БЕЛГИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕЛГИ – кайсы бир туюмдуу материалдык пред­метти, окуяны, кубулушту таанып-билүү про­цессиндеги башка бир предметтин, окуянын, кубулуштун – субъективдүү элес түшүнүктөр­дүн өкүлү, туюнтмасы, касиети. Б-нин таанып­билүүдөгү милдетин изилдөөгө байыркы грек фи­лософтору – Платон, Аристотель, стоиктер ж-а 17–18-к-да Локк, Лейбниц, Кондильяк көңүл бөлгөн. 19-к-да матем. логика м-н лингвистика илими тарабынан изилдене баштаган. Кийин Б. ж-дө семиотика деген өзгөчө илим пайда бол­гон. Ал Ф. де Соссюр, Пирс, Ч. Моррис тарабы­нан негизделип, бул багытта кийин Ю. М. Лот­ман, У. Эко, Р. Барт ж. б. изилдөө иштерин жүргүзүшкөн, к. Семиотика.