БЕЙШЕМБАЕВ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЙШЕМБАЕВ Кыдыр (1921, Ысыккөл обл., Жетөгүз р-ну, Акдөбө кыш. – 1978, Ысыккөл обл., Каракол) – адабиятчы, тилчи, филология илимд. доктору (1974), проф. (1975). Каракол пед. окуу жайын (1939), КМПИнин тил ж-а ад-т ф-тин (1947) бүтүргөн. Кыргызмамбаста редактор (1947–49), Ош мугалимдер окуу жайында, Ош пед. ин-тунда окутуучу, кафедра башчысы, Кыргыз ССР ИАнын Тил ж-а ад-т ин-тунда ил., улук ил. кызматкер болуп иштеген. Кыргыз ад-тынын тарыхын изилдеген 100дөн ашуун ил. эмгектин автору. Медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: О произведениях А. Токомбаева. Ф., 1971.