БЕЛЛИНЦОНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕЛЛИНЦО́НА – Швейцариянын түштүгүндөгү шаар. Тичино (Тессин) кантонунун адм. борбо­ру. Калкы 17 миң (2005). Леопонтин Альп тоо-


лорунан түштүктө, Тичино д-нын өрөөнүндө жайгашкан. Трансальп темиржол магистралын­дагы ж-а Цюрих – Милан автомобиль жолун­дагы ири жол тоому. 1250-жылдар ченде негиз­делген. 14–15-к-да Милан герцогдугунун, 1503- жылдан Швейцария Союзунун курамында бол­гон. Б-нын тарыхый очогу болуп дөбөдө жай­гашкан үч сепил [Кастель-Гранде (4-к-да негиз­делип, 13–15-к. курулган), Кастелло-ди-Монте­белло (13–15-к.; учурда тарых музейи), Кастел­ло-ди-Сассо-Корбарио (1479)] эсептелет. Алар Сен-Готард, Лукманир ж-а Сан-Бернардино ашууларына кеткен жолду тосуп турат. Сепил­дер Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кир­ген. Булардан тышкары роман стилиндеги Ионн Креститель (12–13-к.), Ыйык Павел (14–15-к. фа­садындагы ж-а интерьериндеги фрескалар 15-, 16-к.), ренессанс стилиндеги соборлуу чиркөөлөр (15-к-дын аягы – 16-к-дын башы), Санта-Ма­рия-делле-Грацие базиликасы ж. б. бар. Театр­лар, сүрөт галереясы, музейлер иштейт. Эконо­микасында тейлөө сектору басымдуу. Өнөржайы жерг. гана мааниге ээ.