БЕКЕТОВ Николай Николаевич: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕКЕ́ТОВ Николай Николаевич [1 (13).1.1827, Пенза губерниясы, жаңы Бекетовка кыш. – 30.11(13.12).1911, Санкт-Петербург] – орус физик-химиги, Петербург ИАнын акад. (1886), Физик-химиктердин мектебин негиздөөчү. Казан ун-тин 1849-ж. бүтүргөн. 1859–87-ж. Харьков ун-тинин проф. 1886-жылдан Петербург ИАда иштеген. Ал басым алдында металлдарды алардын туздарынын эритмелеринен суутек ж-а жогорку темп-рада башка металлдарды туздарынан магний м-н цинк сүрүп чыгара тургандыгын аныктаган. 1859–65-ж. жогорку темпрада металлды металл оксиддеринен алюминий м-н калыбына келтирүү мүмкүн экенин байкаган. Бул иштери алюминотермия процессине негиз болгон. Ал физ. химиянын өсүшүнө, аны өзалдынча илимий ж-а окуу сабагы катары киргизүүдө зор эмгек сиңирген.