БЕЛУЖДАР: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЛУЖДАР (өздөрүн балуч, балоч деп аташат) – Түш. Пакистандын калкы. Иран, Афганстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Индия ж-а араб өлкөлөрүндө да жашашат. Жалпы саны 5,7 млн киши, а. и. Пакистанда 4 млн адам (2000). Белуж тилинде сүйлөшөт. Дини – мусулман-суннит. Араб географтарынын маалыматтарына караганда, Б. 9–10-к-да Керман ж-а анын чыгышындагы Систанда жашаган. Эфталиттердин (б. з. 5-к.), селжуктардын (11-к-дын башында), моңголдордун (13-к.) жортуулдарынын ж-а Тимурдун басып алууларынын (14-к.) натыйжасында Б. акырындык м-н түш., андан кийин чыгыш жакка ооп, Белужстан деп аталган чоң аймакты ээлешет. 16-к-дын аягы – 17-к-дын башында Белужстанда бир нече княздыктар түзүлүп, алар Улуу Моголдорго, иран ж-а афган башкаруучуларына көзкаранды болушкан. Калат княздыгынын (Чыгыш Белужстан) башкаруучусу Насир хан Белуж (1750–95) Белужстандын бардык аймагын өз бийлигине баш ийдирген. 19-к-да Белужстанга англичандар басып киришкен. Чыгыш Белужстан Улуу Британияга баш ийдирилип, батышы Ирандын курамына кошулган. 1947-жылдан Пакистандын курамында. 1970-ж. княздыктар жоюлуп, Белужстандын бирдиктүү провинцияга бириктирилиши этностук консолидацияга ж-а улуттук аң-сезимдин жогорулашына жагымдуу шарт түзгөн. Алар негизинен мал чарбасы, дыйканчылык, балык уулоочулук м-н кесиптенишет. Б. жылгындан согулуп, ылай м-н шыбалган, үстү чабак жыгач м-н жабылган жер үйлөрдө, малчылар көчүп жүрүүгө ылайыктуу чатырчаларда (гедан) жашашат. Эркектери узун көйнөк, кенен шым, жеңи жок чапан ж-а шалы жоолук (пату), кийизден жасалган баш кийим же тебетей (чалмасы м-н), пальманын жалбырактарынан согулган бут кийим (сандали), аялдары көйнөк ж-а кенен ыштан (улгайгандары кара, жаштары кызыл түстө), тебетей кийишип, узун чүмбөт жамынышат. Көкүрөктөрүнө кооз жасалгаларды тагынышат. Тамак-ашы негизинен эт (кээде гана), сүт азыктары, айран кошулуп жасалган нан, жашылча, жемиштер. Дыйкандар чегиртке туздап, кууруп, тамак-ашына колдонушат.