БЕЛЛИНИЛЕР: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЛЛИНИЛЕР – итал. живописчилердин үйбүлөсү, Венецияда Кайра жаралуу иск-восун негиздөөчүлөр. Үйбүлөнүн башчысы – Я к о п о Б. (1400-ж. чен, Венеция – 1470 же 1471, ошол эле жерде), анын көрүнүктүү графикалык мурастары (сүрөт альбомдору, Лувр, Париж ж-а Британ музейлеринде; 1440–50-жылдар), байыркы эстеликтердин, күндөлүк турмуштун эпизоддо-

ру, көп жактуу диний мифол. сүрөттөрү сакталган. Арх-ралык сүрөттөрүнө готикалык шарттуулук мүнөздүү. Анын уулу Ж е н т и л е (1430-ж. чен, Венеция – 23. 2. 1507, ошол эле жерде) – атасынан окуган ж-а аны м-н биргелешип иштеген. 1474–83-ж. Венеция респ-нын атайын живописчиси кызматында иштеген. 1479-ж. Константинополго султан Мехмед IIнин чакыруусу м-н барып, портреттерди жараткан (Мехмед II, Ул. гал., Лондон; патриарх Жустиниани, 1465, Академия гал., Венеция ж. б.). Анын тарыхый-диндик окуялар чагылдырылган көп фигуралуу композициясы («Сан-Марко аянтындагы процессия», «Сан-Лоренцо көпүрөсүндөгү керемет», «Ыйык Айкаш жыгач менен айыктыруу», 1496–1501, бардыгы Академия гал., Венеция). Кийинки иштерине – «Касиеттүү Марктын Александриядагы насыяты» (Жованни Б. бүтүргөн, 1504–07, Брера гал.) кирет. Ж ов а н н и Б. (1430–1435, Венеция – 29. 11. 1516, ошол эле жерде) – Б. Якопонун экинчи уулу – Венеция мектебинин ири чебери. Ал да атасынан окуган. Диний мифол. темадагы классикалык картиналары колоритинин гармониялуулугу, пейзаж сүрөттөрүнүн поэтикалуулугу м-н айырмаланат. Венеция респ-нын атайын живописчиси (1433). Жованнинин чыгармалары: «Касиеттүүлөрдүн курчоосунда тактыдагы Мадонна», «Мадонна кичине бак менен», «Мадон-

Жованни Беллини «Мадонна ымыркайы менен». 1430. Каррара Академиясы (Бергамо).
на ымыркайы менен» (1487, Академия гал., Венеция), Дож Л. Лоредандын портрети (1502, Улуттук гал., Лондон). «Кудайлардын тойлошу» (1514, Улуттук гал., Вашингтон) акыркы чыгармасы. Жоржоне ж-а Тициан анын окуучулары болгон.
Н. Жылдызова.