БЕКТАШИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕКТАШИЯ , б е к т а ш т а р – дербиштердин ордени ж-а бул ордендин мүчөлөрү. Эл ичинде айтылган маалыматтарга караганда, ортоазия­лык календер кожо Бекташ Вали Нишапури Хо­расани (1208–70) тарабынан негизделген. Кичи Азияда 13-к-дын аягы – 14-к-дын башында ал­гач жерг. көчмөн ж-а отурукташкан түрк элде­ринде пайда болуп, кийин Түркия ж-а Балкан­га кеңири тараган. Б-нын диний ишенимдери, ырым-жырымдары ислам (негизинен шииттик) ж-а христианчылыктын айрым элементтеринен куралган. 19-к-га чейин Түркияда Б-нын тааси­ри зор болгон. Анткени бекташтар янычарлар м-н тыгыз байланышта болгон. 1826-ж. султан Махмуд II ордендин ишине тыюу салганына ка­рабастан, 19-к-дын ортосунда алардын иш-ара­кети жандана баштаган. 1925-ж. Түркия өкмөтү тарабынан өлкөдөгү бардык дербиштик орден­дер жоюлган. Учурда анын борбору Албанияда орун алган.