БЕКБОЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕКБОЕВ Аскарбек Абдыкадырович (16. 1. 1956-ж. т., Ысыккөл обл., Аксуу р-ну, Керегеташ кыш.) – философия илимд. доктору (2002), проф. (2003). 1978-ж. КМУнун филология ф-тин бүтүргөн. 1978– 80-ж. Философия ж-а укук ин-тунда улук ил. кызмат­кер, окумуштуу катчы, бө­лүм башчы, 1995–2002-ж. БГУнун биринчи проректо­ру, 2002–05-ж. И. Арабаев атн. Пед. ун-тинин филосо­фия кафедрасынын башчы­сы, 2005-жылдан ректору. Б. 150дөн ашык ил. эмгек­тин, а. и. 10 монография­нын автору.

Анын ил. эм­гектери негизинен диалектикалык логиканын негизги формаларын, зарылдык ж-а кокустук категорияларынын тарыхый филос. эволюция­сын изилдөөгө багытталган. Кырг-н Ленин ком­сомолу (1989), УИАнын И. Ахунбаев атн. (2005) сыйл. лауреаты. Даңк медалы м-н сый­ланган.

Эмг.: Очерки диалектической логики: принципы и категории. Б., 2001; Категорология. Б., 2002; Миро­понятий: от мифа к теории. Б., 2003.