БЕРКЛИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕ́РКЛИ Жордж (12.3.1685, Ирландия, Килкен­ниге жакын – 14.1.1753, Оксфорд) – анг. фило­соф. Клойндо (Ирландия) епископ болгон. Б. ар түрдүү заттардын негизи материя деген түшүнүк бардык чаташуулардын түйүнү деп билип, аны төгүнгө чыгарууну өзүнө максат кылып койгон. Ал объективдүү дүйнө өзүнчө жашабайт, субъек­ттин сезимдеринен гана турат, ар кандай таа­нып-билүү сезүүдөн башталат, аны бизге сезүүбүз берет деп, нерсе м-н көрүнүштөрдүн объективдүү жашоосун танат. Анын ою б-ча нерселер – түшүнүктөр, ал эми түшүнүктөр акыл-ойдон тышкары боло албайт. Мына ушундан келип «бар болуш – бул кабыл алыныш» деген жобо­сун сунуш кылат, динди актап, «жаратылыш­тын закондорун» Кудайдын жасаган эрежеси, анын эч бир объективдүү мазмуну жок деп түшүндүрүүгө аракеттенет. Б-нин философиясы материализмди жокко чыгарып, динге маани берген.

Ж. К. Асанов.