БЕЙШЕНАЛИЕВ Шүкүрбек: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕЙШЕНАЛИЕВ Шүкүрбек (25. 10. 1928, Нарын обл., Акталаа р-ну, Куртка кыш. – 22. 5. 2000, Бишкек) – жазуучу, драматург, публицист, Кыр­гыз эл жазуучусу (1993), Кыргыз ССРинин иск­восуна эмг. сиң. ишмер (1974), Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1982). Б. 1943-ж. Нарын ш-нда ачылган алты айлык мугалимдер кур­сунда окуп, орто мектепте мугалим, директор болуп иштеген.

Нарын пед. окуу жайын (1946), КМУнун филология ф-тин (1952) бүт­көн. 1952–53-ж. СССР ИА- нын Кыргыз филиалынын Тил, адабият ж-а тарых ин­тунда ил. кызматкер, «Жаш ленинчи» журналына редак­тор (1953), Кырг-н ЛКЖС БКнын секретары (1954), «Ленинчил жаш» гезитинин редактору (1956–59) болуп иштеген. 1962–64-ж. СССР жазуучулар союзунун алдындагы Жогор­ку адабий курсту бүтүргөндөн кийин ал Кырг-н жазуучулар союзунун секретары, Чет өлкөлөр м-н достук ж-а маданий байланыштын Кырг­ндагы коомунун президиумунун төрагасынын орунбасары ж-а төрагасы болгон. Б-дин чыг-лы­гынын башталышы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келген. Анын 12–13 жашында фронтко жылуу кийим камдангандар тууралуу алгачкы чакан макаласы 1941-ж. «Колхозчу» аттуу райондук гезитке жарыяланган. 1950- жылдардан «Чыныгы достук», «Алкыш», «Кы­чан» сыяктуу прозалык чыгармаларды жара­тып, балдар жазуучусу катары таанылган. «Чы­ныгы достук» повести (1950) балдарга арналган чыгармалардын респ. конкурсунда 1-сыйл. та­тыктуу болгон. Кийин «Ак тайлак», «Табыш­макчы Чынара», «Чабалекей», «Тоо ханшасы», «Сарыбайдын уулу», «Сүзөнөөк козу» аңгемелери жарык көргөн. Б-ди жаш окурмандарга таа­ныткан «Мүйүздүү козу» аттуу повести болду. 1976-ж. повестке эларалык Андерсен атн. сыйл., 1982-ж. Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйл. ыйгарылган. Ал дүйнө элдеринин 40тан ашуун тилине которулган. Жазуучу бөбөктөрдүн көркөм дүйнөсүн, психологиясын, аларды тол­кунданткан ойлорду мыкты сезе билген. Б. – чет элдик бөбөктөрдүн турмушун сүрөттөгөн «Ат жалында секелек», «Даниялык дептерден» ат­туу чыгармалардын автору. 1953-ж. жарык көргөн «Алкыш» повестинин башкы каарман­дары – мектеп курагындагы балдар. Алардын ичинен Абдылас – мезгил талабына ылайык төрт тарабы келишкен идеалдуу каарман. Ав­тор аны жигердүү, демилгелүү, өз теңтушта­рынан турмуштук зарылдыктарды эрте айыр­малоого акылы жеткен өспүрүм катары көрсө­төт. «Кычан» повести жарыкка чыгары (1956) м-н эле коомчулуктун назарына түшүп, бүткүл союздук адабий аренада ийгиликке жетишип, окурмандар м-н сынчылар арасында оң баага татыктуу болгон. Повесть СССР элдеринин тил­дерине которулуп, жазуучунун ысмын союздук масштабга тааныткан. Бул чыгармага автор экинчи жолу кайрылып, 1967-ж. аны бир топ алымча-кошумчалар м-н жарыялаган. «Карлы­гач» (1959) повестиндеги жаш кыздын а. ч-нда калуу демилгеси кийин коомчулук тарабынан иштиктүү ой катары бааланып, массалык кый­мылга айланган. Балдар темасындагы чыгар­маларынын бири болгон «Аманат» повести (1975) алгач «Данакер» деген ат м-н 1969-ж. жарык көргөн. Повесттин сюжеттик өнүгүшүндө ж-а окуялардын чиеленишинде детективдик жанрдын айрым элементтери пайдаланылган. Бул повесттин негизинде 1979-ж. «Аманат» ат­туу көркөм фильм тартылган. «Кордун тукуму» (1965) повести 1960–70-жылдардагы повесть-


экилтик, повесть-үчилтик сыяктуу көркөм про­цесстин башатын түзсө, «Болот калем», «Жара­ланбаган жаралуулар», «Тайлак баатыр» сыяк­туу чыгармаларында өткөн м-н бүгүнкүнүн ор­тосундагы байланышты таба билген. Б-дин ро­ман жанрындагы чыйыры «Таалай жолунан» (1957) башталган (2-китеби 1962-ж. жарыкка чыккан). Роман согуштан кийинки учурду, ай­рыкча окуп, билим алууга умтулган жаштар­дын турмушун чагылтат. «Урпактар үнү» (1969) роман-публицистикасы кыргыз интеллиген­циясынын турмушун көркөм чагылткан жаңы­чыл чыгарма. «Даңкка жараша жүк» (1973) ро­манынын өзөгүнө Соц. Эмг. Баатыры Ракмата­лы Сартбаевдин жашоо-турмушу негиз болгон. «Болот калем» романы (1-китеби 1981; 2-ките­би 1983), кыргыз элинин белгилүү жазгыч акын­дарынын бири, манасчы Тоголок Молдонун (Ба­йымбет Абдрахманов) өмүр жолун, индиви­дуалдуу тарыхый жүзүн көркөм чагылдырууга арналган. О. эле «Кайра жашарган өмүр» аттуу тарыхый драмасын, «Тайлак баатыр» (1998) по­вестин, «Тагдыр сырлары» (1998) аттуу макала­лар, эскерүүлөр жыйнагын жараткан. Б. дра­матург катары да таанымал болгон. Анын «Уядан учкандар» (1955), «Тоо ханшасы» (1962), «Тоо койнундагы гүл», «Мейман», «Кайра жа­шарган өмүр», «Дос», «Уста жана шакирттер», «Бойдоктор» сыяктуу ондогон пьесалары бар. Л. Толстой, М. Шолохов, К. Фединдин аңге­мелерин, А. П. Чеховдун ж-а Г. Ибсендин пье­саларын кыргыз тилине которгон. Анын «Кы­чан», «Мүйүздүү козу», «Сүзөнөөк козу», «Ак тайлак» ж. б. бир катар чыгармалары орус, англис, араб, хинди, француз, болгар, испан, бенгал, перс, урду, малай, пенжаб тилдеринде жарык көргөн.

Ад.: Абдраимов Ж. Чыгармадагы турмуш. Адабий сын макалалар, рецензиялар. Ф., 1981; Артыкбаев К. Мезгил элестери. Ф., 1988; Асаналиев К. Көркөм нарк. Ф., 1988; Давыдова Т. Т. Современная киргизская повесть. Ф., 1989; Кыргыз совет адабиятынын тары­хы. 1–2-т. Ф., 1987, 1990; Түлөгабылов М. Кыргыз балдар адабиятынын тарыхы. Б., 1991; Кыргыз ада­биятынын тарыхы. 7-т. Б., 2002.

Д. Андашев.