БЕНЕФИЦИЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕНЕФИ́ЦИЙ (лат. beneficium – жакшылык) – 1) Байыркы Римде императорлор тарабынан элге берилген ар түрдүү жеңилдиктер (карыздан куткаруу, алык-салыктан бошотуу, наам берүү
ж. б). 2) Батыш Европада алгачкы о. кылымда адм. же аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн король же ири жер ээси тарабынан белгилүү мөөнөткө берилүүчү сыйлык (көбүнчө жер түрүндө). Б. Франк мамлекетинде Карл Мартеллдин бенефициялык реформаларынан кийин тарала баштаган. Акырындап убактылуу пайдаланылуучу жерлер түбөлүк мураска бериле баштап, Б. феодалдык менчикке – феодго айланган. 3) Католик чиркөөсүндө дин кызматкерин кирешелүү кызмат берип сыйлоо.