БЕНЕДИКТ XVI: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕНЕДИ́КТ XVI , Й о з е ф Р а т ц и н г е р (16.4. 1927-ж., т., Бавария жери, Германия) – Рим папасы, католик теологу. Жандармерия комис­сарынын үй-бүлөсүндө туулган. 1937-жылдан Бавариядагы классикалык гимназиянын, 1939- жылдан семинариянын окуучусу. 1943-ж. Герма­ния куралдуу күчтөрүнүн, 1944-ж. Австрия ле-

ги онунун ката­рында кызмат өтө­гөн, бирок согуш­тук аракеттерге катышкан эмес. 1945-ж. союздаш­тардын аскерлери тарабынан тут­кунга алынып, бир нече ай аскер туткундары үчүн лагерде кармал­ган. 1947-ж. Мюн­хен ун-тетинин алдындагы дин таануу ин-ту – Ге­оргианумга кирген. 1953-ж. «Августиндин эк­клезиологиясындагы Кудай Үйү жана эл» деген т ем ада и зи л дө ө с үн, ал эми док т орл у к диссертациясын ыйык Бонавентурдун дин таа­нуу тарыхы б-ча коргогон (1957). 1977-жылдан Мюнхен ж-а Фрайзинг архиепископу, ошол эле жылы Рим папасы Павел VI аны кардинал­дыкка дайындаган. 1980-жылы Иоанн Павел II аны атайын кеңештин башчысы кылып дайын­даган. 1993-ж. Веллетри-Сеньи шаарчасынын епископу, 1998-жылдан Кардиналдар коллеги­ясынын вице-деканы, 2002-жылдан деканы. 2005-жылдын 19 апрелинен Рим папасы. Дин маселелерине арналган бир нече эмгектердин автору.