БЕЛИНСКИЙ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЛИ́НСКИЙ Виссарион Григорьевич [30. 5 (11. 6). 1811, Свеаборг – 26. 5 (7.6). 1848, Петербург] – орус адабий сынчысы. Чембар уезддик окуу жайында (1822–24), Пенза гимназиясында (1825– 28) окуган. 1829-ж. Москва ун-тинин көркөм сөз бөлүмүнө кирет. Крепосттук түзүлүштү катуу сынга алган «Дмитрий Калинин» аттуу туңгуч пьесасы үчүн окуудан чыгарылат. «Отечественные записки», «Современник» журналдарында иштеген. 1834-ж. бул журналда «Адабий кыялдар» деген көлөмдүү макаласы жарыяланган. Ал орустун реалисттик эстетикасына ж-а сынына негиз салган. «Таза искусствонун» теориясына

каршы туруп, жазуучулардан коомдун алдыңкы тенденциясын ачып берүүнү талап кылган. «Искусствонун идеясы» (1841), «Поэзиянын т ект ерге жана түрл өргө бөл үнүшү» (1841), «Сын жөнүндө сөз» (1842), «Александр Пушкиндин чыгармалары» (1843–48), «1847-жылдагы орус адабиятына көзкараш» (1848) аттуу макалаларында эстетикалык принциптерин ачык-айкын жарыя кылган. «Орус повести жана Гоголдун повесттери» (1835) макаласында Гоголдун чыгармаларында реализм м-н элдүүлүк принциптеринин кеңири орун алганын көрсөткөн. Анын сынчылык мурасында Пушкинге арналган макалалар цикли өзгөчө орунда. Бул циклди орус ад-тынын Ломоносовдон Пушкинге чейинки тарыхы десе да болот. Анда Пушкиндин поэзиясы орус ад-тындагы жаңычыл көрүнүш экени, анын улуттук мүнөзү, көркөмдүк өзгөчөлүгү кеңири ачылат. М. Ю. Лермонтов, Н. В. Гоголь ж. б. ж-дөгү макалаларында жазуучулардын чыгармаларынын улуттук өзгөчөлүгүн, элдүүлүк, гумандуулук касиеттерин көрсөтүп, орус ад-тынын өсүү жолдорун талдаган. Б. Европанын улуу сүрөткерлери У. Шекспир, П. Беранже, Г. Гейне, В. Гете, Ч. Диккенстин чыгармалары ж-дө да ойлорун айткан. Чыг-лык мурасы кыргыз адабий сынынын калыптанышына да таасирин тийгизди. Анын тандалма макалалары 1948- ж-а 1973-ж. кыргыз тилинде өзүнчө китеп болуп чыккан.
.А Садыков.