БЕНГАЛИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕНГА́ЛИЯ , Б е н г а л (хинди тилинде – Б а н­г а л, бенгал тилинде – Б а н г л а) – Индияда­гы тарыхый аймак, Ганг д-нын төмөнкү агы­мында, Ганг ж-а Брахмапутранын чатында. Байыркы мезгилде Б-нын ар кайсы бөлүктөрү Анга, Ванга, Гауда ж. б. аталыштар м-н атал­ган. Б. з. ч. 6-к-да Магадханын бийлиги астын­да болгон. Б. аталышы 10–12-к-да калыптан­ган. 8–13-к-да Б-нын аймагында Пал, кийин Сен династиялары башкарган мамлекеттер өкүм сүргөн. 13-к-дын башында Дели султанатынын курамына кирген. 14-к-дын ортосунда кайрадан көзкаранды эместикке жетишкен. 1575-ж. Улуу Моголдор тарабынан каратылган. 18-к-дын ба­шында Б-дагы Бихар ж-а Орисса жерлеринде борбору Муршидабад болгон өзалдынча мамле­кет (навабдык) түзүлгөн. 1756-ж. англ. Ост-Инд компаниясы Б-нын навабы Сираж ад-Даулга каршы согуш ачып, Плессинин алдындагы сал­гылашуудан (23-июнь 1757-ж.) кийин, компа­ния Б-ны толук каратып алган. 1905-ж. англ. бийликтердин Б-ны эки аймакка бөлүүсү бен­галдыктардын катуу каршылыгын пайда кы­лып, 1911-ж. аларды кайрадан бириктирүүгө аргасыз кылды. 1947-ж. Индиянын аймагында өзалдынча эки мамлекеттин – Индия ж-а Па­кистандын түзүлүшү м-н, индустар жашаган Батыш Б. (борбору Калькутта) Индияга (Батыш Бенгалия штаты), мусулмандар жашаган Чы­гыш Бенгалия (борбору Дакка) Пакистанга (Чы­гыш Пакистан) өткөн. 20-к-дын 50–70-жылда­рында Чыгыш Пакистанга автономия берүү үчүн күрөшүп келген М. Рахман жетектеген Элдик Лига партиясы парламенттик шайлоодо жеңип чыгып, Пакистан парламентиндеги 313 орундун 167сине, провинциялык ассамблеядагы 310 орун­дун 288ине ээ болду. Бирок Пакистан өкмөтүнүн бул партияга бийликти берүүгө каршы болгон­дугуна байланыштуу өлкөдөгү жагдай татаал­дашып, узакка созулган талаш-тартыштын на­тыйжасында 1971-ж. Чыгыш Пакистанда өзал­дынча Бангладеш мамлекети түзүлгөн.