БАЛТЫРКАН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛТЫРКАН '''( | '''БАЛТЫРКАН '''(Негасlеum) — өсүмдүктөрдүн чатыр гүлдүүлөр тукумунун уруусу; эки же көп жылдык чөп. Сабагы түктүү, катуу, көңдөй, би­йиктиги 1—1,5 ''м''. Жалбырагы татаал же үч ача кесилген. Моно же поликарптык өсүмдүк. Гү­лү майда, ак, сары, жашыл, мала кызыл. Топ­ гүлү - татаал чатырча. Мөмөсү - кутуча. Жер жүзүндө 70, Кыргызстанда 4 түрү жайлоодо, бөксө тоодо суу жээктеп өсөт. Уругу м-н көбөйөт, кө­пөлөктөр чаңдаштырат. Тоют катары пайдалы­нылат, жаш өркүндөрү желет. Алай тоолорун­да ж-а Чоң Кемин өрөөнүндө эки эндемик түрү өсөт. Уругунда эфир майы, кумарин болгондук­тан, медицинада колдонулат. Балтыркандын көп түрүнүн ширеси дерматит (күйүк) пайда кылат. Кээ бир түрлөрү кооздук үчүн өстүрүлөт. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
09:42, 14 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЛТЫРКАН (Негасlеum) — өсүмдүктөрдүн чатыр гүлдүүлөр тукумунун уруусу; эки же көп жылдык чөп. Сабагы түктүү, катуу, көңдөй, бийиктиги 1—1,5 м. Жалбырагы татаал же үч ача кесилген. Моно же поликарптык өсүмдүк. Гүлү майда, ак, сары, жашыл, мала кызыл. Топ гүлү - татаал чатырча. Мөмөсү - кутуча. Жер жүзүндө 70, Кыргызстанда 4 түрү жайлоодо, бөксө тоодо суу жээктеп өсөт. Уругу м-н көбөйөт, көпөлөктөр чаңдаштырат. Тоют катары пайдалынылат, жаш өркүндөрү желет. Алай тоолорунда ж-а Чоң Кемин өрөөнүндө эки эндемик түрү өсөт. Уругунда эфир майы, кумарин болгондуктан, медицинада колдонулат. Балтыркандын көп түрүнүн ширеси дерматит (күйүк) пайда кылат. Кээ бир түрлөрү кооздук үчүн өстүрүлөт.