БЕЛАРУСТАР: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЛАРУСТАР – улут, Беларусь Респ-нын негизги калкы. Россия, Литва, Эстония, Украина, Казакстан, Польша, АКШ, Канада, Аргентина, Австралия, Улуу Британия, Франция ж. бда жашашат. Жалпы саны 10 млн киши, а. и. 7904,6 миңи Беларуссияда (2000). Беларусь тилинде сүйлөшөт, орус, поляк, литва тилдери да кеңири таралган. Дини – православие, о. эле 25% католиктер.

Б. орус ж-а украиндер м-н бирге чыгыш славяндар катары эсептелет. Б-дын этностук негизин чыгыш славян уруулары – дрегович, кривич, радимич, древлян, северян, волыняндар түзгөн. 9-к-да алар башка тектеш уруулар м-н бирге Киев Русунун курамына кирген да, байыркы орус эли болуп калыптанган. Феодалдык бытырандылыктан тартып 18-к-га чейин Беларуссиянын жери Улуу Литва княздыгына (13–14-к.), Речь Посполитага (16-к.) караган. 16-к-да беларусь эли негизинен калыптанып бүткөн. Польша бөлүштүрүлгөндөн кийин (18-к.) Россиянын курамына кошулуп, 19- к-дын аягында Б. улут катары түзүлгөн. Б. негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык, балчылык м-н кесиптенишкен. Эркектери тизесине жеткен көйнөк, чыптама (камизелька), кенен шым, башына «брыль» (чий калпак), «магерка» (кийиз калпак), кышында «аблавуха» (тери, тон) кийип, түстүү жүн жиптен өрүлүп, учтары чачыланган кур байланат. Эркектердин кемсели ак түстө, жакасы ж-а этеги саймаланып, көркөмдөлүп кооздолот. Аялдары «андарак» аталган юбка ж-а чыптама (гарсет) кийип, сыртынан саймаланган алжапкыч тагынып, түрдүү курларды байланган. Тамак-ашы негизинен ун, эт, сүт, жашылча-жемиш азыктарынан даярдалып, а. и. картошкадан 200дөн ашык тамактын түрү, суусундук катары жемиштин ширеси, квас, чай, какао, кофе кеңири колдонулат. Б-дын өкүлдөрү Кырг-нда да жашашат. 1950– 80-ж. Кырг-нга 13 миңге жакын Б. келип отурукташкан. Кырг-нда жашаган Б-дын басымдуу көпчүлүгү өз эне тилин орус тили деп эсептешкен. 1999-ж. Чүй облусу ж-а Бишкекте жашаган 2701 беларустун 582и гана беларус тилин өз эне тили катары түшүнүшкөн. СССР кулагандан кийин (1991-ж.) ар кандай себептер м-н Кырг-ндагы Б-дын 78,6%и Беларуссияга кетишкен. 1992-ж. Минскиде өткөрүлгөн Б-дын 1-съездинен кийин (Кырг-ндан да делегаттар катышкан) Кырг-ндагы Б-дын «Свитанок» (1993) коомдук бирикмеси түзүлгөн. Ал Б-дын маданиятын сактоо ж-а жайылтуу, Кырг-ндагы Беларусь Респ-сынын элчилигинин кызматкерлери, согуш ж-а эмгек ардагерлери, Чернобыль авариясын жоюуга катышкандар, беларус этносунун чыгармачыл өкүлдөрү м-н жолугушуу, беларус жаштарына эне тилин, улуттук үрп-адатын, салтын, улуттук тамак-аштарын, фольклорун үйрөтүү, аларды колдоо, билим берүү иштерин жүргүзөт. Жерг. беларус диаспорасынын өкүлдөрү кышында Святки (Каляды), жазында Масленица ж-а Пасха, жайкысын Троица (Семих, Семуха), Иванов күнү (Купалье), түшүм майрамдарын майрамдашып, Дзяды (маркумдарды эскерүү) күнүн өткөрүшөт. Учурда Кырг-да 3200дөн ашык беларус улутунун өкүлдөрү ар кайсы тармактарда эмгектенишүүдө. Улуттар аралык мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн Кырг-ндагы Б-дын «Свитанок» коомдук бирикмесинин Президенти А. С. Шут «Даңк» медалы м-н сыйланган (1999).