БАЛЫКООЗ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
[[Файл:Балык оооз.jpg|left|thumb]] | [[Файл:Балык оооз.jpg|left|thumb]] | ||
[[Файл:Бекмурат кумар уулу.jpg|left|thumb]] | [[Файл:Бекмурат кумар уулу.jpg|left|thumb]] | ||
'''БАЛЫКООЗ Кумар уулу''' ( | '''БАЛЫКООЗ Кумар уулу.''' ''1799-1887.'' (Өз аты Бекмурат) (1799, Кетмен-Төбө өрөөнү, Коңур-Өгүз айылы. 1887, Чүй өрөөнү, Алчалуу айылы. Сөөгү Байтиктин Басбөлтөгүнө коюлган.) | ||
'''Балык — лакап аты.''' Кыска бойлуу, денеси жоон, кара киши болуп, оозу балык оозундай болгонунан Бекмурат аты калып, Балык аталып кеткен. Шапак Рысмендеевдин сүрөттөөсү боюнча мүчөсү келишкен, сом чулу, сөөгү калың, эки ийнине эки киши отургандай олбурлуу, кулагы калкандай, чекир кашы арпанын кылканындай тик болуп, кабагын ылдый салса, көзүн жапкан, колдору шадылуу, ыраңы саргыч саз өңдүү, суюк сакал, муруту сакалына кошулуп, тик түшкөн, муруну борбогой, бели карыган кезинде да ийилбей түз, бели жоон, курсагына казы алган, мойну буканын бутундай буржуйган экен. Оокатка тың, сөздү маселдетип сүйлөгөн, туура сөздүү, ачуу тилдүү, айтышкан адамынан дароо кыйкым таба билген ырчы болгон. Ырдаганда акырын баштап, анан үнү жолборстун доошундай күркүрөп кетчү экен. | |||
Ал манасчы, санжырачы, акын. «Манас» эпосун 13-14 жашынан айта башта­ган. 20 жашында манасчы, ырчы катары таа­нылган. Оозеки, жазма маалыматтарга караганда ал ырчылык м-н манасчылык өнөрдү Эсен­ден, Нооруздан үйрөнгөн. Балыкооз «Манаска» чейинки кыргыз тарыхын, этнографиясын ж-а фольк­лорун камтыган «Оторкан» эпосунун жаратуу­чусу ж-а айтуучусу болгон. «Эр Төштүк», «Кан Шырдак», кыпчактардын «Эр Табылды жалгы­зым», кытайлардын «Кыл муруттуу Кожожаш», «Сен Саринжи, мен Бөкөй» дастандарын өз вариантында айткан. Казак жерин аралай ырдап таанылган каражаак Сокур Калча, Эсенаман, Чоңду, Назар акындар манасчылык м-н ырчылык өнөрдү Балыкооздон үйрөнүшкөн. Анын айткан «Манасындагы» байыркы замандан бери келе жаткан салттык өзөк окуяларды сактап, жо­лун жолдоп, чыгармачылык үлгүсүн уланткан шакирт­тери Шапак Рысменде уулу м-н Сагымбай Ороз­бак уулу болгон. Уулу ''Найманбай'' да атасынан үйрөнүп, эл арасына манасчы катары таанылган. Найманбайдын айтуусундагы айрым эпи­зоддордон (мисалы, «Манастын жоо кийимдери», «Манастын күмбөзү») Балыкооздун вариантына таан­дык үзүндүлөрдү 1923-жылы К. Мифтаков Таластын Кең-Кол ж-а Улуу-Төр жайлоосунда Сулайман Рыскулбек уулунун аткаруусунда жазып алган. Азыр ал КР УИАнын кол жазмалар фондунда сакталып турат. | |||
. | |||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | [[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
05:26, 17 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы


БАЛЫКООЗ Кумар уулу. 1799-1887. (Өз аты Бекмурат) (1799, Кетмен-Төбө өрөөнү, Коңур-Өгүз айылы. 1887, Чүй өрөөнү, Алчалуу айылы. Сөөгү Байтиктин Басбөлтөгүнө коюлган.)
Балык — лакап аты. Кыска бойлуу, денеси жоон, кара киши болуп, оозу балык оозундай болгонунан Бекмурат аты калып, Балык аталып кеткен. Шапак Рысмендеевдин сүрөттөөсү боюнча мүчөсү келишкен, сом чулу, сөөгү калың, эки ийнине эки киши отургандай олбурлуу, кулагы калкандай, чекир кашы арпанын кылканындай тик болуп, кабагын ылдый салса, көзүн жапкан, колдору шадылуу, ыраңы саргыч саз өңдүү, суюк сакал, муруту сакалына кошулуп, тик түшкөн, муруну борбогой, бели карыган кезинде да ийилбей түз, бели жоон, курсагына казы алган, мойну буканын бутундай буржуйган экен. Оокатка тың, сөздү маселдетип сүйлөгөн, туура сөздүү, ачуу тилдүү, айтышкан адамынан дароо кыйкым таба билген ырчы болгон. Ырдаганда акырын баштап, анан үнү жолборстун доошундай күркүрөп кетчү экен.
Ал манасчы, санжырачы, акын. «Манас» эпосун 13-14 жашынан айта баштаган. 20 жашында манасчы, ырчы катары таанылган. Оозеки, жазма маалыматтарга караганда ал ырчылык м-н манасчылык өнөрдү Эсенден, Нооруздан үйрөнгөн. Балыкооз «Манаска» чейинки кыргыз тарыхын, этнографиясын ж-а фольклорун камтыган «Оторкан» эпосунун жаратуучусу ж-а айтуучусу болгон. «Эр Төштүк», «Кан Шырдак», кыпчактардын «Эр Табылды жалгызым», кытайлардын «Кыл муруттуу Кожожаш», «Сен Саринжи, мен Бөкөй» дастандарын өз вариантында айткан. Казак жерин аралай ырдап таанылган каражаак Сокур Калча, Эсенаман, Чоңду, Назар акындар манасчылык м-н ырчылык өнөрдү Балыкооздон үйрөнүшкөн. Анын айткан «Манасындагы» байыркы замандан бери келе жаткан салттык өзөк окуяларды сактап, жолун жолдоп, чыгармачылык үлгүсүн уланткан шакирттери Шапак Рысменде уулу м-н Сагымбай Орозбак уулу болгон. Уулу Найманбай да атасынан үйрөнүп, эл арасына манасчы катары таанылган. Найманбайдын айтуусундагы айрым эпизоддордон (мисалы, «Манастын жоо кийимдери», «Манастын күмбөзү») Балыкооздун вариантына таандык үзүндүлөрдү 1923-жылы К. Мифтаков Таластын Кең-Кол ж-а Улуу-Төр жайлоосунда Сулайман Рыскулбек уулунун аткаруусунда жазып алган. Азыр ал КР УИАнын кол жазмалар фондунда сакталып турат.
.