БАНГЛАДЕШ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page БАНГЛАДЕШ PART 1 to БАНГЛАДЕШ) |
(Айырма жок)
|
10:05, 17 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАНГЛАДЕШ , Б а н г л а д е ш Э л Р е с п у бл и к а с ы (Гоно Прожатонтри Бангладеш) - Түштүк Азиядагы мамлекет. Батышынан, чыгышынан ж-а түндүгүнөн Индия, түштүк-чыгышынан Мьянма м-н чектешет. Түштүгүн Инди океанынын Бенгал булуңу чулгап жатат. Аянты 142,7 миң км2 (ички акваторияларын кошкондо 144 миң км2дей).

Калкы 134,8 млн (2005; айрым маалыматтарда 144,3 млн). Борбору - Дакка ш. Расмий тили - бенгал тили. Акча бирдиги - така. Административдик-аймактык жактан 6 облуска (64 округ кирет) бөлүнөт. Бангладеш - БУУнун (1974), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн региондук кызматташуу ассоциациясынын (СААРК; 1985-жылы Бангладештин демилгеси м-н уюшулган), Ислам конференциясы (1974), Бүткүл дүйнөлүк соода (1995) уюмдарынын, Эл аралык валюта фондунун (1972) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Бангладеш - унитардык мамлекет; Шериктештикке кирет. Конституциясы 1972-жылы 4-ноябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы - парламенттик республика. Мамлекет башчысы - президент (5 жылга парламент тарабынан шайланат). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент. Аткаруу бийлигинин органы - премьер-министр жетектеген өкмөт. Саясий партиялары жүздөн ашуун.
Табияты. Аймагы Инд-Ганг түздүгүнүн чыгышын ж-а Ганг, Брахмапутра, Мегхна дарыяларынын жалпы дельтасын ээлейт. Түштүк-чыгышында Лушай

бөксө тоосу (бийикттиги 60-300 м) жайгашкан. Жээк сызыгы 550 км ге созулуп, көптөгөн дельталар ж-а айрыктар м-н тилмеленген; дельта аралдары көп. Жээктери жапыз, бирок суунун ташкындап тартылышына байланыштуу өзгөрүп турат. Түштүк-чыгышында өлкөнүн эң бийик жери (Читтагонг чокусу, бийиктиги 915 м) жайгашкан. Жеринин 9/10 бөлүгүнө жакынын Бенгал түздүгү ээлейт. Басымдуу бийиктиги 1 м ден 250 м ге чейин. Түштүк бөлүгү (жергиликтүү эл Сундарбан деп аташат) өтө саздак. Кен байлыктарга жарды. Патхария, Пятна, Силхот аймактарында нефть, Читтагонгдо таш көмүр, өлкөнүн чыгышында титан казылып алынат. Климаты субэкватордук, муссондук. Жайкы муссон жаан-чачындуу (май-октябрь), кышкы муссон (ноябрь-апрель) кургакчыл. Кышы жумшак, кургак, күнөстүү; январдын орточо температурасы 12-25°С. Жайы ысык, жаанчыл, апрелдики (эң ысык айы) 33°-36°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 2000—3000 мм дей, ал эми Читтагонгдо 5080 мм ге жетет. Июлдан ноябрга чейин жылдык жаан-чачындын 80% жаайт. Суулары жыш. Дарыялары Ганг, Брахмапутра ж-а Мегхна дарыяларынын алабына кирип, суусу мол, кеме жүрөт. Ганг ж-а Жамуна дарыяларынын салааларынын туурасы 10 км ге жетип, Мегхна дарыясы м-н кошулуп, чоң эстуарийди түзөт. Муссондук жаан-чачындын негизинде дарыялары жайында ташкындап, өлкөнүн кыйла бөлүгүн суу каптайт. Ошондуктан дельталарда үйлөр бийик саваяларга курулат. Эң ири көлү — Хайлхаор. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн калың аллювий топурагы ээлейт. Түндүгүнө ж-а түштүк-чыгышына кызыл-сары ферралит, дельтанын жээк бөлүгүнө мангр саз топурактары мүнөздүү. Маданий ландшафт басымдуу. Акыркы жүз жыл ичинде токойлор өтө катуу деградацияга учураган. Түштүк-чыгышында тропиктик токой (гаржан, манго, тика, сало дарагы) сакталган. Ири токой массивдери түштүктө, түштүк-чыгышында, түндүк-чыгышында. Жаан-чачыны азыраак жааган аймактарда жалбырагы күбүлмө муссондук токой, дөңсөөлөрүндө бадалдуу саванна, Бенгал булуңунун жээктеринде сундра дарактуу мангр токойлору өсөт; бамбуктун 10го жакын түрү кезигет. Өлкөдө коргоого алынган 10 аймак (аянты 65,7 миң га, анын ичинде Сундарбан резерваты Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине кирген) бар. Мангр токоюнда ж-а дельта аралдарында бенгал арстанынын ири популяциясы корголот. Улуттук парктары: Читтагонг, Мадхурпур.
Калкы. Бангладеш - калк өтө жыш отурукташкан өлкө. Калктын жыштыгы боюнча (1 км 2ге 950 киши) дүйнөдө 1-орунда. 98% бенгалдар, ошондой эле индус, чакма, кхас ж. б. улуттар да жашайт. Ислам (мусулман сүнөттөр 87%), индуизм (12%), буддизм, христиан диндерин тутат. Калкынын табигый өсүүсү өтө жогору, өлүм-житимге (1000 китпиге 8,4 адам) караганда төрөлгөндөрдүн саны (1000 кишиге 30 бала) 3 эседен ашык. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники - 62,1, аялдарыныкы - 62,0 жаш. Шаар калкы 26%. Ири шаарлары: Дакка, Читтагонг, Кхулна, Ражшахи.
Тарыхы. Төмөнкү Гангдын аймагына бенгал уруулары болжол м-н б. з. ч. 1000-жылдыкта отурукташып, б. з. ч. 7-6-кылымдарда Ванга мамлекетин түзгөн (мамлекеттин аталышы ушундан келип чыккан: Бангла - бенгал, деш - өлкө). Б. з. ч. 4-кылымдан б. з. 5-кылымына чейин Бангладештин аймагы байыркы индиялык бир катар империялардын курамына кирген. Бирдиктүү Бенгал мамлекети 8-кылымдан 13-кылымдын башына чейин өкүм сүргөн. 13-кылымдын 1-жарымынан 18-кылымдын башына чейин Бангладештин аймагы мусулман династияларынын бийлиги астында, анын ичинде 16-кылымдан тарта Улуу Моголдор империясынын курамында болуп келген. Ошол кезден Бенгалияда ислам тарай баштаган. 18-кылымдын башында борбору Дакка болгон Бенгал наместничествосу өз алдынча мамлекет катары өкүм сүргөн. Плессинин алдындагы салгылашуудан кийин (1757) Бенгалияга англичандардын үстөмдүгү орнотулуп, Британ Индиясынын бир бөлүгүнө айланат. 19-кылымда колониялык эзүүгө каршы улуттук-боштондук күрөш күч алган. Индиянын көз каранды эместикке жетишүүсүнөн кийин ж-а аны эки мамлекетке бөлүүдө (1947, Индия ж-а Пакистан), негизинен индустар жашаган Батыш Бенгалия Индиянын курамында калтырылып, мусулмандар мекендеген Чыгыш Бенгалия (Чыгыш Пакистан провинциясы) Пакистанга (калкынын 98% бенгалдар) өтөт. Чыгыш Пакистандагы чечилбеген улуттук маселелер бир нече ирет (1952, 1954, 1958) саясий кризистерди пайда кылып, 1969-жылы Айюб Хандын режиминин кулашына себепкер болгон. Анын ордуна өкмөт башына келген Яхья Хандын тушунда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо Чыгыш Пакистанга автономия берүү маселесин көтөргөн Элдик Лига партиясы жеңип чыгып, Пакистандын парламентиндеги 313 орундун 167сине, провинциялык ассамблеядагы 310 орундун 288ине ээ болду. Бирок Пакистан өкмөтүнүн бул партияга бийликти берүүгө каршы болгондугуна байланыштуу өлкөдөгү жагдай татаалдашып, узакка созулган талаш-тартыштын натыйжасында 1971-жылы өз алдынча Бангладеш Эл Республикасы түзүлгөн. 1971-жылы 26-март көз каранды эместик күнү деп жарыяланган. 1972-жылы январда Элдик Лига партиясынын башчысы Мужибур Рахман түрмөдөн чыгып, жаңы түзүлгөн өкмөттү жетектеген. Өлкөдөгү жумушсуздук, баанын өсүшү, куралдуу күчтөрдүн катарындагы нааразычылыктар саясий-экономикалык абалды татаалдаштырып, бир нече ирет аскердик төңкөрүштөргө алып келген (көз каранды эместикке жетишкенден тартып Бангладеште 13 президент алмашкан). 1996-жылдан аткаруу бийлигин коалициялык өкмөт жетектөөдө, ал эми октябрдагы шайлоодо Шахабуддин Ахмед жеңип чыккан.
Чарбасы. Бангладеш - дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. Ички дүң продукциясынын көлөмү 275,7 млрд доллар (АКШ; киши башына 2000 долларга жакын). Анда 51,7%ти тейлөө чөйрөсү, 27,1%ти өнөр жайы, 21,2%ти айыл чарбасы түзөт. 20-кылымдын аягында 21-кылымдын башында экономикасы туруктуу болуп тез темп м-н өнүгө баштады. 2004-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 6,5%ти түзгөн. Бенгал булуңунун шельфинде, ошондой эле чыгыш райондорунда жаратылыш газы (9,9 млрд м3, 2001) ж-а нефть (жылына 200 миң т) казылып алынат. 2002-жылы 16,5 млрд кВт• с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 90%тен ашыгы ЖЭСтен (эң ири ЖЭС СССРдин жардамы м-н Горасалда курулган) өндүрүлгөн. Карнапхули дарыясында ГЭС каскады бар. Эң ири текстиль өндүрүшү (кебез-кездеме жиби ж-а мата) бар. 100дөн ашык ири фабрика импорттук сырьёнун негизинде иштейт. Өндүрүлгөн матанын бир бөлүгү сыртка чыгарылат. Кебез-кездеменин көпчүлүк бөлүгү кол м-н токулат (млндон ашык адам эмгектенет). Сыртка чыгарылган товар түшкөн кирешенин 3/4 бөлүгүн түзөт. Кийим-кечек, трикотаж чыгаруучу ири компаниялар иштейт. Бангладеш - жут өндүрүү ж-а андан буюм жасоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда (Индия м-н катар). Жылына 80 миң т жут жиби (дүйнөлүк экспорттун 70%) сыртка чыгарылат. Тамак-аш (чай, жылына 54 миң т; кант 123-170 миң т; өсүмдүк майы), химия (мочевина - жылына 2,3 млн т, жер семирткич, пестицид), нефть ажыратуу (Читтагонг, жылына 1,5 млн т), металлургия, электр-техника, фармацевтика, резина-техника өнөр жайлары; кеме ремонттоочу док, кеме кыймылдаткычын чыгаруучу, автомобиль чогултуучу, цемент заводдору, кагаз комбинаты, курулуш индустриясы иштейт. Башкы өнөр жай борборлору: Дакка (Нараянганж шаары м-н), Читтагонг, Кхулна. Кол өнөрчүлүк (булгаары, карапа ж. б.) өнүккөн.
Өлкөнүн аймагынын 60%тен ашыгы айыл чарбасында иштетилет. Майда дыйкан чарбалары басымдуу. Айдоо аянтынын 70%ке жакынын шалы