БАЛЫК ЧАРБАСЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛЫК ЧАРБАСЫ '''- айыл | '''БАЛЫК ЧАРБАСЫ '''- айыл чарбасынын балык өстүрүүчү ж-а аларды көбөйтүп, тукумун жак­шыртуу ишин жүргүзүүчү тармагы. Табигый ж-а жасалма көлмө балык чарбасына бөлүнөт. Табигый көлмө балык чарбасы дарыя, көл, суу сактагыч ж-а деңиз­де балык запасын көбөйтөт. Азыркы балык чарбасы балык өстүрүүчү көлмөнү мелиорациялоо ж-а ба­лыктын жаңы түрүн байырлаштыруу иштери м-н бирге комплекстүү жүргүзүлөт. Мелиорация­нын натыйжасында балыкты табигый көбөйтүү шарты жакшырат, урук чачуучу жайларда ту­руктуу суу режими түзүлөт. Колдо өстүрүү максатында көл жээктерине балык заводдору курул­ган. Алар урукту инкубациялоо ж-а табигый көлмөлөргө коё берилүүчү майда балыктарды чоңойтуу ж. б. иштерди жүргүзөт. Севан көлүнөн (Армения) Ысык-Көлгө алынып келингген жилин­гир (форель) балыгы жакшы байырланып, ай­рымынын салмагы 24 ''кг''га чейин жеткен. Токто­гул, Киров ж. б. суу сактагычтарында балык чарбасы өнүгүүдө. Балыкты тоюттандыруу, өстүрүү, көлмөнүн азыктуулугун арттыруу ж. б. маселе­лерди атайын илимий-изилдөө мекемелери иштеп чыгат.<br> | ||
Ад.: ''Иманов Ж.'' Кыргызстандын балык чарбасы. Ф., 1980; ''Таиров М. Т.'' Рыбоводство и рыболовство. А.-А., 1985. | Ад.: ''Иманов Ж.'' Кыргызстандын балык чарбасы. Ф., 1980; ''Таиров М. Т.'' Рыбоводство и рыболовство. А.-А., 1985. | ||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | [[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
10:06, 14 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БАЛЫК ЧАРБАСЫ - айыл чарбасынын балык өстүрүүчү ж-а аларды көбөйтүп, тукумун жакшыртуу ишин жүргүзүүчү тармагы. Табигый ж-а жасалма көлмө балык чарбасына бөлүнөт. Табигый көлмө балык чарбасы дарыя, көл, суу сактагыч ж-а деңизде балык запасын көбөйтөт. Азыркы балык чарбасы балык өстүрүүчү көлмөнү мелиорациялоо ж-а балыктын жаңы түрүн байырлаштыруу иштери м-н бирге комплекстүү жүргүзүлөт. Мелиорациянын натыйжасында балыкты табигый көбөйтүү шарты жакшырат, урук чачуучу жайларда туруктуу суу режими түзүлөт. Колдо өстүрүү максатында көл жээктерине балык заводдору курулган. Алар урукту инкубациялоо ж-а табигый көлмөлөргө коё берилүүчү майда балыктарды чоңойтуу ж. б. иштерди жүргүзөт. Севан көлүнөн (Армения) Ысык-Көлгө алынып келингген жилингир (форель) балыгы жакшы байырланып, айрымынын салмагы 24 кгга чейин жеткен. Токтогул, Киров ж. б. суу сактагычтарында балык чарбасы өнүгүүдө. Балыкты тоюттандыруу, өстүрүү, көлмөнүн азыктуулугун арттыруу ж. б. маселелерди атайын илимий-изилдөө мекемелери иштеп чыгат.
Ад.: Иманов Ж. Кыргызстандын балык чарбасы. Ф., 1980; Таиров М. Т. Рыбоводство и рыболовство. А.-А., 1985.