БЕЛ-АЛМА-БАТЫШ КАШКАСУУ КҮРӨҢ КӨМҮР КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЛАЛМА-БАТЫШ КАШКАСУУ КҮРӨҢ КӨМҮР КЕНИ Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Кичи Алай суусунун оң куймалары – Белалма ж-а Кашкасуу сууларынын ортоңку агымында. Кен 1913-жылдан белгилүү. 1983–87-ж. геол. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен Белалма ж-а Батыш Кашкасуу деп экиге бөлүнөт. Белалма синклиналдык бүктөлүүнүн түш.-батыш канатында, Батыш Кашкасуу синклиналдын түн.- батыш биригишинде. Кенде төмөнкү юра катмары м-н байланышкан бир кабат белгилүү. Белалма кенинде кабаттын калыңдыгы 30–75 м болуп, орточосу 45 м түзөт. Батыш Кашкасуу кенинде калыңдыгы 1,0 м болгон кабат 1,2 кмге созулары аныкталган. Көмүрдүн сапаты начар изилденген. Белалма кенинин орт. күлдүүлүгү 11,8%, күйүү жылуулугу 6500 ккал/кг (27,21 МДж/кг) – 7150 ккал/кг (29,93 МДж/кг). Кендердин болжолдуу ресурсу 600 м тереңдикке чейин 1153 млн т.