БАЛЫКЧЫ БУЛУҢУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛЫКЧЫ БУЛУҢУ ''', К ө т м а л д ы б | '''БАЛЫКЧЫ БУЛУҢУ ''', К ө т м а л д ы б у л у ң у - Ысык-Көлдүн батыш бөлүгүндөгү эң ири булуң. Чырпыкты кыштагынан меридиан боюнча кеткен 100 ''м'' изобата сызыгы булуңдун табигый чыгыш чеги болуп саналат. Узундугу 34 ''км'' ге чейин, эң кууш жери Тору-Айгыр ж-а Туура-Суу жарым аралынын аралыгында - 13,5 ''км.'' Булуңду батышынан чек­теген Балыкчы түздүгү саздак келип, кумдук­ чопо, шагыл таш тектеринен түзүлгөн; камыш­туу. Түндүгүндөгү ж-а түштүгүндөгү аккумуля­циялык жээктеринде чычырканак өсөт. Жа­рым чөлдүү жээгиндеги Боз-Бармак тоосунун чыгыш капталынан, 1620-1640 ''м'' бийиктен көлдүн жогорку деңгээлинин издери байкалат. Боз-Бар­мактын чыгыш уландысы кенен сайроон түрүндө суу астында жатат (10 ''м'' изобата сызыгы жээк­тен 3-5 ''км'' ге чейин жетет). Булуңга туруктуу суу куйбайт; мезгили м-н гана Тору-Айгыр ж-а Туура-Суу сайларынан суу акканы байкалат. Мурда Чүй дарыясынын ийилген жериндеги саздак нук аркылуу Ысык-Көлгө суу куюп турган деген илимий болжол бар (к. ''Бууган, Көтмалды, Ысык-Көл''). Көлдүн деңгээлинин төмөндөшүнөн булуңдун аянты да кичирейүүдө; 1957-жылдан 1984-жылга чейин булуңдун суусу тартылып, кургактыкка айланган жердин аянты 10 ''км'' <sup>2</sup>ге жеткен. Булуңдун таманында суу астындагы эки өрөөн (нук) бар, алар мурда көлдүн деңгээли 110 ''м'' тереңдикте болгон мезгилде жаралгандыгы аныкталган. Өрөөндүн бири Көтмалды нугу­нун чатынан башталып, булуңдун чыгышында 90 ''м'' тереңдиктен бүтөт. Анын эң жазы жери 600 ''м,'' чуңкурдугу башталышында 5-6 ''м,'' орто бөлүгүндө 20 ''м'' дей. Көтмалдынын нугуна суу астындагы өрөөндүн уланып жатышына байла­ныштуу айрым илимпоздор аны Чүй дарыясынын мур­дагы нугу деп аныкташса, башкалары ал Ысык-Көлгө куйган өзүнчө суунун нугу деген пикирге келишүүдө. Экинчи өрөөн (нук) Туура-Суунун уландысы; ал 10 ''м'' тереңдиктен башталып, 120 ''м'' тереңдиктен бүтөт; туурасы 1,0-1,2 ''км,'' чуңкурлугу 40 ''м'' ге чейин. Булуңдун аймагы Ысык-Көл өрөөнүндөгү эң кургакчыл жер бол­гондуктан мында буулануу да кескин жогору (жылына 900 ''мм'' ден ашык). Балыкчы булуңуна саат жебе­синин багытына каршы аккан өзүнчө циклон­дук суу айлампасы мүнөздүү. Август-октябрь айларында батыштан соккон «улан» шамалынан кийин саат жебеси боюнча аккан антициклондук циркуляция агымы пайда болот; шамалдын таа­сиринен булуңдун деңгээли 30 ''см'' ге чейин өзгө­рүп (тартылуу, көтөрүлүү толкундары), шамал басылгандан кийин мезгил-мезгили м-н ''сейши'' кубулушу байкалат. Булуңдун түбүндө (3540 ''м'' тереңдикте) негизинен «хара» балырлары өсөт. Бул балырлар чирип, күкүрттүү суу тек жыттанган автохтон кара баткагын пайда кылат. Баткактын запасы мол болгондуктан, да­рылоодо ж-а чарбада (жер семирткич катары) мааниси зор. Чабак, сазан, каңылтыр, ошондой эле жылтыр балыктары бар. Жээгинде Балыкчы шаары ж-а кеме турак жайгашкан.<br>Ад.: Приозёрная зона озера Иссык-Куля. Ф., 1979. | ||
Ад.: Приозёрная зона озера Иссык-Куля. Ф., 1979. | |||
''С. Өмурзаков.'' | |||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
03:30, 17 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЛЫКЧЫ БУЛУҢУ , К ө т м а л д ы б у л у ң у - Ысык-Көлдүн батыш бөлүгүндөгү эң ири булуң. Чырпыкты кыштагынан меридиан боюнча кеткен 100 м изобата сызыгы булуңдун табигый чыгыш чеги болуп саналат. Узундугу 34 км ге чейин, эң кууш жери Тору-Айгыр ж-а Туура-Суу жарым аралынын аралыгында - 13,5 км. Булуңду батышынан чектеген Балыкчы түздүгү саздак келип, кумдук чопо, шагыл таш тектеринен түзүлгөн; камыштуу. Түндүгүндөгү ж-а түштүгүндөгү аккумуляциялык жээктеринде чычырканак өсөт. Жарым чөлдүү жээгиндеги Боз-Бармак тоосунун чыгыш капталынан, 1620-1640 м бийиктен көлдүн жогорку деңгээлинин издери байкалат. Боз-Бармактын чыгыш уландысы кенен сайроон түрүндө суу астында жатат (10 м изобата сызыгы жээктен 3-5 км ге чейин жетет). Булуңга туруктуу суу куйбайт; мезгили м-н гана Тору-Айгыр ж-а Туура-Суу сайларынан суу акканы байкалат. Мурда Чүй дарыясынын ийилген жериндеги саздак нук аркылуу Ысык-Көлгө суу куюп турган деген илимий болжол бар (к. Бууган, Көтмалды, Ысык-Көл). Көлдүн деңгээлинин төмөндөшүнөн булуңдун аянты да кичирейүүдө; 1957-жылдан 1984-жылга чейин булуңдун суусу тартылып, кургактыкка айланган жердин аянты 10 км 2ге жеткен. Булуңдун таманында суу астындагы эки өрөөн (нук) бар, алар мурда көлдүн деңгээли 110 м тереңдикте болгон мезгилде жаралгандыгы аныкталган. Өрөөндүн бири Көтмалды нугунун чатынан башталып, булуңдун чыгышында 90 м тереңдиктен бүтөт. Анын эң жазы жери 600 м, чуңкурдугу башталышында 5-6 м, орто бөлүгүндө 20 м дей. Көтмалдынын нугуна суу астындагы өрөөндүн уланып жатышына байланыштуу айрым илимпоздор аны Чүй дарыясынын мурдагы нугу деп аныкташса, башкалары ал Ысык-Көлгө куйган өзүнчө суунун нугу деген пикирге келишүүдө. Экинчи өрөөн (нук) Туура-Суунун уландысы; ал 10 м тереңдиктен башталып, 120 м тереңдиктен бүтөт; туурасы 1,0-1,2 км, чуңкурлугу 40 м ге чейин. Булуңдун аймагы Ысык-Көл өрөөнүндөгү эң кургакчыл жер болгондуктан мында буулануу да кескин жогору (жылына 900 мм ден ашык). Балыкчы булуңуна саат жебесинин багытына каршы аккан өзүнчө циклондук суу айлампасы мүнөздүү. Август-октябрь айларында батыштан соккон «улан» шамалынан кийин саат жебеси боюнча аккан антициклондук циркуляция агымы пайда болот; шамалдын таасиринен булуңдун деңгээли 30 см ге чейин өзгөрүп (тартылуу, көтөрүлүү толкундары), шамал басылгандан кийин мезгил-мезгили м-н сейши кубулушу байкалат. Булуңдун түбүндө (3540 м тереңдикте) негизинен «хара» балырлары өсөт. Бул балырлар чирип, күкүрттүү суу тек жыттанган автохтон кара баткагын пайда кылат. Баткактын запасы мол болгондуктан, дарылоодо ж-а чарбада (жер семирткич катары) мааниси зор. Чабак, сазан, каңылтыр, ошондой эле жылтыр балыктары бар. Жээгинде Балыкчы шаары ж-а кеме турак жайгашкан.
Ад.: Приозёрная зона озера Иссык-Куля. Ф., 1979.
С. Өмурзаков.