БЕНЗОЛ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕНЗО́Л , С6Н5 – ароматтык углеводороддор-
Б. суу м-н азеотроптук ара-
лашманы берет. Эгерде Б-дун ядросунда бир суутек атому башка атомго же атом топторуна орун алмашкан болсо, кийинки орун алмашуучу атом же атом топтору ядродогу атом же атом топторунун табиятына жараша орто, пара же мета абалына багытталат. Б-дун ядросу окистенүү реакциясына туруктуу. Жогорку темп-рада V2O5тин таасири астында кычкылтек м-н малеин к-тасына чейин окистенет. Б. кокс газынан, кокс чайырынан ж-а катализатордун катышуусунда алифат бирикмелерди дегидрлөөдөн алынат. Б. – хим. өнөржайы үчүн эң маанилүү зат. Боёк өндүрүү өнөржайында, дары-дармек алууда аралык зат, лак өндүрүүдө эриткич катары колдонулат. Б-дун буусу борб. нерв системасына таасир тийгизет. Б. м-н узак убакытка иштөөгө туура келсе, кан курамынын өзгөрүшүнө алып келет.
Ад.: Нейлонд О. Я. Органическая химия. М., 1990.
Ж. Медетбекова.