания кысыктары аркылуу Түндүк деңиз м-н туташат. Көлөмү 21,5 миң км3. Материктик тайыздыкта жайгашкан, басымдуу тереңдиги 40100 м, эң терең жери 470 м. Түндүк жээги аскалуу, негизинен шхер ж-а фьорд тибинде, түштүгү ж-а түштүк-чыгышы ойдуңдуу, кумдуу, лагуна тибинде. Жээги булуң-буйткалуу, эң терең булуңдары: Ботния, Финн, Рига, Курш, Щецин, Гдань. Аралдары: Аланд, Моонзунд, Борнхольм, Готланд, Эланд, Сааремаа, Хийумаа, Рюген. Балтика деңизине Нева, Батыш Двина (Даугава), Неман, Висла, Одра ж. б. дарыялар куят. Орточо температурасы кышында 1-3°С, жээгинде 0°Сден төмөн, жайында 18-20°С. Туздуулугу батышында 11%о, борбордук бөлүгүндө 6-8%,. Булуңдарында ж-а жээктеринде муз 16-45 күндөн (Дания кысыктары) 210 күнгө чейин (Түндүк Ботния булуңу) жатат. Шамалдын ж-а өзгөрүлмөлүү аба басымынын таасиринен деңиз деңгээли 1,5-3 м ге көтөрүлүп, булуңдарда суу ташкындайт (мисалы, Нева колтугунда). Суткасына эки ж-а бир жолу ташкындайт (0,04 м ден 0,1 м ге чейин). Балык (негизинен килька, салака, балтика трескасы) кармалат. Волга - Балтика суу жолу аркылуу Волга, Ак деңиз - Балтика каналы аркылуу Ак деңиз м-н туташат. Антропогендик таасирден экологиялык абалы начарлап кеткен. Негизги порттору: Санкт-Петербург, Таллин, Рига, Лиепая, Калининград, Клайпеда, Гданьск, Гдыня, Щецин, Росток, Любек, Киль, Копенгаген, Мальмё, Стокгольм, Лулео, Турку, Хельсинки, Котка. Жээгинде Сопот, Юрмала, Лиепая, Колобжег, Устка, Херингсдорф ж. б. белгилүү курорттор жайгашкан.
Б. Мудаева.