БЕКИТҮҮЧҮ ПАТРОН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕКИТҮҮЧҮ ПАТРО́Н м а ш и н а к у р у у д а – металл кесүүчү станокто иштетилүүчү тетикти же аспапты бекитип, кармап туруучу түзүлмө. Анын негизги бөлүктөрү – тулкусу ж-а тетик кармагычы. Тулкусу станокко бекитилип, иш­тетүү убагында тетик же аспап Б. п. м-н кошо айланат. Станоктун түрүнө жараша Б. п. токар­дык, чарыктык, бургулоочу ж. б. болуп айыр­маланат. Токардык Б. п-дун ичинен жетелөөчү (поводоктуу), эки, үч, төрт муштумчалуу (тетик­ти борборлоштуруп бекитүүчү), төрт цангалуу патрондор белгилүү. Эки-үч муштумчалуу пат­рондор спираль алкактуу, калтектүү (рычагдуу) болуп жасалат. Төрт муштумчалуу патрондун ар бир муштумчасы өзалдынча жыла алат. Б. п-го тетиктер кол м-н, пневматикалык же автоматтык түрдө бекитилет. Өтө чоң Б. п. электр кыймылдаткычы м-н жабдылган.