БЕРИЛЛ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕРИ́ЛЛ (гр. beryllos) – силикаттар тобундагы минерал. Хим. формуласы Bе3Al2 [Si6O18]. Гекса­гон сингониясында кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 7,5–8. С. салм. 2,6–2,8. Ай­нектей жалтырак. Өңү ар түрдүү: көгүлтүр түстөгү­сү – аквамарин, жашылы – изумруд, саргычы – гелиодор, кызгылты – воробьевит, мала кызгылт же түссүзү ростерит деп аталат. Негизинен пег­матитте, грейзенде, скарнда кезигет. Б. – берил­лий алынуучу негизги кенташ. Кээ бир кооз түрү кымбат баалуу асылташ катары колдонулат.