БЕЛЛИНСГАУЗЕН: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЛЛИНСГА́УЗЕН Фаддей Фаддеевич [9 (20). 9. 1778, Эстония, Эзель а. (азыркы Сааремаа а.) – 13(25).1.1852, (Россия), Кронштадт] – орус деңиз саякатчысы, адмирал (1843). Кронштадттагы Деңиз кадет корпусунан билим алган. 1803–06-ж.

Жершарын айланган 1-орус саякатына катышкан. 1807– 18-ж. Балтика ж-а Кара деңиз флотторундагы кемелерди, 1819–21-ж. Жер шарын айлануу үчүн уюшулган экспедицияны башкарган. Экспедиция 1819-ж. Атлантика океанынын Антарктикалык бөлүгүндөгү бир нече аралды, 1820-ж. 16(28)-январда Антарктиданы, 1821-ж. Пётр Iнин ысмынан аталган аралды, Александр Iнин ысмынан аталган өткөөлдү, Тынч океандын тропиктик бөлүгүндө бир нече аралды тапкан. 1821-ж. июль – августта экспедиция 751 күндүк деңиз саякатынан Кронштадтка кайтып келген. Б. 1828–29-ж. түрк-орус согушуна катышкан. 1839-жылдан Кронштадттын согуш губернатору болгон. Б-дин ысмынан Тынч океандагы деңиз, Түш. Сахалиндеги тумшук, Туамоту архипелагындагы арал ж. б. аталган.
Эмг.: Двукратные изыскания в Южном Ледовитном океане и плавание вокруг света в продолжение 1819, 20 и 21 гг., Совершенные на шлюпах «Восток» и «Мирный». 3-е изд. М., 1960.
Ад.: Болотников Н. Я. Фаддей Фадеевич Беллинсгаузен и Михаил Петрович Лазарев // Русские мореплаватели. М., 1953; Творцы отечественной науки. Географы М., 1996.