БЕРИЛЛИЙ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕРИ́ЛЛИЙ (Berillium), Be – элементтердин мезгилдик системасынын 2-тобунан орун алган хим. элемент, ат. м. 9,0122, ачык боз түстөгү, жеңил металл. Туруктуу бир изотобу 9Be бар. 1798-ж. француз химиги Л. Воклен берилл минералынын курамынан тапкан. Металл түрүндөгү Б-ди 1-жолу 1828-ж. нем. химиктери Ф. Ве-
лер ж-а А. Бюсси бир убакта Б. хлоридин калий м-н калыбына келтирүүдөн алган. Ал – сейрек учуроочу элемент. 1285°Сде эрип, 2790°Сде кайнайт. Металлдардын ичинен жылуулук сыйымд. ж-а өткөргүчтүгү жогору, электр каршылыгы төмөн, морт металл. Хим. бирикмелеринде 2 валенттүү; хим. жактан абдан активдүү, бирок оксидинин (BeO) жука кабыгы м-н капталган абалда туруктуу. Плавик, туз, суюлтулган күкүрт к-таларында эрийт. Концент. ж-а суюлтулган HNO3 м-н жогорку темп-рада гана аракеттенет. Суутек м-н түздөн-түз кошулбайт.
Жогорку темп-рада көпчүлүк металлдар м-н кошулуп, бериллиддерди, азот м-н нитридди Be3N2, көмүртек м-н карбидди Be2C, галогендер
м-н галогениддерди пайда кылат. Гидроксиди
Ве(ОН) начар негиз, амфотердүү касиетке ээ.
Көпчүл2үк туздары сууда жакшы эрийт. Начар эриген туздарына фосфаты Be3(PO4)2·XH2O кирет. Б. туздарынын эритмелери гидролиздин натыйжасында кычкыл чөйрөгө ээ болот. Ал берилл минералынан алынган Б. фторидин Mg м-н калыбына келтирүү, Б. хлориди м-н натрий хлоридинин аралашмасын электролиздөө м-н алынат. Түрдүү куймаларды алууда, атом реакторлорунда, авиация ж-а космос техникасында колдонулат. Б-дин кычкылтек м-н бирикмеси ВеО ак кристалл зат, сууда эрибейт, к-талар, жегичтер м-н туздарды пайда кылат. Отко чыдамдуу тигель, карапа даярдоо үчүн, ядролук реактордо, орг. синтезде катализатор катары колдонулат.