БЕНГАЛДЫКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕНГАЛДЫКТАР – улут, Бангладештин ж-а Индиядагы Батыш Бенгалиянын негизги кал­кы. Непал, Бутан, Сингапур, Улуу Британия ж. б. өлкөлөрдө жашашат. Жалпы саны 189,650 млн киши, а. и. Бангладеште 109,5 млн, Индия­да 80 млн (2000). Бенгал тилинде сүйлөшөт, хинди, урду, англис тилдери да кеңири тарал­ган. Бангладештеги Б. негизинен мусулман-сун-

Үйлөнүү тоюнда.

ниттер, о. эле индуисттер, Индияда болсо инду­исттер, мындан тышкары мусулман, жайны, христиандар да бар. 8–13-к-да Бенгалия айма­гында Пал династиясы, кийин Сен династиясы

үстөмдүк кылган күчтүү мамлекеттин пайда бо­лушу Б-дын консолидацияланышына түрткү берген. 13-к-да Б. мусулмандар башкарган Дели султандыгына караган. 16-к-да Улуу Моголдор­дун бийлиги астында болгон. Ушул мезгилде Б-да ислам дини кеңири жайылган. Б. 18-к-да

12*


англ. Ост-Индия компаниясына баш ийген. 1947-ж. Батыш Б. (индус элдери м-н) Индияга, Чыгыш Б. (мусулман элдери м-н) Пакистанга өткөн. 1971-ж. Пакистандагы Б-дын боштондук кыймылынын натыйжасында көзкаранды эмес Бангладеш мамлекети түзүлгөн. Б. дыйканчы­лык м-н кесип кылышат. Негизинен күрүч, о. эле буурчак, май өсүмдүктөрү, бал камыш, чай өстүрүшөт. Бамбук же жыгачтан тургузулган, о. эле ылайдан сокмо м-н салынган, бир бөл­мөлүү үйлөрдө жашашат. Аялдар сари ж-а кыс­ка кофта кийип, ислам дининдегилер көчөдө паранжы же чадра жамынат. Эркектер башына чалма (индустар), мусулмандар тегерек калпак кийишет. Тамак-ашы негизинен күрүч, чанак­туу өсүмдүктөр, жашылча, балык. Эт азыкта­рын сейрек пайдаланышат.