БЕЛЛ Александер Грейам: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЛЛ Aлександер Грейам (3.3.1847, Шотландия, Эдинбург – 2.8.1922, Канада, Баддек) – телефонду ойлоп табуучу (1876). Адам үнүн зым аркылуу аралыкка алгачкы болуп берген. Эдинбург ж-а Лондон ун-ттерин бүтүргөн. 1871-жылдан АКШда жашаган. Ал дүлөйлөр м-н иштеп, абанын термелиши кантип үнгө айланарын изилдеген. 1873-жылдан Бостон ун-тинде (АКШ) проф. 1876–77-ж-да Б. микрофон ж-а үнугузгучту (наушник) бир тулкуга орнотуп, телефон аппаратын конструкциялап, 1876-ж. алгачкы телефонго патент алган. Телефон м-н биринчи жолу Нью-Йорктон Чикагого чалып сүйлөшкөн.