БЕЛДЕМЧИ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЛДЕМЧИ – 1) белден төмөн тартылуучу аялдардын тыш кийими. Баркыт, нооту кездемелеринен этеги жазы, жогорку бөлүгү белге беш жеринен кынаптала жасалып, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Кебез, жүн, жука жасалган кийиз, ара туулган козу-улактын өңдөлгөн терилери м-н ичтелип, жээгине милте коюлуп, боосу чалма болот. Чалманын учу топ чачы м-н чоктолот. Кашаты башка жактарына караганда тыгыз шырылып, калыңыраак ж-а жазы келип, кемер сымал адамды тыкан алып жүрөт.

Б-ни жазда, күздө, айрыкча кышта тартынат. Илгертен эле жаңы көз жарган келиндин энеси жээнин жент ек те п келгенде, кызына белин бекемдөө үчүн Б. тартуулаган. Б-ни оор түйшүктүү көчмөн кыргыз аялдары жылуу, ыңгайлуу кийим катары жогору баалашкан. Аны күндөлүк турмушта гана эмес, о. эле той-тамашаларда да сый кийим катары тартынышкан. Мындай Б-лердин жээктери саймаланып, кундуз карматылып, чачыланып кооздолот. Б-нин кездемеси, тигилиши, көркөмдөлүшү ж-а түсү аны кийүүчү кишинин жашына, өңүнө, тулкусуна жараша жасалат. Анын эки түрү кездешет: айрым жерлерде Б-нин алдыңкы жээктери биригип тигилет (түн. ж-а түн.-батыш аймактарга мүнөздүү), ал эми Б-нин алды жагы ачык тигилген түрү Алай, Памир аймактарында кеңири тараган; 2) жоокер кийиминин бир бөлүгү. Б. кийиз м-н кайыштан кабатталып шырылып, сыртына темирдин калкан бөлүкчөлөрү кадалып, алды ачык жасалган. Ал жоокердин бел курчоосун тизеге чейин октон, найза, кылычтан сактоо максатында чопкут, чарайна, карыпчы ж. б. кийимдер м-н кошо кийилген. «Манас» эпосунда «Белдемчи темир байланып, Бел булуттай айланып…», – деп айтылат.