БЕЙШЕНАЛИЕВА Бүбүсара: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕЙШЕНАЛИЕВА Бүбүсара (17. 5. 1926, Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Ташдөбө кыш. – 10. 5. 1973, Фрунзе) – атактуу балерина, кыргыз хорео­графиясын негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз ССР эл арт. (1954), СССР эл арт. (1958). 1936–41-ж. Ленин­град хореография окуу жа­йында окуган.

1948–49-ж. ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айты­луу балет педагогу А. В. Ва­гановадан таалим алган. Б. 13 жашында кыргыз иск­восунун Москвада өткөн 1- он күндүгүндө (1939) бийлеп

М. Раухвергер. «Чол­пон» балетинде. Бү­бүсара Бейшеналие­ва Айд айд ы н р о­лунда.

чыккан. 1941-жылдан Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрынын солисти (1946-жылдан баш­кы солист). 1949-жылдан Фрунзе хореография окуу жайында педагогдук кесипте эмгектенген. Сахнада туңгуч ирет В. Власов м-н В. Ференин

«Селкинчек» (1943, балетмейстер Л. М. Крама­ревский) балетинде Зайнуранын ролун аткаруу м-н профессионалдык чеберчилиги бар экенин көрсөткөн. Б-нын күчтүү хореогр. таланты «Чолпон» (комп. М. Раухвергер, балетмейстер Л.М. Крамаревский) балетинде ачык-айкын көрүнгөн. Кийинки аткарган негизги ролдору:

Л. Минкус , «Дон Кихот» балетинде Бүбүсара Бейше­налиева – Китри, У. Сарб агы ше в – Базиль. Мария, Зарема (Б. Асафьев, «Бахчисарай фон­таны», 1949), Одетта – Одиллия (П. Чайков­ский, «Ак куу көлү», 1950), Тао Хоа (Глиэр, «Кы­зыл гүл»), Каарман кыз (С. Рахманинов, «Жаз келатат», 1953), Айдай (М. Раухвергер, «Чол­пон», 1953, 1958), Сайра (В. Власов, В. Фере,

«Ала-Тоо жазы», 1955), Аврора (П. Чайковский, «Уйкудагы сулуу», 1956), Зейнеп (К. Молдо­басанов, Т. Окунев, «Куйручук», 1960), Фанни (И. Штраус, «Чоң вальс», 1961), Жульетта (С. Прокофьев, «Ромео жана Жульетта», 1962), Сильфида (Ф. Шопен, «Шопениана», 1966), Китри (Л. Минкус, «Дон Кихот», 1967), Асел (В. Власов, «Асел», 1967), Солистка (М. Равель, «Болеро», 1970) ж. б. Б. улуттук ж-а классика­лык балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдардын бүтүндөй бир галереясын жараткан.


Ал кыргыз профессионалдык хореография өнө­рүнүн калыптанышына ж-а азыркы деңгээлге көтөрүлүшүнө зор залым кошкон, жеке өзүнө тиешелүү аткаруучулук салттарын мураска кал­тырган. Б. чыг-лыгы телегейи текши өнүккөн балериналардын тобуна кошулат. Анын бийчи­лик өнөрү үчүн тубаса көрктүү келбетин, назик­тик м-н кайраттуулуктун, кыймылдын таамай­лыгы м-н эмоциялуулугунун айкалышы мүнөз­дүү. Артисттин ар бир аткарган ролунан сулуу­луктун, назиктиктин, шаттыктын жаркын май­рамына айланган. Б. кыргыздын балет искусст­восун дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тааныткан. Ал катышкан «Чолпон» балет-фильми 60тан ашуун өлкөдө коюлган. Ал о. эле Румынияда (1953), Чехословакияда (1967), Канадада (1967), Азия ж-а Африканын айрым өлкөлөрүндө гастролдо болгон. Өзгөчө кыргыз иск-восу м-н ад-тынын Москвада өткөн 2-он күндүгүндө (1958) Б. моск­валык көрүүчүлөрдүн, адистердин эң жогорку баасына арзыган. Башкы партиясын Б. аткар­ган «Асел» балети мыкты опералык ж-а балет­тик спектаклдердин конкурсунда (1967) сыйлык алган, ошол эле ролду аткарганы үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйл. татыктуу болгон (1970). Б. СССР Жогорку Советинин 6– 7-шайланышынын, Кыргыз ССР Жогорку Сове­тинин 4–5-шайланышынын депутаты. Кыргыз мамл. иск-во ин-ту ж-а Бишкек ш-ндагы бир көчөгө ысымы берилген. Кыргыз сомунун 5 сом­дук купюрасына анын сүрөтү басылган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а ме­далдар м-н сыйланган.

Ад.: Брудный Дм. Киргизский балетный театр. Ф., 1968; Уразгильдеев Р. Бүбүсара Бейшеналиева. Ф. 1971; Львов Н. Киргизский театр. М., 1953.


Б. Алагушов.