БЕРДЯЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕРДЯ́ЕВ Николай Александрович (6.3.1874, Киев – 24.3.1948, Франция, Кламар) – орус ди­ний философу. Дворяндардын үйбүлөсүнөн чык­кан. Киев ун-тинде окуган. Окуп жүргөн жыл­дары социалдык-демокр. кыймылга катышып, репрессияга кабылган. 1922-ж. Сов. Россиядан куулган. 1925–40-жылдан Францияда жашап, «Жол» аттуу диний-филос. журналды негиздеп, чыгарып турган. «УМСА – Press» («Жаштардын христиан союзу») басмасын жетектеген. Ал мар­ксизмден диний экзистенциализм ж-а персона­лизм рухундагы эркиндик ж-а инсан философия­сына өтөт. Эркиндик, рух, инсан ж-а чыг-лык, жамандык, кыйноо ж-а кулчулук өкүм сүргөн дүйнөгө, зарылчылыкка каршы коюлат. Б-дин пикири б-ча тарыхтын маңызы, аны тарыхый мезгилден сырткары мистикалык түшүнүүдө жатат. Анын «Чыгармачылыктын маңызы», «Орус идеясы», «Эркин рухтун философиясы» ж. б. эмгектери белгилүү.