БЕРЛИН ДУБАЛЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕРЛИ́Н ДУБАЛЫ – Батыш ж-а Чыгыш Берлинди бөлүп келген дубал. 1949-ж. Германиянын аймагында эки мамлекеттин Германия Федеративдүү Респ-нын (ГФР) ж-а Германия Демокр. Респ-нын (ГДР) түзүлүшү м-н Батыш Берлин ГДРдин аймагындагы анклавга айланган. ГДРдеги тоталитардык режимге нааразы болгон немистер Чыгыш Берлинден Батыш Берлинге, андан ары ГФРге өтүп кетүүгө аракеттенишип, 1945–61-ж. аралыгында 3 млндон ашык адам эмиграцияга кеткен. Б. д. 1961-ж. Берлин кризисинин учурунда Германия Демокр. Респ. тарабынан тургузулган ж-а катуу кайтарууга алынган. ГДР м-н ГФРдин биригүүсүнөн (3. 10. 1990) кийин, Б. д. өз маанисин жоготкон ж-а 1991-ж. толугу м-н алынып салынган.